К. Бөкөнбаев: Мамлекетти түп-тамырынан бери өзгөртүү керек

Кыргызстан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстан эгемен болгону чейрек кылымдан бери дүйнөдөгү жакыр өлкөлөрдүн тизмесинен чыга албай келатат. Жаңы келген башкаруучулар коррупцияга каршы күрөш башташат, бирок андан коррупция да азайбады, өлкө да жакырчылыктан чыга элек. Ошондуктан мамлекеттик системаны өзгөртүү зарылдыгы жөнүндө коом ичинде утур-утур талкуу жанданууда.

Сүрөттүн булагы, Mfgs-sng-org

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кулубек Бөкөнбае геолого-минералогия илимдеринин доктору, профессор, УИАнын мүчө-корреспонденти. Убагында Кыргызстандын айлана -чөйрөнү коргоо министри болуп иштеген.

УИАнын мүчө-корреспонденти, профессор Кулубек Бөкөнбаев Би-Би-Сидеги маегинде өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдуктар жана улуттук өнүгүү жолу жөнүндө ой-пикир бөлүштү.

К. Бөкөнбаев: Биздин мамлекеттик түзүлүш туура эмес. Эң негизгиси биздин коом башы менен, буту-колу менен бүтүндөй коррупцияга кирип кеткен. Коомубуз, элибиз бүт коррупциянын аңына түшүп кеткен. Бул эмне себептен? Мына, биздин улуу мамлекеттик ишмер Исках Раззаков "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот, эл да таза болот" деп бекеринен айткан эмес. Тилекке каршы, биз азыр көрүп жатпайбызбы, мамлекеттин башчылары өздөрү баштап жатпайбы.

Би-Би-Си: Корупциянын күч алганын, өзгөчө анын күч органдарында жогору экендигин президент Жээнбеков өзү деле баса белгилеп атпайбы. Ошондуктан Коопсуздук кеңешиндеги биринчи маселе дагы күч органдарындагы, сот органдарындагы коррупциянын деңгээлин кыскартуу жөнүндө болду. Коррупция менен күрөшүү азыркы учурдун эң негизги стратегиясы болуп жатпайбы.

К. Бөкөнбаев: Азыр биздин жарандар жаңы президенттин айткан сөзүнө ишенип жатат. Күрөшөбүз, талкалайбыз деген менен, "кантип" деген суроо туулат. Бүт элибиз коррупцияга көнүп калган. Эми бүт коомубузду кантип оңдойбуз? Менин оюмча, мамлекеттик түзүлүштү түп тамырынан оңдобосо эч нерсе өзгөрбөйт. Мына, тигини кармашты, муну камашты, бирок бул чети эле, айсбергдин үстү. Биздин коомдун өзүн оңдош керек. Мамлекеттик түзүлүштүн өзүн оңдош керек. Бул жагынан алганда мен пессимистмин. Себеби, система деген бар. Ар кандай болуп түзүлгөн системалар өзүн-өзү коргойт, эч кимди жолотпойт. Бассаң да, тепсең да, эмне кылсаң да топ жүрө берет. Шибеге мене сайсаң гана ичиндеги жели чыгып кетет. Мектепте окубадык беле "Шателье Браундун принциптери" дегенди. Биздин коррупциялык система өзүнө эч кимди жолотпойт. Ичине бирөөнү жолотсо да, кайра өзүнө көндүрөт. Биздин мурдагы ажобуз айтпады беле, "системага киргендер ажыдаарды жеңип туруп, өзү да ажыдаар болуп калат" деп.

Би-Би-Си: Мамлекеттик түзүлүштү өзгөртүүнү айтып жатасыз, аны ишке ашыруунун жолун кандай көрүп турасыз?

К. Бөкөнбаев: Карап көрсөк, жапондордун улуу бир реформатору бар император Муцихито деген, "Мейдзи реформасын" ишке ашырган. Ошонун беш принциби бар. Коомду салыштыруу, коомдун оюн билүү, аркетин билүү, максатын билүү, бул биринчиден. Экинчиден, сотту түп тамырынан өзгөртүш керек. Үчүнчүдөн дүйнөдөгү болгон жаңы нерселерди кабыл алыш керек. Эски, заманга жарабаган нерселердин баарын ташташ керек.

Эң негизгиси, элге билим бериш керек, эл билимдүү болуш керек. Жапондордун "Мейдзи реформасы" бул өлкөнү эң күчтүү мамлекет кылды. Мен аны кайра-кайра окудум, мен үчүн укмуш кызык болду. Жыйырма беш жылдын убагында Японияны эң күчтүү өлкө кылды. Япониянын эч кандай кен байлыгы жок болчу. А биздин жерибиз кен байлыкка толтура, кен дейбизби, суу дейбизби, жер дейбизби. Туристтер "Эмне үчүн силердин жериңер бай, а элиңер жакыр" деп таң калышат.

Би-Би-Си: Кыргыз эли деле өзүнүн өнүгүү жолун издеп, бир эмес, эки революцияны башынан өткөрдү. Мурун президенттик башкаруу деп атты эле, анан президенттик-парламенттик башкаруу дешти. Азыркы президент деле айтып атпайбы парламенттик башкарууну жактай турганын. Бирок кайра-кайра эксперимент, кайра-кайра реформа өтө берип, эл да пессимист болуп бараткандай.

К. Бөкөнбаев: Мына кайсы бийлик болбосун, кайсы адамдар болбосун, система аларды өзүнө көндүрүп алат. Бул жакта бардык жагынан өзгөртүш керек. Менин оюмча отуз-кырктай профессионал, билимдүү, мекенчил адамдар биригип туруп, системаны түп-тамырынан өзгөртүү аракетин көрүшү керек.

Парламенттик система дейбиз, президенттик система дейбиз, андан эч нерсе чыккан жок. Системага кирип алып эле ажыдаар болуп калып атышат. Бийлик вертикалы дейбиз, мына жети облусубуз бар, эки чоң шаарыбыз бар, андан тышкары толтура райондорубуз бар. Бирок бийликтин бардык тизгини бир кишинин колунда. Президент эмне десе, парламент менен өкмөт "макул" деп аткарат.

Ушундай тайгак жолдо кетип баратканда Жусуп Абдырахманов, Исках Раззаков сыяктуу бир лидер керек. Акыл-эстүү, билимдүү, профессионалдар чогулуп, мамлекеттик системаны түп тамырынан өзгөртүүнү башташы керек. Бул жерде эч кандай тууганчылык, жердешчилик болбош керек. Ошондо эл түшүнүп, колдоого алат.