Орду толгус жоготуу: кыргыз журналистикасы Уланбек Эгизбаевден айрылып калды

Бишкек жана Ош шаарларында "Азаттык" үналгысынын журналисти Уланбек Эгизбаевди эскерген митинг-реквием өттү.

Сүрөттүн автордук укугу azattyk

28 жаштагы белгилүү журналист 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн жеринен сууга чөгүп каза тапты. Соттук-медициналык экспертизанын баштапкы тыянагында журналисттин сууга чөгүп көз жумганы айтылат.

Журналисттин өлүмү бүтүндөй өлкөнү кайгыртты. Президент жана парламент, өкмөт башчысы журналисттин жакындарына жана кесиптештерине көңүл айткан билдирүү жасады.

Сүрөттүн автордук укугу azattyk
Image caption "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинде өткөн эскерүү митингиси

"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинде өткөн эскерүү митингисине экс-президент Роза Отунбаева баш болгон мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, парламент өкүлдөрү, жарандык активисттерден тартып, журналисткадагы кесиптештери чогулду.

Уланбек Эгизбаев кыргыз коомчулугуна курч журналисттик иликтөөлөрү менен белгилүү болгон таланттуу журналист эле. Соңку айларда эле "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсү аркылуу өлкөдөгү коррупцияга байланышкан резонанстуу бир нече иликтөөлөрдү эфирден алып чыккан.

Сүрөттүн автордук укугу facebook

Коомдук сайттарда Уланбек Эгизбаевди жоктогон миңдеген билдирүүлөр жазылып, жакындарына көңүл айтып жатышат. Уланбек 28 гана жашта эле. Ал жаш экенине карабай кыргыздын кыйырына таанылган, элдин эсинде адилеттүүлүк жана акыйкат, чындык үчүн күрөшкөн эр жүрөк журналист катары калды.

Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков журналисттин жакындарына жана кесиптештерине көңүл айткан кайрылуусунда:

"Маркум Уланбек Эгизбаев жаштыгына карабастан, мааниси терең, далилдүү фактыларга таянган журналисттик иликтөөлөрүндө коомдогу курч маселелерди көтөрүп, өлкөнү мите курттай соруп келаткан коррупцияга каршы күрөштө мамлекетибизге чоң колдоо көрсөтүп келди. Ал өз материалдарынын социалдык, моралдык жана саясий натыйжалары үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала билген кесипкөй калемгер болчу",-деп белгиледи.

Уланбек Эгизбаев жекшемибде Ысык-Көлдө эс алып жүргөн жеринен сууга чөгүп каза тапты. Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча иликтөө жүрүп жатканын кабарлады. Соттук-медициналык экспертиза журналист сууга чөгүп каза тапты деген корутунду чыгарды. (AbA)

Тектеш темалар