Азия оюндары-2018: Кыргызстандын спорттогу стратегиясы натыйжа берип жатабы?

Жөө күлүк Дарья Маслова Сүрөттүн автордук укугу JEWEL SAMAD/AFP/Getty Images
Image caption Жөө күлүк Дарья Маслова

Жакартада өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында кыргызстандык спортчулар жалпы 16 медалга ээ болду.

Эки алтын, беш күмүш жана тогуз коло байге менен Кыргызтан 45 өлкөнүн ичинен 21-орунда.

Кыргызстандык спортчулар эми дзю-до, жеңил атлетика, ат оюндары боюнча мелдештерге катышат. Жогорудагы спорттун түрлөрү боюнча кыргызстандык спортчулар өлкөнүн капчыгына дагы байге алып келүү мүмкүнчүлүктөрү бар.

Азия оюндарына катышып ийгиликтер менен кайтып келген балбандарды өлкө жылуу тосуп алды.

Жиу-житсу боюнча Төрөкан Багынбай уулу жана жеңил атлетика боюнча Дарья Маслова өлкөнүн капчыгына алгачкы эки алтын байгени утуп беришти. Дарья Маслова беш миң метр аралыкта дагы алтын медал алып келет деген үмүттөр бар.

Сүрөттүн автордук укугу JEWEL SAMAD/AFP/Getty Images
Image caption Дарья Маслова буга чейин Азиянын чемпиону болгон жана Дүйнөлүк универсиаданы жеңип алган

Дарья Маслова буга чейин Азиянын чемпиону, Дүйнөлүк универсиаданы утканын эске алып, Азия оюндарында алтын алып келээри күтүлгөн болчу.

Кыргызстан эркин, грек-рим күрөшүнө басым жасап, дал ушул спорт түрүнө катышкан балбандар алтын медал алып келет деп күтүшкөн. Бирок кыргызстандык балбандар финалдык беттештеринде утулуп калып, күмүш байгеге ээ болушту.

Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, кыргыз балбандарынын биринчиликке жетпей калганындыгынын себептерине токтолду.

"Биз финалга чыккан балдардын ар биринин кармашын машыктыруучулары жана атайын адистер менен карап чыгабыз. Биздин спортчулар башка өлкөлөрдүн спортчуларынан эч бир жагынан кем калышпайт, кээ бир учурларда алардан өйдө болушу мүмкүн. Башка мамлекеттерде спорт медицинасы, спорт илими абдан күчтүү өнүккөн. Менимче, биз дал ошол жагынан аксап жатабыз. Балбандар бир күндө төрт күрөш өткөрүп жатышат. Күрөштөн кийин эс алуу үчүн абдан аз убакыт бөлүнгөн. Финалга чейин жакшы күрөшүп, финалга жеткенде эс алуусу азыраак болуп калат. Дал ушул себептен утулуп калышы мүмкүн. Экинчиден, ал жерде баардыгы күчтүү спортчулар", -деди Канатбек Арпачиев.

Кыргызстанда спортчулардын эл аралык деңгээлге чыгуусу үчүн шарттар дале жок экени калетсиз. Дене тарбия боюнча жогорку окуу жайлар болгону менен, дүйнөлүк стандарттарга жооп берген спорттук база жок.

Сүрөттүн автордук укугу ADEK BERRY/AFP/Getty Images
Image caption Кыргызстанда дене тарбия боюнча жогорку окуу жайлар болгону менен, дүйнөлүк стандарттарга жооп берген спорттук база жок

Канатбек Арпачиев спортчуларга машыгуу үчүн залдарды ижарага алып колдоноорун айтат:

"Дүйнөлүк деңгээлге чыгыш үчүн биринчиден техникалык базалар керек болот. Бүгүнкү күндө биздин ошол эле спорттун күрөш түрү боюнча дүйнөлүк денгээлге туура келген мамлекеттик бир дагы спорттук база жок болуп жатат. Биз спортчуларды көлгө окууга, машыгууга жиберсек дагы жеке менчик пансионаттарга барып машыгып келишет. Бишкекте дагы борбордук машыга турган жай жок, биз ошону дагы ижарага алып беребиз. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда дүйнөлүк деңгээлге туура келген спорттук мекеме, машыгуу залдары жок болуп жатат. Башка мамлекеттерди карасаң, ар бир спорттун түрүнүн өзүнүн машыгуу залы, комплекстери бар".

Кыргызстандык спортчулар татаал шартта ийгиликке жетип жатат. Кыргызстан болсо Олимпиада спорттору боюнча иликтөө жүргүзүп, алты спорт түрүнө басым жасоону чечкен. Анын ичинде эркин күрөш, грек-рим күрөшү, дзю-до, бокс жана жеңил атлетика бар.

Сүрөттүн автордук укугу AAMIR QURESHI/AFP/Getty Images
Image caption Кыргызстан Олимпиада спорттору боюнча иликтөө жүргүзүп, алты спорт түрүнө басым жасоону чечкен (Сүрөттө: Мээрим Жуманазарова, кыз келиндер күрөшүндө коло медалга ээ болду)

Дал ушул спорт түрлөрүндө кыргызстандык спортчулар Азия оюндарында жана башка эл аралык мелдештерде ийгиликтерге жетип жатканы айтылууда.

Жакартада өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында Кыргызстандан 149 спортчу, спорттун 28 түрү боюнча күч сынашып жатат. 28-августта башталган XVIII жайкы Азия оюндары 2-сентябрьга чейин уланмакчы. (KJ)

Тектеш темалар