Беларус Башкы прокуратурасы Данияр Үсөновду берүүдөн баш тарткан

Вадим Замировскийдин сүрөтү, TUT.BY Сүрөттүн автордук укугу TUT.BY
Image caption Вадим Замировскийдин сүрөтү, TUT.BY

Данияр Үсөнов өзүнүн аты-жөнүн өзгөрткөнүнө байланыштуу, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 2017-жылдын 14-декабрында эле Беларустун Башкы прокуратурасына өтүнүч келтирип, аны кайтарууну суранган. Бул тууралуу Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кабарлады.

2018-жылдын 6-мартына Беларус прокуратурасы бул өтүнүчтү четке каккан. Ага карабай, Усөновду өлкөгө кайтаруу иштери жүрүүдө, дейт аталган мекеменин басма сөз кызматы.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов боюнча Беларуска нааразылык нота жөнөттү. Анда өмүр бою абак жазасына кесилген Үсөновдун Беларуста ишмердүүлүк жүргүзүшү эки өлкөнүн мамилесине зыян келтирери айтылып, аны Кыргызстанга кайтаруу талабы коюлду. Интернет айдыңында Үсөновдун Даниил Урицкий деген ат менен паспорт алганы кызуу талкууланып, бул экөө бир эле кишиби деген суроолор берилүүдө.

Данияр Үсөновдун үнүн кыргыздардын көбү унута элек. Ал Бакиев президент болуп турганда, өкмөттү башкарган. 2010-жылкы өлкөдөгү кандуу окуялар боюнча айыпталып, өмүр бою соттолгон.

Ошол жылы апрелде бийлик алмашкандан кийин, жети жыл бою анын карааны көрүнө элек болчу. Эки күн мурда Беларус маалымат агенттиктеринде Данияр Үсөновго абдан окшош Даниил Урицкий деген адамдын пайда болушу кыргызстандыктарды таң калтырган окуя болду.

Бул Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Үсөновду өлкөсүнө кайтарып берүү боюнча нота жиберүүсүнө да себеп болду.

"Наарызылык нотасы 28-июлда Беларустун Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Сергей Ивановго тапшырылды. Анда өмүр бою абак жазасына кесилген Үсөновдун Беларуста ишмердүүлүк жүргүзүшү эки өлкөнүн мамилесине зыян келтирери айтылып, аны Кыргызстанга кайтаруу талабы коюлду",-деди ТИМнин маалымат департаментинин директору Муратбек Азымбакиев.

Сүрөттүн автордук укугу TUT.BY
Image caption Вадим Замировскийдин сүрөтү, TUT.BY

Кыргызстан расмийлери бул окуя боюнча Беларус бийлиги мамилесин өзгөртүүсүн, аталган өлкө өзүнө алган эл аралык милдеттерин аткаруусун талап кылууда. Азырынча Минскинин расмий жообу боло элек.

Ал эми Данияр Үсөновдун мурдагы жубайы, парламент депутаты Динара Исаева жергиликтүү маалымат агенттиктерине интервью берип, сегиз жылдан бери чогуу жашабай калганын, мурда ал аты-жөнүн өзгөртүптүр деген кабар укканын, эки күн мурда интернетте тараган сүрөт Данияр Үсөновго тиешелүү экенин айтты.

Мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов башка ысым алып, Беларуста ишкерлик кылып жүргөнү мурдагы жылдары эле айтыла баштаган. Бишкектик бир нече активист аны Кыргызстанга кайтарып берүү талабы менен чыкканы коомчулуктун эсинде. Алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев да бар болчу:

"Өткөн жылы Беларустун Кыргызстандагы элчилигине барып, наарызылык акциясын өткөргөнбүз. Ошондо Данияр Үсөнов атын өзгөртүп алып, Беларустун экономикасына инвестиция салып жатканын, ал Кыргызстандын акчалары экенин айтканбыз. 4-5 жылдан бери ушул маселени көтөрүп келатабыз, жылда эле нота жибердик деп, ошол бойдон унутулуп калат. Жарандык коом, парламент, президент бул боюнча үн катышы керек, катуу талап коюу зарыл".

Мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов 2014-жылы Аскер сотунун чечими менен өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал апрель окуяларынан кийин өлкө сыртына чыгып кеткен.

Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Эльзат Кыдырмышева менен байланышканыбызда, кыргыз жарандыгынан баш тарткандар арасында Данияр Үсөнов жок экенин тастыктады. (ErA)