Уланбектин күрөшү уланат

Уланбектин өлүмүн ар кандай жоруп, жашы кургабай турган айылдаштары отузга чыкпай оо дүйнө кеткен уулун жараткан өзү жакшы көрүп, эртелеп арабыздан алып кетти деп аргасыз өздөрүн соороткондой
Image caption Уланбектин өлүмүн ар кандай жоруп, жашы кургабай турган айылдаштары отузга чыкпай оо дүйнө кеткен уулун жараткан өзү жакшы көрүп, эртелеп арабыздан алып кетти деп аргасыз өздөрүн соороткондой

Журналист Уланбек Эгизбаев кичи мекени Кочкордун Көк-Жар айылында жерге берилди.

28 жашында капилет ажал тапкан таланттуу журналист менен коштошуу зыйнатына экс-президент Роза Отунбаева баштаган жоон топ саясатчылар, коомдук ишмерлер, жарандык активисттер жана кесиптештери, алыс-жакындан келген күйөрмандары катышты.

Муңканган кошок Уланбекти жоктоп, өксүгөндөрдүн муун-жүүнүн бошотуп турду. Бир жагынан, Уланбектин курчтугун, зиректигин, чындыкка чыркыраган адилеттүүлүгүн даңктап көптөрдү чыйралытты.

Айтылуу төкмө акын Азамат Болгонбаевдин аткаруусундагы каңырык түтөткөн жоктоо жөн эле жазыла калбаганы туурулуу иш. Далай эскерүү, арман ырларын жазган менен автор, акын Мирлан Самыйкожо: "айтайын десем ой келбей, айтпайын десем эрк жетпей катуу түйшөлдүм" дейт.

Ал Уланбекке арнап кошок жазуу үч уктаса түшүнө кирбегенин айтып, мындан да оор, мындан да ачуу жазып эскерүүгө Уланбек татыктуу экенин, бирок заманасы куурулуп турган жакындарын ого бетер кайгынын казанына салып албайын деп абайлаганын айтып, улутунду.

Уланбектин өлүмүн ар кандай жоруп, жашы кургабай турган айылдаштары отузга чыкпай оо дүйнө кеткен уулун жараткан өзү жакшы көрүп, эртелеп арабыздан алып кетти деп аргасыз өздөрүн соороткондой.

Image caption Эми Уланбек, өзү ашыгып келчү Көк-Жарынын этегинде түбөлүк жай тапты...

"Түбүң түшкүр дүнүйө... Болгону жыйырма сегиз жаш, эмне деген жаш?! Бул орустун улуу калемгери Лермонтовдун жашы менен жашташ экен. Лермонтовдун чыгармасындагы элине жакшылык тилеген, караңгыдан жарык издеген каармандай болуп Улан да бүт өмүрүн элге арнады. Анын атын көчөгө же маданий мекемелерге берүү жагын ойлонуп жатабыз. Кош уулум, кош окуучум Улан",- деп буркурады мугалими Асанкул Кадыракунов.

Image caption "Уландын эл күтүп, самап келген иштерге коркпой, баатырдык менен батыл киришкени өзгөчө сыйга арзыйт", - дейт "KyrgyzConcept" компаниясынын негиздөөчүсү Эмил Үмөталиев

"Тирүү өлөт жердин коюну жатагы,

"Изи калат болсо жакшы атагы",- деп улуу ойчул Жусуп Баласагын жазгандай, Уландын артында көөнөрбөс эмгек, нускасы калды.

"Улан дагы жашаганда коомду тазартмак. Адилеттүү, таза коом түзүш үчүн Уландай адам керек эле",-деди Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев.

Image caption Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев

"Коомго толук кандуу аралашкысы келген кичинекей бала тууралуу баяныбы же көзгө сайса көрүнгүс караңгыда туруп алып, билим тараткысы келген мугалим жөнүндө эмгегиби баары анын өзгөчө сезимтал экенин далидеп турат. Эл күтүп, самап келген иштерге коркпой, баатырдык менен батыл киришкени өзгөчө сыйга арзыйт. Улуу-кичүү, бийлиги бар, жогуна карабай калыс кебин айтып өттү. Ал ушунусу менен эл оозунда баатыр атыгып калды. Өкмөт ага мындай расмий буйругун чыгарабы жокпу баарыбир анын аты өчпөй тургандай болду. Уландын аты өчпөйт, ал уланат, токтобойт, жалындайт. Муну артынан улачулар чыгат. Улан, улан деп чакырык таштагандар күн сайын арбыйт", - дейт "KyrgyzConcept" компаниясынын негиздөөчүсү Эмил Үмөталиев.

Image caption "Уландын аты өчпөйт, ал уланат, токтобойт, жалындайт. Муну артынан улачулар чыгат. Улан, улан деп чакырык таштагандар күн сайын арбыйт", - дейт "KyrgyzConcept" компаниясынын негиздөөчүсү Эмил Үмөталиев.

Уланбек Эгизбаев мындан бир апта мурун "Фейсбуктагы" баракчасына өз айлында чөп чаап жаткандагы сүрөтүн чыгарган эле. Кесиптештери Уланбек ар дайым апта соңунда ата-энесине, өзү чоңойгон айылга шашып жөнөп калчу эле деп эскеришет. Эми Уланбек, өзү ашыгып келчү Көк-Жарынын этегинде түбөлүк жай тапты...

Бирок, анын күрөшү, акыйкатка, адилеттүүлүккө умтулган жигери, бакубат коом күруу кыялы өлгөн жок. Уланбектин күрөшү уланат.

Тема боюнча башка макалалар