Камсыздандыруу мыйзамынын калпыстыктары

Учурда Кыргызстанда бир миллион он бир миң беш жүз жетимиш жети унаа бар.
Image caption Учурда Кыргызстанда бир миллион он бир миң беш жүз жетимиш жети унаа бар.

Жарым жылдан соң унааларды камсыздандыруу боюнча мыйзам күчүнө кирет. Камсыздандыруу мыйзамынын долбоору жыйырма жыл ичинде беш жолу сунушталып, бирок кайчы пикирлерден улам кабыл алынбай келген. Жарандык коомдун өкүлдөрү, айрым депутаттар жана карапайым эл азыркыга чейин камсыздандыруу коррупцияга жол ачат деп ишенбей келет.

Мыйзам боюнча айдоочу кырсыкка учураганда анын чыгымдарын калыбына келтирүүнү камсыздандыруу компаниясы өз мойнуна алат. Бирок Кыргызстанда көптөр унааларын камсыздандыргысы келбейт, анткени камсыздандыруучу жеке компанияларга ишеним төмөн.

"Камсыздандыруу ишканалары мамлекеттик болсо эч нерседен коркпой туруп камсыздандырсаң болот. Ал эми жеке ишканаларга ишене албайм. Алар банкрот болуп жабылып калса, каражатыбызды кантип кайтарып алмак элек",- дейт Бишкектин тургуну Мирбек.

Жарандардын күмөн саноосу жөн жеринен эмес. Анткени Кыргызстанда камсыздандыруу боюнча иш алып барган 18 компания болсо, алардын бирөө гана мамлекеттик. Адистердин айтымында, 2019-жылы күчүнө кирүүчү мыйзамда камсыздандыруу компанияларынын жоопкерчилиги так көрсөтүлгөн эмес.

"Мыйзамга ылайык, эгер айдоочу унаасын милдеттүү түрдө камсыздандырбаса ага айып салынат. Ал эми камсыздандыруучу ишкана кырсыкка кабылган айдоочунун чыгымдарын калыбына келтирүүдөн баш тартып, же кечиктире турган болсо эмне үчүн жоопко тартылбашы керек? Аларды административдик жоопко тартуу жагы дагы каралган эмес. Ошондой эле чыгымдардын баасын аныктоону камсыздандыруучу компанияларга жүктөп коюшкан. Алар кандай аныктайт ким билет",- деди Автоунааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча мекемелер аралык жумушчу комиссиянын мүчөсү Эмил Бостериев.

Image caption Автоунааларды камсыздандыруунун так баасын өкмөт азырынча аныктай элек.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлү Нурлан Байбосуновдун айтымында, чыгымдарды аныктоо жабыркаган киши менен бирге чечилет. Эгер төлөмдөргө нааразы болсо көз карандысыз эксперттерге кайрылууга укуктуу. Эксперттин корутундусунун негизинде компания төлөмдүн өлчөмүн аныктап берет.

"Бирок кырсыкка күнөөлүү болгон автоунаа ээсинин ден-соолугун жана унаасын калыбына келтирүү үчүн төлөм берилбейт. Каражат анын кесепетинен жабыркаган үчүнчү жакка гана берилет. Бирок бул кырсыкка күнөөлүү деп табылган киши үчүн чоң жеңилдик. Анткени күнөөлүү деп табылган айдоочунун үчүнчү жакка болгон жоопкерчилигин толугу менен компания өз мойнуна алып жарпайбы",- деди Нурлан Байбосунов.

Алыс барбай эле коңшу мамлекеттер менен салыштыра турган болсок, Кыргызстан камсыздандыруу жагынан кыйла эле артта калган. Маселен, автоунааларды камсыздандыруу Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда эбак эле киргизилген. Ал эми Кыргызстанда эми гана мыйзам күнүнө киргени турат. Учурда автоунааларды камсыздандыруунун так баасын өкмөт аныктай элек. Ал жакын арада аныкталып, коомдук талкууга чыгарылат. Расмий маалыматтарга ылайык, учурда Кыргызстанда унаалардын саны бир миллион он бир миң беш жүз жетимиш жетиге жеткен.

Тектеш темалар