Жаманкулов: Быйыл туризм жылдагыдан дагы жакшы өтүүдө

  • Венера Алымкул кызы
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Ысык-Көл облусу боюнча 300 пансионат жана эс алуучу үйлөр бар.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ысык-Көл облусу боюнча 300 пансионат жана эс алуучу үйлөр бар.

Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл өлкөдө суу туризми кыйла жакшы өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин улам белгилүү болду. Бирок келген туристтер үчүн өлкөнүн жана эс алып жаткан жайлардын коопсуздугу чоң мааниге ээ.

Туристтер эң көп келген жайлардын бири болгон Ысык-Көл облусу боюнча 300 пансионат жана эс алуучу үйлөр бар. Бирок алардын сексенинде гана окутуудан өткөн жана сертификат алган куткаруучулар иштейт. ӨКМ тарабынан жалпы 117 куткаруучу окуудан өтүп, тиешелүү документке ээ болгон. Мына ушул окуудан өткөн куткаруучуларды куткаруучусу бар делген сексен пансионатка бөлгөндө бирден, айрым жерлерге экиден гана туура келет экен. Ал эми жүздөгөн кишилер эс алып жүргөн көл жээгинде, албетте бул жетишсиз.

"Кыргызстандагы пансионаттар сууда сүзүү жана коопсуздук эрежелери боюнча өкмөттүн атайын токтому менен иш алып барат. Токтомго ылайык, ар бир пансионат куткаруучулар, медициналык кызматкерлер жана ушул сыяктуу керектүү адистер менен камсыз болууга тийиш. Суу туризми башталаар алдында биз текшерүү иштерин жүргүзөбүз. Жогоруда айтылган жана башка талаптарга жооп бербеген пансионаттарга иштөөгө уруксат берилбейт",- дейт ӨКМнын өкүлү Рыспек Жолдошбаев.

Бирок алардын андан аркы ишмердигин ким көзөмөлгө алат? - деген суроо жаралат. Анткени ӨКМ, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция көзөмөл жүргүзүү укугуна ээ эмес экенин айтты. Ал эми айыл өкмөтүнө караган жээктерди пансионаттар ижарага алып ишткендиктен аларда дагы мындай укук жок.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

ӨКМнын авариялык куткаруу иш чараларын өткөрүү жана жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Рыспек Жолдошбаев.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көзөмөл жүргүзүү укугуна ээ эмес. Текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн протоколдор түзүлүп, атайын инспекциялар иш алып барышы керек. Бизге андай укук берилген эмес. Ишкерлерди текшерүү боюнча атайын белгиленген тартип бар. Биздин министрлик алдын алуу жана куткаруу жумуштарын гана жүргүзө алабыз",- дейт Рыспек Жолдошбаев.

Ысык-Көл жээгиндеги пансионаттардагы коопсуздуктун начарлыгы келген туристтерди дагы иренжитпей койбойт. Айрыкча акыркы окуядан кийин өлкөдө суу туризми имиджин булгап алышы ыктымал дегендер четтен чыгууда. Өлкөдө туризмдин имиджин сактоо пансионаттардын эмес, мамлекеттин милдети дегендер дагы жок эмес. Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жаманкулов быйыл Ысык-Көл жээгине эс алууга келгендердин саны өткөн жылга салыштырмалуу көп экенин айтты.

"Бүгүнкү күндө пансионаттар толуп турат. Өзгөчө өткөн жума эс алуучулар абдан көп болду. Статистикалык маалыматтар чыга элек. Сандык көрсөткүчтөр сентябрда берилет",- деди ал.

Өлкөнүн көлмөлөрүндө коопсуздукту камсыздоо маселеси боюнча өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев дагы жумушчу кеңешме өткөрүп, курорттук мезгилдин башталышы менен суудагы кырсыктардын саны өсүп жатканын айтты. Премьер-министр мамлекеттик органдар тарабынан тийиштүү көзөмөлдүн жоктугу жана пансионаттар менен эс алуу үйлөрүнүн ээлеринин шалаакы мамилеси жарандардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч алып келип жатканын баса белгиледи. Мухаммедкалый Абылгазиев ар бир жээкте атайын окутулган адамдар күзөттө турган куткаруу секилерин орнотууну сунуштады. Мындан тышкары куткаруучулар ыкчам жетүү үчүн сууга түшүү аймагын чектөөнү талап кылды.

Ошодой эле 3-августка белгиленген Координациялык кеңештин отурумунда дагы жарандардын суудагы коопсуздук маселеси талкууланмай болду.