Байболов: Алматыда он экисин эртең-бүрсүгүнү алып келүүгө даяр элем

Кубатбек Байболов мурдагы башкы прокурор.
Image caption Кубатбек Байболов мурдагы башкы прокурор.

2005-жылдын март жана 2010-жылдын апрель ыңкылабынан кийин ошол кездеги бийлик өкүлдөрүнө ондогон кылмыш иштери козголуп, бирок алар чет өлкөгө качып кеткендиктен сот өкүмдөрү сыртынан чыккан. Кыргыз бийлиги бирөөсүн дагы алып келип, жоопко тарат алган жок деген сын-пикирлер бүгүнкү күнгө чейин айтылып келүүдө. Данияр Үсөновго байланышкан соңку окуялар бул маселени кайра козгоду.

Би-Би-Си 2010-жылдын 7-апрель ыңкылабынан кийин кыска мөөнөткө Башкы прокуратураны жетектеп калган Кубатбек Байболовго кайрылып, апрель окуясынан кийин Данияр Үсөновго карата кандай айып тагылганы боюнча сурады.

Кубатбек Байболов: Тилекке каршы, мен дайындалган учурда аталган резонастуу иштердин дээрлик көпчүлүгү тергелип, качканы качып, иш сотко өткөн эле. Айтор, болоору болуп, боесу канып калган. Бул иш бийликтин легитимдүүлүгүнө байланыштуу. Ошол учурдагы кырдаалды учкай эске салып кете турган болсом, мен чоң-чоң иштерди козгой баштагам. Бирок, ошол кездеги өлкөнүн саясий жетекчилиги "эч кимге тийбе, өзүбүз араң отурсак сен чуулгандуу иштердин барын козгоп жатасың" деп чыккан. Маселен, Ички иштер министрлигин жетектеп турганда Алматыда качып жүргөн он экисин эртең-бүрсүгүнү алып келүүгө даяр болуп калгам. Анан прокуратурага которулуп кеттим, ал менин милдетим болбой калды.

Би-Би-Си: Өлкөдөн качып кеткен мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын бир тууганы Жаныш, уулу Максим Бакиевдерди, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду Кыргызстан алып келип сот жообуна тарта албай келет. Аларга оор айыптар тагылып, сот сыртынан өкүм чыгарып, өмүр бою эркинен ажыраткан эмеспи. Өзүңүз деле кабардар болсоңуз керек, апта соңунда Данияр Үсөнов "Даниил Урицкий" деген ысым менен чыгып, Беларуссияда мамлекеттик компанияны башкарып жатканын маалымдоо каражаттары жазып жатышат. Ал тургай анын видеосу дагы чыкты. Ачык эле жүргөн болсо, экстрадициялоо боюнча Минскке дагы бир нече жолу кат жолдонсо, эмнеге тыянак жок?

Кубатбек Байболов: Мамлекет аралык мамилелер жеке кишилердин ортосундагы мамилелер сыяктуу. Кишилер кимдир бирөөнү тоготпой, сөзүн сөз дебей теңсинбеген учурлар көп эле болот го. Мамлекеттер арасында деле мамиле ушул эле сыяктуу. Беларуссия болобу же башка мамлекет болобу, бизди анчейин теңине албай жатканы көрүнүп эле турбайбы. Биринчи күндөн тартып Кыргызстан нечен ирет кайрылганына карабай Беларуссия кош көңүл мамиле кылууда. Эми жүрүп отуруп, сот тарабынан жоопко тартылган Данияр Үсөнов сыналгыдан чыгып, дардаңдап "эмне кылып аласыңар" дегендей мамиле кылып жатат. Биздики нота жиберип тим болду. Башка эч нерсе кылган жок. Мамлекеттер аралык мамилени айтпаганда, биз ички маселелерде эч нерсе кыла албай жатабыз да. Мыйзамсыз жол менен колго тийгенде бийликтин легитимдүүлүгү ушундай жетишсиз болот. Ошондуктан жанагындай оор, жоопкерчиликтүү, катаал чараларды көрө албай, ташыркап жатабыз.

Би-Би-Си: Сыртта качып жүргөн бир катар мурунку бийлик өкүлдөрүн алып келүүдө Кыргызстандын аракети жетиштүү болбой жатабы? Элге башканы айтып, иш жүзүндө башка аракеттерди кылып жаткан жокпу?

Кубатбек Байболов: Биздин ички саясатыбыз же тышкы саясатыбыз болобу олуттуу саясий идеялык көз караштын жоктугу. Бизде сен жана мен деген деңгээлде иш жүргүзүлүп жатат. Болбосо 2005-2010-жылдардан кийинки келген бийлик өтө көрүнүктүү чоң-чоң кылмыштарды жасаган саясий уюмдардын ишине олуттуу баа бериши керек эле. Биздин жүргүзүп жаткан саясат бир беткей, түшүнүктүү болбой калууда.

Би-Би-Си: Чоң кызматта туруп, кылмышка шектелип, анан качып кетмей Кыргызстанда көнүмүшкө айлангандай. Соңку мисалды эле алсак, Аскарбек Шадиевдин окуясы. Коомчулукта мындай көрүнүш адатка айланып, жоопкерчиликтен качуу, кылган ишине жооп бербөө бийликтин жогорку бутактарында болуп жатканына нааразылык күч. Мунун укуктук-саясий кесепети кандай болот?

Кубатбек Байболов: Эгер динамика ушундай темп менен өнүгө бере турган болсо мамлекет иштикисиз, жөндөмсүз абалга кептелиши ыктымал. Маселен, тарыхта дал ушундай абалга туш болгон көптөгөн өлкөлөр жок болуп кеткен. Бул жагдайга олуттуу мамиле талап кылынат. Менимче бийликтин табиятын реконструкциялоо тууралуу маселе коюлушу керек. Ал кайрадан баш мыйзамдан башташ керек дегенди түшүндүрөт. Биз баланчаны камоо эмес, бийликтин милдеттерин тактообуз зарыл. Тактап айтканда, кайрадан элдик бийликти орнотуу учурдун талабы.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар