Кыргыз кландары: "Ыймандуу бийде тууган жокпу?"

Бийликтеги тамырлашкан тууганчылык Кыргызстандагы ыңкылаптардын негизги себептери аталат Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Бийликтеги тамырлашкан тууганчылык Кыргызстандагы ыңкылаптардын негизги себептери аталат

Башынан эки ыңкылапты өткөргөн Кыргызстан үчүн тууганчылык талылуу маселелердин бири. Экс-президенттер Акаев жана Бакиевден кийинки тажрыйба "Туугандуу бийде ыйман жок, ыймандуу бийде тууган жок" деген макалын элге катуу сиңдирген өңдүү.

Ошол эле учурда бийликке келген күчтөр баары бир кланга айланбай койбойт дешет саясий аналитиктер. Бул азыркы бийлик башында отурган саясий күчтөргө канчалык тийиштүү?

"Клан (саясий клан) - мамлекеттик бийлик үчүн же буга чейин ээ болгон колундагы бийлигин сактап калуу үчүн күрөш жүргүзгөн, патриархалдык үй-бүлөлүк (каны бир туугандык, уруулук) же жердешчил, региондук жана азыркы саясий уюмдардын мүнөздөрүн айкалыштырган, башкаруучу элитада туруктуу, формалдуу эмес бирикме".(Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы, Бишкек, 2004, 340-бет)

"Туугандуу бийде ыйман жок"

Сооронбай Жээнбековго туугандык маселеси боюнча сынды аны президенттикке таптаган Атамбаев өзү биринчилерден оозанып айтты десек болот. Экс-президент шайлоо өткөндөн кийин эле мураскоруна инисин депутаттык мандаттан баш тарттыруу маселесин койгонун ачык айткан.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Сооронбай Жээнбековдун президенттик инагурациясы, 2017-жыл, 24-ноябрь

"Мен Асылбек Шариповичти сыйлайм. Партияга иштеп берди, бирок партиянын үзүрүн да көрдү. Үч жолу: 2007, 2010 жана 2015-жылдары депутат болду. Эки жолу спикер болду. Эми жагабы жакпайбы, бирок менин оюм мындай: президенттин жакын тууганынын депутат болгону эртели кечпи залакасы тиет. Мен кыргыздын менталитетин билем да. Дайыма бирөөлөр чыгат, башкача жакка бурат. Мен муну Акаевдин да, Бакиевдин да кезинде көргөм", - деген эле экс-президент быйыл мартта КСДПнын төрага шайлоо боюнча курултайында. Курултайга Асылбек Жээнбеков чакырылган эмес.

Мындай талап бекеринен чыккан жок. Себеби, саясий чөйрөдө Сооронбай Жээнбеков башынан - шайлоого чейин эле КСДПнын расмий штабына караганда көбүрөөк өз туугандарына таянганы айтылып жүрөт.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, мурунку баш прокурор Азимбек Бекназаров Кыргызстандагы учурдагы кландар тууралуу Би-Би-Сиге маек берип жатып деген эле:

"Клан бар. Ким бийлиикке келсе клан. Бүгүн деле ошол, Жээнбековдо деле кланы бар. Командасы катары, мамлекеттик бийлик бутактарына таянып иштегенден көрө, биздин бийлиикке келгендер сөзсүз өзүнүн кланына таянып иштешет. Шайлоодо да ошентип иштешет. Себеби, идея менен шайлоого барышпайт. Шайлоого компания, фирма катары чыгышат. Андай негизде, фирма сыяктуу чыккан жерде сөзсүз бийликке келгенден кийин клан пайда болот".

Жээнбековдор өздөрүнөн президент чыккыча чейин эле маанилүү мамлекеттик кызматтарды ээлеп келишкен. Түбү каракулжалык Жээнбековдордун үй-бүлөсү түштүктө абройлуу, таасирдүү күчтөрдүн катарына кирип келгени белгилүү.

Жээнбековдор: ким кайда?

Жээнбековдор алты бир тууган, алардын үчөө кыз. Эң уулусу Кантөрө Токтомамбетов былтыр каза болду. Экономика илимдеринин доктору, академик, профессор Кантөрө Токтомамбетовду саясаттан алыс киши болгон дешет. Эң кичүүсү маркум Искендер Жээнбеков кезинде Ош облусунун прокуратурасында иштегени айтылат. Жыргалбек Жээнбеков ата-энеси менен кичи мекенинде жашары маалым.

Жусупбек Шарипов убагында губернатор, андан кийин элчи болду. Кыргызстандын Кувейт, Марокко, Иордания жана Бахрейн өлкөлөрүндөгү элчиси да болду. Шарипов былтыр ноябрда Кыргызстандын Украинадагы элчиси болуп дайындалган.

Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңешти башкарды. Агасы Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкерлигин коер алдында Жогорку Кеңештеги спикерлик кызматынан өз эрки менен кеткени эсте.

Экөөнүн көшөгө артында маанилүү саясий чечимдерге таасир этүү күчү жана мүмкүнчүлүктөрү да бар деген ишеним чоң.

Сүрөттүн автордук укугу kaktus
Image caption Ага-ини Жээнбековдор

"Клан дегенде биз үй-бүлөлүк кландарды айтып келебиз. Бизде үй-бүлө мүчөлөрү бир туугандар саясатта, бизнесте орун алып коомдун көзүнө көрүнүп таанылып калган кишилер бар. Алардын катарына Жээнбековдордун үй-бүлөсүн алсак болот. Азыркы кезде ал үй-бүлөнүн үч кишиси мамлекеттик деңгээлдеги кызмат орундарында турушат.

Бирок аларды клан дей алабызбы, алар үй-бүлө эмеспи. Бир үй-бүлө эле болуп атпайбы. Буларга кимдер жакын, кимдер алыс? Жээнбековдордун кланы дегенде дагы кимдерди кошушубуз керек деген суроолор туулат",- дейт саясат талдоочу Эмилбек Жороев.

Жээнбековдордун достору кимдер?

Бийликтеги күчтөр жакын туугандардан кийин эле дос-тамырга таянары калетсиз. Учурда президенттин өзү айланасына киши жолотпой, олуттуу кадрдык маселелерде жакын кеңешчи күтпөгөнү айтылууда.

Ошентсе Бишкек мэрлигине Азиз Суракматовдун талапкерлиги Курмантай Абдиевдин кийлигишүүсү менен көрсөтүлүп жатканын Kyrgyztoday жазып чыкты. Ал эми бул киши Жээнбековдордун чөйрөсүнө жакын экени айтылат.

Баш прокурор дайындалганда Сооронбай Жээнбековдун кудасы, парламент депутаты Алиярбек Абжалиевге карата да сөздөр айтылган. Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов менен Абжалиев жакын достордон экени тууралуу сөздөр тараган, бирок Абжалиев өзү ММКлар аркылуу аларды четке каккан.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Асылбек Жээнбеков, Жогорку Кеңеш депутаты (ортодо)

25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра кайтууга жол берген чечим чыгарды. Мындан кийин Жээнбековдор түштүктөгү дагы бир таасирдүү - Матраимовдордун кланы менен тил табышты деп жоруп жатышат.

Жээнбековдун каршылаштары коомдук тармактарда кадрдык маселеде жердешчилик орун алды деген сын айтып, түндүк-түштүк маселесин да козгоп баштады. Бирок ушундай көз карашты негиздүү деп айтууга болбойт дейт Эмилбек Жороев.

"Кыргызстанда азыр ар кандай аралаш критерийлердин баалулугу байкалат. Жалаң эле жердешчилик десек туура эмес болуп калат. Себеби бул жерде жалаң кара-кулжалыктар же оштуктар бийлеп калды деген эмпирикалык-фактылык жактан туура эмес. Же жалаң Сооронбай Жээнбеков менен иштешкен кишилер болуп атат деген да туура эмес. Бир критерийге- жердешчилик, уруучулук, өнөктөштүккө жараша тандоо болуп атат деген постулат жаңылыштыкка алып келет деп ойлойм".

Өткөөл мезгил: туруксуздук

Учурда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин убагында бийлик төрүнө жеткен кишилердин кызматтан алынып, ар кандай кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатканы белгилүү.

Жаңы президент өз кезегинде бийлигин чыңдоонун аракетин көрүп жаткан учуру.

"...дегеле бийликке келгенден кийин да жаңы кландын абалы көпкө дейре туруксуз бойдон кала берет. Ал эми эски кландын күчү мамлекеттик жогорку кызматты алдырып ийүү менен эле бүтүп калбайт. Башкаруучу элитанын чөйрөсүндө бекем орун алыш үчүн жаңы кландык топ башкаруу аппаратынын ортоңку бөлүгүндөгү эски кландын өкүлдөрүн же сүрүп чыгаруу же өзүнө баш ийдирүүсү керек.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кландык башкаруу эгемендиктин алгачкы жылдарынан Акаевден башат алган дешет байкоочулар

Эски кландын көптөгөн клиенттери менен иш алып баруу өтө татаал иш жана ал кошумча убакытты жана материалдык ресурстарды талап кылат. Ошондуктан башкаруу элитасынын кландарынын өзгөрүүсү же алмашышы коомдогу чоң кыймылдар, коомчулукту дүңгүрөткөн өзгөрүүлөр менен коштолот". (Кыргыз педагогикасы: Энциклопедиялык окуу куралы, Бишкек, 2004, 340-бет)

Азыркы күнгө чейин президент аппаратынын жетекчиси коюла электиги да кызык болууда. Мунун себеби бул кызматка татыктуу эле эмес, эң оболу президент өзү бекем ишенген адам табылбай жатканындабы деген суроо турат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар