С. Тиллебаев: Суракматов кыргыз тилин “билет” же “билбейт” деп гана баалоо мүмкүнчүлүгү болду

Азиз Суракматов Бишкек мэрлигине жападан жалгыз талапкер
Image caption Азиз Суракматов Бишкек мэрлигине жападан жалгыз талапкер

Бишкек шаарынын мэри кызматына жалгыз талапкер Азиз Суракматовду мамлекеттик тил сынагынан өткөргөн комиссиянын дарегине айтылган сындар канчалык негиздүү?

Тийиштүү комиссиянын мүчөсү Садык Тиллебаев Би-Би-Синин суроолоруна жооп берди.

Би-Би-Си: Суракматовдун кыргыз тили боюнча коомдук желелерде нааразылык көп болуп, жазуу тилинде каталарды кетиргени айтылып жатат. Kоомчулук түшүнбөй атат, кантип сынактан өткөнүн...

С. Тиллебаев: Талапкер кишинин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо -"Ош жана Бишкек шаарларынын статусу жөнүндө" токтомунун негизинде каралган иш чаранын бири экен. Комиссияга 15 киши ичинен жетөөбүздү тандашыптыр. Токтомго ылайык, Бишкек жана Ош шаарынын мэринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоодо үч гана пункт бар экен. Биз ошол чектен чыга албай калдык.

Биринчиси, талапкер өзүнүн программасын жазуу түрүндө жазып, анан оозеки айтып берсин. Экинчиси, жети конвертке салынып 2000 канча сөздүн тегерегинде текст даярдалган. Ошол текстти талапкер окуп, анан оозеки айтып бериши керек. Ушундай эки талабы бар экен. Ал эми үчүнчүсү, тикеден-тике биздин комиссиянын мүчөлөрүнүн баалоосу боюнча. Кантип баалаш керек?

Элдер ойлойт го, ошол жердеги одоно катаны бизди көрбөй калды деп. Аны баарыбыз көрүп турдук. Эгерде беш баллдуу деңгээлде баалагыла деген болсо, мисалы: "эң жакшы, жакшы, орто, начар, эң начар" дегиле деген болсо, биз аны таптакыр башкача бааламакпыз. Бул БШКнын жобосунда талапкерди тилди "билет" же "билбейт" деген гана сөз менен баалаш керек экен. Аны протоколго жазып, баарыбыз кол коюшубуз керек экен.

Талапкер өзүнүн программасын жазуу түрүндө жазды, андан кийин оозеки айтып берди. Угуп отурдук ошол жерде. Программасын жазуусунун деңгээлин аныктагыла деген пункт жок экен да кашайып. Айтып берди. Өттү. Анан жанагы оозеки тапшырмада Чыңгыз Айтматовдун "Майсалбектин каты" келиптир. Аны окуду да, айтып берди.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Бишкек мэрин шайлоо 8-августка белгиленген

Анан эми билбейт деп кантип баа бересиң. Ал өзү жазып, оозеки сүйлөп, оюн түшүндүрүп атса, анан кантип билбейт деп айтасың. Билбейт деп айтсак ал киши бизге доо коет да. Мен мына журналисттердин көзүнчө жооп берип атам, тиги жобо боюнча, "анан кантип билбейт дейсиңер" дейт да.

Бул маселе БШКнын жобосунун иштелбегендигинен улам болду.

Би-Би-Си: Комиссиянын өзүнүн мүчөлөрү ичинде кандай баалоолор болду? Баары бир ооздон талапкер тилди билет деп табыштыбы?

С. Тиллебаев: Жок, ал жерде бардыгы ачык болду да. Себеби, талапкерди тилди билбейт деп айтышка бет чыдабайт да. "Орто билет" деген баалоо деңгээли болсо, орто билет деп салмакпыз да. Же жазуусунан жаман, оозекисинен жакшы дегендей. Андайга бизге мүмкунчүлүк берген жок да. Силер "билет" же "билбейт" деп ведомостко жазасыңар дешти. Анан кантип "билбейт" деп айтасың. Ал кыргызча сүйлөп атса, программасын кыргызча айтып берип атса. Эгерде бизде жанагындай баалоо мүмкүнчүлүгү болсо, баа системасы: 1,2,3 же "начар", "орто", "жакшы" деп баалай алсак, биз ошондой кылмакпыз.

Би-Би-Си: Мэрге жалгыз талапкер шайланып калса, жетекчи катары жогорку деңгээлде кыргыз тилинде жазып, сүйлөй алган билим сапатка ээ деп ишенимдүү айтууга болобу?

С. Тилебаев: Архитектура жана курулуш окуу жайын бүткөн экен. Ага дейре орус мектепти аяктаптыр. Эми кыргыз тилинин грамматикалык жактан жазууну үйрөнүшү керек, эрежелерди үйрөнүшү абзел. Бирок эгер ага суранып келген адамдар болсо, аларды кыргыз тилинде кабыл алып, суроо-талаптарына мамлекеттик тилде жооп бере алат. Буга комиссия кепилдик бере алат.

Би-Би-Си: Нааразылык чыкпаш үчүн мындай сынакты өткөрүүнү кайсыл жагынан жакшыртуу керек деп ойлойсуз?

С. Тиллебаев: Ош жана Бишкек шаарларынын жана президенттикке талапкерлердин тил боюнча талаптарга жооп берүү талаптары каралган жаңы жобо кабыл алынган, ал 2019-жылдан тарта ишке кирет. Ага ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлигине талапкерлер дагы "Кыргыз Тесттен" өтүшөт. А, С, Б категориясы боюнча тест тапшырышат. Бүттү, азыркыдай комиссия болбойт эми.

Тесттен өттү деген сертификатың болсо гана мэр шайлоосуна кое берилет.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар