Жээнбеков: жакшы жигит жакшы мэр болот дегенди түшүндүрбөйт

Бишкек мэрин шайлоо 8-августка дайындалды.
Image caption Бишкек мэрин шайлоо 8-августка дайындалды.

Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция жабык жыйында Азиз Суракматовдун талапкерлигин шаар башчылыгына сунуштады. Суракматовго атаандаш талапкерлер ким болоoру азыр белгисиз.

Шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаевдин айтымында, талапкерди тандоодо мэрияда иштеген көп жылдык тажрыйбасы дагы эске алынды:

"Азиз Суракматов шаар үчүн бөтөн киши эмес. Ал Бишкектеги көп көйгөйлүү маселелерди түшүнөт, билет. Шаардын аткаруу бийлиги жана шаардык кеңеш менен тыгыз иш алып барган киши катары, ишке көзү жетет. Ошон үчүн ага ишеним көрсөтүп, талапкерлигин алып чыктык".

Азиз Суракматов деген ким?

Image caption Азиз Суракматов Жогорку Кеңештин, Бишкек шаардык кеңештин депутаты болгон, шаардык кеңешти башкарган.

Азиз Суракматов 1971-жылы 22-ноябрда Бишкекте төрөлгөн. Кыргыз архитектуралык-курулуш институтун жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

Эмгек жолун 1994-1995-жылдары "Ак Шоола" ишканасында өндүрүш мастери болуп иштөөдөн баштаган.

"Кыргыз керектөөчүлөр союзунда", "Бишкек башкы архитектура" ишканасында дагы эмгектенген.

1999-2000- жылдары "Консалтингдик- эксперттик фирма" ишканасынын директору болгон.

2002-2008- жылдары "Бишкек башкы архитектура" ишканасында башкы архитектордун орун басары кызматын аркалаган.

2000-2002- жылдары Бишкек мэриясынын бөлүм башчысы жана башкы адиси болуп иштеген.

2008-2010- жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты жана төрагасы болгон.

Ал эми 2010- жылы Жогорку Кеңешке "Ата-Журт" партиясынан депутат болуп келген.

Учурда Социал-демократтар партиясынын тизмесинде.

Суракматов коомдун сынына кабылууда

Азиз Суракматов курулуш компаниясына байланыштуу ызы-чууга аралашып жүргөнүн жарандык активисттер көтөрүп чыгууда.

" Азиз Суракматов менен беш жыл чогуу иштегем, ал жакшы жигит. Бирок жакшы жигит, жакшы мэр болот дегенди түшүндүрбөйт. ЖКда беш жыл ичинде Азиздин бир дагы мыйзам сунуштаганын көргөн жокмун. Беш жыл ичинде трибунага чыгып, маанилүү маселени көтөрүп чыкканын уккан эмесмин. Бир дагы маселе үчүн күйүп-бышып чуркап, коомго, мамлекетке кызмат кылганын көргөн эмесмин. Бирок, жеке маселесин чечүүдө ал өтө активдүү",- деди Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков.

Калаа башчысынын орду эң маанилүү мамлекеттик кызматтардын бири. Ага талапкерлерди фракция, шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы жана өкмөт башчы сунуштап, шаардык кеңеш шайлайт. Мэрди шайлоонун бул ыкмасын сындагандар дагы арбын.

Саясатчы Равшан Жээнбеков шайлоодогу ачык-айкындуулукту камсыздап, чыныгы демократиялык башкарууга жетүү үчүн мэрди шаар тургундары шайлашы керек деп эсептейт.

Image caption Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков.

"Албетте, башка саясий топтордун же жарандык коомдордун өкүлдөрүнүн деле талапкерлерди жылдырууга укуктары бар. Бирок, алар эч убакта мэрликке өтпөйт. Ал мүмкүн эмес. Анткени, ал жерде эки критерий маанилүү. Биринчиси, бийлик ким үчүн баа бычып жатканы. Экинчиси, шаардык кеңеш кимге көз каранды деген маселе бар . Мына ушул эки маселеге келгенде эле бардык нерсе бийликке келип такалат. Ошондуктан сырттан келген талапкерлер өтпөйт дагы кландардын, аймакчыл жамаатардын жашыруун чогулуп сүйлөшкөн талапкерлери бийлик тарабынан сунушталып, ошол мэр болуп келет",- деди Жээнбеков.

ЖМКлар жана коомдук сайттарда калаа башчылыгына татыктуу делген бир топ саясатчылардын ысымы аталууда. Алардын арасында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев, "Республика -Ата Журт" фракциясынан депутат Марлен Маматалиев, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, мурдагы унаа жана байланыш министри Аргынбек Малабаев, мурдагы калаа башчы Нариман Түлеев сыяктуулардын ысымдары бар.

Ал ортодо Жогорку Кеңештин депутат Жанар Акаев "Фейсбук" баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, "өлкө борборун качанга чейин бай-манап, көпөстөр башкарат" деген суроону көтөрүп чыкты. Депутат Суракматов Бакиевдердин жакын санаалашы экенин жазып, Мухаммедкалый Абылгазиевден калаа башчысына иштерман жана коомдук пикир жакшы болгон талапкерди сунуштоону суранды. Бишкек мэрин шайлоо 8-августка белгиленген.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар