Саясий кландар: үй-бүлөдөн криминалга чейин

Кыргызстанда орун алган эки ыңкылаптын тең негизги себептери катары башкаруудагы непотизм менен трайбализмди аташат Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кыргызстанда орун алган эки ыңкылаптын тең негизги себептери катары башкаруудагы непотизм менен трайбализмди аташат

Кыргызстанда кландык башкаруу эгемендиктин алгачкы жылдарынан башат алган дешет эксперттер. Акаевдин тушунда үй-бүлөлүк кландык, Бакиевдин убагында ага кошумча криминалдык кландык башкаруу актуалдуу болгон.

Мамлекеттик башкаруудагы регионалдык-кландык фактор Атамбаев президент кезде бир аз күчүн жоготту дешет серепчилер. Бирок тууганын, жердешин көтөрмөлөбөсө да, ал өзүнө жакын, ишенген өз адамдарын бийликтин бийик сересине тартканы айтылат.

Саясий клан деген өзү эмне? Өлкөдө кандай кландык топтор бар? Кландык бийликтин кандай белгилери болот?

"Бир тууганчиктер", криминалдашкан кландар

Саясатчы Азимбек Бекназаров Кыргызстанда кландык башкаруу түшүнүгү тунгуч президент Аскар Акаевден башталган дейт.

"Клан деген биринчи президенттен пайда болгон. Мен азыр архивдерди изилдеп атам. 1999-жылдардан тарта Акаевдик башкаруудан тарта кландар пайда болду. Болгондо да, үй-бүлөлүк клан пайда болду. Аялы, балдыздары кийлигише баштады. Бийлик үй-бүлөлүк параметр менен кете баштады да. Андан кийин Бакиев келип эле, инилери балдары менен ошол эле нерсеге отурду. Бирок ал үй-бүлөлүккө кланга криминал да кошулду", - деди Бекназаров.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Бекназаров Кыргызстанда кландык башкаруу түшүнүгү тунгуч президент Аскар Акаевден башталган дейт

Акаевдин убагында анын үй-бүлө мүчөлөрү мамлекеттик кадрдык саясатка кийлигишкени айтылып жүрөт. Өзгөчө Майрам Акаева менен тил табышкан саясатчылардын жылдызы бат жанган дешет. Андай саясатчылар тизмесине анын айылдаштары Тойчубек Касымов, Искендер Айдаралиев, Кеңеш Карачалов, ошондой эле таластык башка ишмерлер Дастан Сарыгулов, Алтай Бөрүбаев, Акаевдин илимий шакирти Кубанычбек Жумалиев жана башкаларды киргизишет.

Ал эми Бакиевдин тушунда анын уулу Максим Бакиев менен иниси Жаныш Бакиев баштаган туугандарына жакын адамдардын кел-кели келген заман болгону айтылат. Мындай жарым үй-бүлөлүк, жарым криминалдык кланга каршы чыгуу айрым адамдардын өмүрүнө (Медет Садыркулов) турган учурлар да болгон.

Image caption Экс-президенттин уулу Максим Бакиев

Эксперттер 2005 жана 2010-жылдардагы Кыргызстанда орун алган эки ыңкылаптын тең негизги себептери катары башкаруудагы непотизм менен трайбализмди аташат.

"Ангектен качсаң дөңгөккө"

Иликтөөчүлөрдүн баамында, береги эки президенттен айырмаланып, Атамбаевдин тушунда мамлекеттик башкарууга туугандык жана жердешчилик фактор менен кадр тандоо жоюлган.

Бирок Атамбаев башкарууга өзүнүн жакын, ишенимдүү адамдарын тартты дейт Азимбек Бекназаров:

"Атамбаевди алалы, ал шоопуру, секретарлары менен клан болду, күчтүү саясий оппонентти жоктугунан пайдаланып, каалаганын кылды. Бүгүн Жээнбековдордун кланы Атамбаевдин ошол кланын: шоопурун, секретарын сыртка сүрүп коюп, калган КСДПны өзүнө алып алды".

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Башкаруудагы регионалдык-кландык фактор Атамбаев президент кезде бир аз күчүн жоготту дешет серепчилер

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев өз кезегинде Атамбаевдин убагында кландык башкаруу жөнүндө так кесе айтууга болбойт дейт.

"Бул кишини жакындары, бирге иштешкен адамдары болду. Буга чейин иштешкендери, бизнесине каралашып келген кишилер. Дагы бир тобу КСДП партиясы аркылуу саясатта мурда-кийин бирге жүргөн кишилери болду. Аз-мазы өзүнүн айылдаштары болду. Арасында Атамбаев менен мурда такыр иштеше албаган, бирок кийин анын көңүлүн ала коюп, ишенимине татыган жашыраак кадрлар да болду. Бул жерде клан болду деп айтууга тил барбайт", -дейт серепчи.

Клан - коммерциялык алыш-бериштин бир түрү

Жороевдин пикиринде, үй-бүлөлүк башкарууну кланга теңеп, Кыргызстандын саясий элитасын жана саясий процесстерин өтө жөнөкөйлөштүрүп караган туура болбойт.

"Акаевдин, Бакиевдин кландары дегенде, алар үй-бүлө катары өтө чоң бийлешти. Бирок алар менен үй-бүлөсүнөн тышкары ар кандай адамдар да иштешти да ал кишилер менен. Клан дегидей эч кандай бир критерийге багытталган байланыштар болгон эмес", - дейт эксперт.

Image caption "Кыргыз саясатында клан түшүнүгү бул - коммерциялык алыш-бериштин бир түрү"

Кыргызстандын саясатындагы азыркы реалдуулуккка баа берип жатып саясат талдоочу Эмилбек Жороев "клан" деген түшүнүктүн башкача чечмеленишин сунуштайт.

"Кландардын монетизациясы. Саясий топтошуу, бирге иштешүү акыры барып отуруп акча маселесине такалат. Ким-кимди колдойт, ким ким менен өнөктөш, ким кимге карыз, ким канча акча чача алат, бере алат жана башка учурлар болот. Ушунун негизинде достуктар да, кастыктар да пайда болот. Ошого жараша командалар да түзүлө баштайт. Клан деген кандайдыр бир туубаса мүнөз же критерийлер эмес, бул жөн гана коммерциялык алыш-бериштин бир түрү", - дейт Жороев.

Бул темадагы макаланын кийинки бөлүгүндө кыргыз бийлигин азыркы убакта мыкчып турган кландар жөнүндө баяндап беребиз.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар