Турсунбеков: Куткаруучулар деле алаксып калышы ыктымал

Бирок өлкөдөгү сууга түшүүчү жайларда коопсуздук маселеси жетиштүү деңгээлде чечилген эмес.
Image caption Бирок өлкөдөгү сууга түшүүчү жайларда коопсуздук маселеси жетиштүү деңгээлде чечилген эмес.

Жайдын башынан бери Кыргызстанда элүү беш киши сууга чөгүп каза болгон, алардын он жетиси бала. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Сууга чөгүп каза болгондордун басымдуусу Чүй облусунда катталган.

Жогоруда айтылып жаткан сан бир гана ӨКМга келип түшкөн кайрылуулардын негизинде алынган. Ал эми жалпы жонунан сууга чөгүп каза болгондордун саны андан дагы көп болушу мүмкүн.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде сууга чөгүп каза болгондордун так саны жок. Анткени ачык көлмөлөрдө, пансионаттарда, бассейндерде жана башка эс алуучу жайларда ӨКМнын куткаруучулары иш алып барбайт. Эс алуучулардын коопсуздугу үчүн сууга түшүүчү жайдын кожоюндары куткаруучулар жана куткаруу шаймандары менен өздөрү камсыз кылат",- деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Элмира Шерипова.

Жарандардын сууга түшүү коопсуздугун камсыздоо бир гана ӨКМга тийиштүү иш эмес. Жайкы эс алууга байланыштуу бул багытта өкмөт башчынын атайын буйругу чыгып, тиешелүү органдарга тапшырма берилген. Аталган маселе боюнча министрлик Жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте майда өлкө боюнча сууга түшүүчү жайларды кыдырып, профилактикалык иштерди жүргүзгөн.

"Мыйзамга ылайык биз көзөмөл жүргүзө албайбыз. Бирок бардык ачык көлмөлөрдү, пансионаттарды, бассейндерди кыдырып, кооптуу жайларга белгилерди орнотуу боюнча тапшырмалар берилген. Жарандардын суудагы коопсуздугу комплекстүү иш алып баруучу маселе. Бардык билик бутактары иш алып барышы керек. Бир гана ӨКМга жүктөлгөн эмес",- деди Элмира Шерипова.

Бирок өлкөдөгү сууга түшүүчү жайларда коопсуздук маселеси жетиштүү деңгээлде чечилген эмес. Айрым пансионаттарда эскертүү белгилери дээрлик жокко эсе. Ошондой эле куткаруучулардын шалаакалыгы жана алардын ишине болгон көңүл коштугу боюнча дагы айтылган сындар арбын.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков.

"Бизде "Акун" пансионатында 3 куткаруучу бар. Алар жыл сайын куткаруу иштери боюнча ӨКМнын окуусунан өтүп турушат. Ар бир пансионаттын жетекчилиги тарабынан куткаруучулар көзөмөлгө алынып турат. Алар сөзсүз түрдө өзүнүн жол жобосу боюнча иш кылат. Куткаруучулар деле алаксып калышы ыктымал. Бирок пансионаттар эртеңки күнү кеп угуп калбайлы деп колунан келишинче коопсуздук чараларын камсыздоого аракет кылат",- деди Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков.

Жыл сайын жайкы эс алуу мезгили башталганда сууга түшүүдөгү коопсуздук чараларын күчөтүү зарылдыгы боюнча талаптар коюлат. Бирок олутту деле иш аткарылбай келет. Айрыкча журналист Улан Эгизбаев сууга чөгүп каза болгондон кийин бул багытта тиешелүү мекемелердин ишин сынга алгандар мурдагыдан дагы көбөйдү.

КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев Твиттердеги баракчасына өкмөт бул маселенин тезинен чечиши керек экенин жазып чыкты. Бекешев көл жээктерине эскертүү такталарын илип, кооптуу жайларды тосуп, жергиликтүү пансионаттардын жоопкерчилигин күчөтүү менен биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча роликтерди байма-бай жайылтуу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле жарандар пляждарда акы төлөп эс алып жаткандыктан коопсуздук маселесине биринчи кезекте көңүл бурулушу керек дегендер дагы арбын.

Тектеш темалар