Чабандар жакында малды да лизингге ала баштайт

Кыргызстанда 10 миллион гектар жайыт бар.
Image caption Кыргызстанда 10 миллион гектар жайыт бар.

Суусамыр жайлоосунда малчылардын V республикалык жыйыны өтүүдө. Тогуз жылдан бери биринчи жолу өтүп жаткан чогулушта жайыттарды рационалдуу пайдалануу биринчи кезектеги маселе болуп каралды.

Андан тышкары асыл тукум малдарды көбөйтүү тууралуу сөз болуп, малчылар көптөн бери чечилбей жүргөн көйгөйлөрдү өкмөт мүчөлөрү менен биргеликте талкуулашты. Суусамырга республиканын бардык аймактарынын фермерлери чогулган.

Image caption Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев.

«Уяң жүндүү ак койлор, сүт жана эт багытындагы уйлар, жылкылар аукционго коюлду. Малчылар бири-бири менен тукум алмашып, андан тышкары келимиш жолу аркылуу дагы сатып алып жатышат. Иш-чаранын алкагында малчылардын ортосунда кызматташтыкты жандантууга дагы шарт түзүлөт»,-дейт айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев.

Уларбек Абдрасулов 25 жылдан бери Кочкор районунун Шамшы айылында асыл тукум фермердик заводун жетектейт. Ал жалаң уяң жүндүү койлорду өстүрөт. Тажрыйбалуу чабан учурда малдын этинен башкасы баа болбой калганын айтат. Ал койлордун жүнүн жана терисин болор-болбос гана акчага сатат. Ошондой эле жайыт маселеси дагы малчылар үчүн олуттуу көйгөйлөрдүн бир дейт ал.

"Узак убакыттан бери пайдаланбай келген алыскы жайыттардын баарына ошол жердеги айылдар ээлик кылып алган. Жайыт талашып урушкан учурлар көп болот. Жайыт комитети, өкмөт маселени тыкыр көзөмөлдөп, карта менен чечип бериши керек да. Бул багытта биздин өкмөттүн иши чабал болуп жатат",- дейт Уларбек Абдрасулов.

Чабандардын V республикалык жыйынында башкы маселе болуп талкууланган жайыт көйгөйлөрүн өкмөт жакын арада чечип берүүнү убада кылды. Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев Би-Би-Сиге, жайыттарды жөнгө салуу үчүн календардык план боюнча иш жүрүп жатканын айтты.

"Кыргызстанда күтпөгөн жайыттар деградация болуп кеткен. Учурда жайыт башкарууну окутуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Бул багытта атайын долбоорлор иштелип чыгып, ишке ашырылып жатат",- деди ал.

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 10 миллион гектар жайыт бар. Бирок малдын санынын көбөйүшү менен малчылар арасында жайыт талашкан учурлар көп катталууда. Учурда өлкөдө 1 миллион 700 миңге чукул бодо мал балсо, койлордун саны алты миллионго жакын.

Бирок мунун барын таза кандуу деп айтууга болбойт. Айыл чарба министрлиги таза кандуу, асыл тукум малдарды көбөйтүүгө өзгөчө басым жасоодо. Учурда бул багытта Кыргызстанда 147 атайын чарба, 4 завод жана 12 ферма иш алып барат. Ошондой эле министрлик чабандарга лизинг менен мал берүү жагын караштырууда.

Тектеш темалар