Бишкекте мэрге жалгыз талапкердин шайлоосу болот

Бишкек мэрин шайлоо 8-августка дайындалды.
Image caption Бишкек мэрин шайлоо 8-августка дайындалды.

Бишкек шаардык шайлоо комиссиясы "Биздин укук" коомдук фондусунун Азиз Суракматовдун талапкер катары каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө арызын карап, аны четке какты. Бул чечимди шайлоо комиссиянын сегиз мүчөсү бир добуштан кабыл алды. Ошону менен катар Азиз Суракматов шайланып калса, анын курулуш бизнеси, компаниялары кызматтык милдетин аткарууга таасири тийиши мүмкүндүгүн белгилеп, шаардык кеңешке кат жолдой турган болушту.

Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү курулуш компаниялары бар ишкер адам мэр болуп шайланып калса, анын жеке кызыкчылыгы менен кызматтык милдетинин ортосунда конфликт болорун, буга мыйзам жол бербестигин өздөрү деле айтып жатышат. Бирок мэрге талапкер жөнүндө мыйзамдык жоболордо кандайдыр бир чектөөлөр жок деген негизге таянышууда.

Азиз Суракматовдун талапкер катары каттоосун жокко чыгарууну талап кылып жаткан "Биздин укук" коомдук фондусунун жетекчиси Калича Умуралиева бул жерде мыйзам одоно бузулуп жатканына, бардык мыйзамдык принциптер тепселип жатканына көзү жетип турат. Ал шаардык шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйынында дагы Азиз Суракматов көп жылдан бери шаарда курулуш менен иштеп келаткан ишкер экенин баса белгилеп, анын шаарда мыйзам бузуу менен жүргүзгөн курулуштарынын айрымдарын санап дагы берди. Аталган активист Суракматов мэр болуп калса, курулуш жүргүзүүгө керектүү жер, уруксат иштеринин баардыгы анын өзүнүн колуна өтөт, ошондо анын жеке ишкерлик кызыкчылыгы үстөмдүк кылбайт деп ким кепил боло алат, деген суроо коюуда.

Image caption Азиз Суракматов Жогорку Кеңештин, Бишкек шаардык кеңештин депутаты болгон, шаардык кеңешти башкарган.

"Конфликт кашкайып көрүнүп турат. Ал өзүнүн курулуш компанияларын кантип унутуп коет. Токтогул көчөсүн бүт курган, жетинчи кичи райондо балдар аянтчасын тартып алып курулуш кургусу келген "Елизавета" компаниясын кантип унутуп коймок эле. Биз Суракматовго таандык компания менен ошон үчүн да менен соттошконбуз",-дейт шаардык активист.

Шаардык шайлоо комиссиянын жыйынында Азиз Суракматовдун шаарлыктарга кайрылуу катын дагы окуп беришти. Анда талапкер мэр кызматына шайланып калса, таза жана так иштерин жана жеке ишкерлик кызыкчылыгын четке жылдырып жыйыштырып коерун убада кылган.

Шаардагы активисттерди нааразы кылган башка дагы бир жагдай, Суракматовдун шайлоого атаандашы жок жалгыз талапкер болуп жатканында. Анын талапкерлигин шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Ал эми оппозициядагы фракциялар эч кимди көрсөтүшкөн эмес.

Талапкер көрсөтүү укугу премьер-министрде бар болчу, бирок ал дагы бул укугунан пайдаланган жок. Ошондуктан атаандашы жок эмне болгон шайлоо деп шаардагы жарандык активисттер нааразы болуп шайлоону токтотууну талап кылып 6-августта акцияга чыгышты. Активисттер шаардагы фракциялардын сөлөкөттөрүн көтөрүп алып, Ѳкмөт үйүнүн алдына чыгышты. Алар шайлоо токтобосо сөлөкөттөрдү өрттөгөн жатышат.

Image caption Шаардык кеңештеги фракциялардын сөлөкөтүн жасап көтөрүп чыккан активисттерди башында айтылуу Ɵндүрүш Токтонасыров бар.

Бишкекте мэрдин шайлоосу көп жылдардан бери биринчи жолу ушундай каршылыкка кабылып отурат. Мындан мурдакы шаар башчылары Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов оңой эле шайланган. Бирок азыр алардын экөө тең коррупциялык иштер боюнча айыпталып, камакта жатышат.

Ошондуктан активисттер шаар кеңеши элди ойлобой калды деп мэрди эл тарабынан тикелей шайлоо жөнүндө талап коюшууда. Тийиштүү мыйзам долбоору дярдалып, кечээ Бишкекте тегерек үстөлдө талкуудан өттү. Бул сунушка президент тараптан реакция жакшы эле болуп жатканын айтышууда. Бирок анткен менен Бишкек менен Ош шаарларынын башчыларын тикелей элдин тандоосуна салып берүүнүн саясий жактан тобокели чоң, ошол себептүү жогорку бийлик оңой менен барбайт го дейт саясий эксперттер.

"Алар экономикалык борборлор жана ички миграцияны өзүнө тарткан чоң күчтөр. Ошондуктан Ошто шайланган мэр кооптондурат, анткени ал жерде сепартизм коркунучу бар. Ошто болобу, Бишкекте болобу, ал сөзсүз түрдө президенттен кийин, кээ бир убакта президенттен өйдө турган, эч кимге жоопкерчилиги болбой турган, кыргыз мамлекетинде экинчи саясатчы боло турган фигура болуп калат. Ошондуктан азыркы учурда бийлик буга жол бербейт",-дейт эксперт Адил Турдукулов.

Мэрлерди эл тарабынан тикелей шайлоонун дагы бир тобокели болуп жатат. Мурдакы баш прокурор Кубатбек Байболов белгилеп кеткендей, анда мэр менен шаардык кеңештин ортосунда тирешүү келип чыкпай койбойт, анткени эки тарап тең эл тарабынан шайланган күчтөр болуп саналат. Ошол себептүү азыр кыргыз коомчулугу шаар жана айыл башчыларын шайлоонун туура жолун дагы эле таба элек десек болот.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар