Юкиэ Мокуо: Эмизүү - бул жөн гана баланын курсагын тойгузуу эмес, ал өлкө экономикасына да салым

Кыргызстандагы энелердин 41%ы гана баласын жалаң эмчек сүтү менен багат Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Кыргызстандагы энелердин 41%ы гана баласын жалаң эмчек сүтү менен багат

Кыргызстанда жыл сайын августтун алгачкы аптасында бала эмизүүнү даңазалаган жумалык өтөт. Мындан төрт жыл мурун Кыргызстандагы энелердин 41% гана баласын жалаң эмчек сүтү менен багары ачыкталган. ЮНИСЕФ бул жаатта жаңы иликтөө жүргүзүп, учурда жыйынтыгын чыгаруу алдында турат.

Маалыматтык жумалык алкагында ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жетекчиси Юкиэ Мокуо Би-Би-Си студиясынакелип маек берди.

Би-Би-Си: Юкиэ Мокуо, эне катары, алгач ушу баланы эмизип чоңойтуу маанилүүлүгү тууралуу кеп кылалы. Эне сүтү эмнеси менен баалуу?

Ю.Мокуо: Биринчиден, эне сүтүн башка эч нерсе менен алмаштырууга болбойт. Экинчиден, эмчек эмизүү аркылуу эне менен баланын ортосунда психологиялык байланыш түзүлөт жана бекемделет. Бул бала үчүн эле эмес, эне үчүн да керек нерсе. Энелер балага алты айдан кийин эле чай, суу бере башташат. Бирок бул туура эмес. Эне сүтүн алмаштыруучу эч нерсе жок экенин дагы бир жолу айткым келет. Бир гана эне сүтү балага керектүү бардык азыктарды бере алат. Баланын туулгандан кийинки алгачкы миң күнү баланын акыл-эсинин өсүшү үчүн абдан маанилүү убакыт. Ошол эне менен байланыш аркылуу, эмоционалдык сезимдер калыптанат, бул баланын кийинки жашоосунда кандай адам болуп калыптанышына абдан маанилүү. Ошондуктан эмчек эмизүү бул - баланын бүт жашоосу үчүн маанилүү болгон этап деп айтсак болот.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption "Эгерде энелер эмизбей калса дүйнөлүк экономикага тийгизген терс таасир бир жылда 300 миллиард долларга барабар болот"

Би-Би-Си: Баланын эне сүтү менен чоңойтуу өлкөнүн экономикасына да чоң салым кошот деп жатасыз. Кантип?

Ю.Мокуо: Мына, менде дүйнөлүк экономика боюнча көрсөткүч бар. Эгерде энелер эмизбей калса дүйнөлүк экономикага тийгизген терс таасир бир жылда 300 миллиард долларга барабар болот экен. Бул бир гана көрсөткүч, бирок мунун аркасында канчалык маани турганын мен сизге азыр түшүндүрүп кетейин. Биринчиден, эне сүтү менен эмизүү балдардын ымыркай кезинде көз жуумп калуусунун санын кескин кыскартат. Демек, бул Саламаттыкты сактоо министрилигинин чоң бир маселесин чечет. Эмизүү аркылуу эненин ден-соолугу да чыңдаларын белгилеп кеткким келет. Кимдир бирөөнүн ден соолугу начарлаганда аны дарылагандан көрө алдын алган жакшыраак эмеспи. Жана айтып кетпедикпи, эне менен баланын ортосунда байланыш күчөйт, алардын психологиялык сезимдери чыңдалат деп. Бул да болсо эмизүүнүн бир пайдасы. Эне сүтү менен эле саламаттыкты сактоо, билим берүү жааттарындагы көйгөйлөрдун алдын алса болот, ал албетте экономикалык көрсөткүчтөргө таасирин берет. Жалпы коомчулук түшүнүшү керек, эмчек эмизүү бул - жөн гана баланын курсагын тойгузуп коюу эмес, жалпы өлкөнүн келечегине, жарандардын саламаттыгына, экономикасына да бардыгына салым кошуу.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Юкиэ Мокуо: Эмизүү - бул жөн гана баланын курсагын тойгузуү эмес, ал өлкө экономикасына да салым

Би-Би-Си: Учурда бала эмизүү боюнча мыйзамдарга өзгөртүү боюнча сунуш киргизип жатасыздар. Мыйзамдын ошондо кайсы жерлери өзгөртүүгө муктаж болуп жатат?

Ю.Мокуо: Биз өткөн жумада техникалык иштер боюнча жыйын уюштурууну колдоп, өткөргөнбүз. Ал жыйында биз эмчек эмизүү боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча бүтүмгө келдик. Себеби, Кыргызстанда эмчек эмизүү боюнча мыйзам жакшы эле иштегени менен, кээ бир учурларда анын талапка жооп бербеген да учурлар болуп калып жатат. Ал өзгөртүүлөрдүн айрымдары тууралуу сөз кылсак, мисалы, жасалма сүттү коммерциялык жол менен сатуу боюнча шарттар жөнүндө беренелерге өзгөртүү киргизиш керек. Анткени азыр жасалма сүттөрдү туш келди жакта жана каалагандай сатып жатышат. Аларды сактоо жана сатуу эрежелерине өзгөртүү киргизиш керек деген ойдобуз.

Би-Би-Си: Кыргызстанда коомдук жайларда болобу же кайсы жерде болбосун бала эмизүүгө шарттар толук карлаган деп ойлойсузбу?

Ю.Мокуо: Мен Кыргызстанда энелердин коомдук жайларда баласын эмизип жүргөнүн көп көрбөйм, мүмкүн алар өздөрүн ыңгайсыз сезишеттир. Бирок сурооңузга жооп катары өз өлкөм Япониядан мисал келтире кетейин. Бизде бардык коомдук жайларда, соода борборлорунда бала менен эненин атайын бөлмөлөрү бар. Андай жерлерде эне баласынын жалаягын алмаштыра алат, эмизе алат. Демек, биздин коом бала менен энеге ушул жагынан жардам берип келет.

Кыргызстанда да ушундай жерлердин бар экенин байкадым. Мисалы, Баткенге болгон сапарымда Баткен аэпортунда ушундай эне менен баланын атайын бөлмөсү бар экендигин байкадым. Ал жакта дагы эне баласынын жалаягын алмаштырып, эмизип, кам көрө алат.

Би-Би-Си: Маегиңиз үчун ырахмат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар