Эсенбай Нурушев: Биздин жарандык коом саясий оппозицияга окшойт

  • Абдыбек Казиев
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Э. Нурушев: Жарандык коом деген баардык жагынан жетилген адамдардын уюму. Экономика, саясат, маданият, укук жагынан аң-сезими абдан жогору адамдардан куралышы керек. А бизде мамлекет өзү андай деңгээлге жетпей жатса жарандык коом ага кайдан жетсин?

Сүрөттүн булагы, Pressident.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Э. Нурушев: Жарандык коом деген баардык жагынан жетилген адамдардын уюму. Экономика, саясат, маданият, укук жагынан аң-сезими абдан жогору адамдардан куралышы керек. А бизде мамлекет өзү андай деңгээлге жетпей жатса жарандык коом ага кайдан жетсин?

Президент Сооронбай Жээнбековдун жарандык коомдун айрым активисттери менен жолугушуусу дагы деле талкуунун чордонунда.

Жолугушууну айрымдар абдан жакшы саамалык катары баалашса, дагы бирлери буга ичи чыкпай турган чак. Чакырылгандардын басымдуусу президент ар биринин сунушуна атайын убакыт бөлүп, чечилип сырдашты деген пикирде. Кээ бир интернет колдонуучулар жолугууга барган 40 кишинин тизмесин ким түздү деген суроону кабыргасынан коюшкан.

Би-Би-Си белгилүү публицист, коомдук ишмер Эсенбай Нурушевге кайрылып, кандай жыйынтык күтүүгө болот деп сурады

Э. Нурушев: Жарандык коомдун өкүлдөрүбүз деп жүргөн активисттер менен президенттин жолукканы жакшы. Алардын ой-пикирин билейин дегени кубандырат. Муну колдошубуз керек. Азыр ар түрдүү кеп-сөздөр болуп атканда жок эле дегенде угуп, калктын, ошол активисттердин арасында эмне кеп сөз болуп атканын билип коюу жаман эмес.

Ал эми жарандык коом дегендин өзү эмне дегенге келе турган болсок, бул абдан татаал маселе. Жарандык коомдун таржымалын изилдеп көрсөк, ал буржуазиялык революцияларга барып такалат. Жарандык коомго өкмөткө жүгүн артпай, биринчи кезекте өзү жеке менчикке ээ болуп, дал ошол менчиги аркылуу өз укуктарын коргой билген калктын катмары кирген.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Белгилүү публицист, коомдук ишмер Эсенбай Нурушев

Жарандык коом дегендин өзү эмне, ал кандай милдет аткарат деген суроолорго менимче Гегелден артык эч ким аныктама бербесе керек. Убагында Карл Маркс да аныктама чыгарган. Бирок ал негизинен тап күрөшүнүн позициясынан караган экен. А Гегель болсо мамлекеттин көзүн карабай, аны менен теңтайлаш, өзү таап оокатын кылган адамдардын тобун айткан. Гегель ал тургай сот системасын да жарандык коомдун структурасына киргизген. Эмнеге дегенде сот - жалпы элдин, жарандардын укугун мамлекеттин алдында коргой турган орган дейт.

Андан бери эми көп мезгил өттү. Мен азыр түшүнбөй калдым. Чалмакей болуп кетти. Мына Кыргызстанды алсак, жарандык коомбуз дегенден көп нерсе жок. Булар кайдан пайда болду?

Батыш жарандык коомду өнүктүрөбүз деп грант бөлүп атып жаман көндүрүп алды окшойт деп ойлойм. Бул өзү коммерциядан тышкары уюм болушу керек.

Би-Би-Си: Сиз Гегелдин аныктамасын айтып калдыңыз. Ошол көз караштан алып караганда бизде жарандык коом кандай деңгээлде турат?

Э. Нурушев: Бийлик кандай болсо, жарандык коом дал ошондой болот. Бизде жалаң эле узурпация менен жашаган бийлик болду. Баш мыйзамда, мыйзамдарда көрсөтүлгөн чек араларды бийлик билбейт. Бийлик болгон соң баарына кирише берсем болот, ал менин укугум деп түшүнөт. Жарандык коом да дал ошону үйрөндү. Кайда, эмне, кандай гана маселе болбосун баарына кийлигишет. Керек болсо саясатка да аралашат. Укук коргоо деген уюмдар чыкты. Дал ошол укук коргоо дегенге жамынып алып, бардык маселени арты-артынан козгой берет. Ал эле эмес, жалпы жарандык коомдун атынан андай же мындай деп да чыгышат. Аны билдирүүлөрүнөн окуп, көрүп жүрбөйбүзбү. Мына сиз экөөбүз да жарандык коомдун мүчөсүбүз. Бирок биздин пикирди сурамжылап билбей туруп эле баарыбыздын атыбыздан сүйлөп коюшат. Мындай болбойт. Алар жеке өз атынан же уюмунун атынан сүйлөшү керек.

Би-Би-Си: Бул жүрүш канткенде, качан ак-кара болуп иргелет?

Э. Нурушев: Жарандык коом деген баардык жагынан жетилген адамдардын уюму. Экономика, саясат, маданият, укук жагынан аң-сезими абдан жогору адамдардан куралышы керек. А бизде мамлекет өзү андай деңгээлге жетпей жатса жарандык коом ага кайдан жетсин?

Жарандык активистмин, ал-бул дегендердин айткандарын карап олтуруп таң каласың. Булар кийлигишпеген маселе калган жок. А чынына келгенде, өкмөт турсун эч кимге жүгүн артпай, бул жагы Москва, ары жагы андан ары барып, өзүн эле эмес, үй-бүлөсүн кошо багып аткандар жарандык коомдун чыныгы мүчөлөрү. Себеби кандайдыр бир өтө эле чукул иш чыгып калбаса мамлекет алар менен иши да жок. Өз киндигин өзү кескендер.

Жарандык коом мамлекетке каршы же аны бүлүндүрө турган күч эмес, ага тең тайлаш, керек болсо ага жардам бере турган катмар экенин түшүнүү абзел. А бизде азыр андай боло албай турат. Кыргызстанда жарандык коом абдан күчтүү, өнүктү деп жатат. Менимче, андай эмес. Эгер позициясын, аракеттерин талдап көрсөңөр саясий оппозициянын эле белгилерин табасыңар.

Жарандык коомдун кубаты абдан маанилүү. Ал бийлик, өкмөт көңүл бурбай көз жаздымда калтырып аткан маселелерге айныксыз далил, күчтүү аргумент менен көңүл бурдуруусу зарыл.

Би-Би-Си: Президент жарандык коомдун айрым активисттери менен жолуккан учурда коррупцияга каршы күрөштө аларды өнөктөш катары көргүсү келээрин билдирди. Мамлекет башчысы муну менен эмнени айткысы келди, алар менен кантип кызматташса болот?

Э. Нурушев: Жарандык коом коррупцияга каршы күрөшкө кире турган болсо, ага төп келген укуктук механизм болушу керек. Болбосо, алар тигил же бул чиновникке кантип чара көрүп, кантип жазалай алат? Мындай күч бир гана бийликтин колунда болот. Эгер чындап эле бийлик коррупциядан арылгысы келсе анда бийлик биринчи кезекте өзүн тазалашы керек. Капчыктуулар эле келип алып, бийликтин кычык-кучугуна чейин өз тааныштарын алып барып коюп атпайбы. Кокус бул мындай адам эле, мындай иш кылган деп ким бирөө жазып чыкса, андай эмес, мындай деп бийлик актап жатат. Таза иштеген деген жүйөнү билдигиси келет.

Өнүккөн, туркташкан өлкөлөрдө кызматта турган же кызматка келип аткан адамга байланышкан шектүү маалымат чыкса, болбоду дегенде ошонун ак, карасы такталганча кызматтан кетип жатат. Илгери Салижан Жигитов "Бизде бийлике бир келип алса, аны атып эле түшүрбөсөң өзү кетпейт" дечү эле. Ошондуктан бринчи кезекте бийликке түшүнүгү өтө кенен, маданияттуу, кыраакы, иш билги адамадар иргелип келиши керек. Бул абдан маанилүү. А коррупцияга каршы күрөштө кызматташалы деген соң, ийне-жибине чейин такталган тартип менен иш кылбаса болбойт. Чуру-чуу түшүп, далили жок эле чыга турган болсо, мамлекетке, туруктуулукка зыянынан башка пайдасы тийбейт.