Кыргызстан: мөңгүлөр жылына 8-9 метрге чейин кыскарууда

Кыргызстанда коомчулук социалдык, экономикалык көйгөйлөр менен алпурушуп жүрүп, климаттык өзгөрүүлөргө чоң деле маани бербейт. Бирок, акыркы жылдары изилдөөчүлөр мөңгүлөрдүн абалына байланыштуу кооптуу коңгуроо кага баштагандан бери глобалдык жылуулуктун эпкини сезиле баштагансыды.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Видео: Кара-Баткак мөңгүсүнө сапар

Мөңгүлөрдүн бат ээрип жатышы боюнча билдирүүлөр канчалык олуттуу? Биз Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы Кызыл-Суу айылында жайгашкан Улуттук илимдер академиясынын Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборуна мына ушул суроого жооп издеп келдик. Борбордогу илимий топтун кезектеги сапарын күтүп жүрүп, изилдөөчүлөр Кара-Баткак деп аталган мөңгүгө байкоо салганы жөнөп жатканда, биз дагы топко кошулдук.

Биз сапар алган мөңгүгө өткөн кылымдын тээ 50-жылдарынан тарта эле такай байкоо жүргүзүлүп келген. Ошондуктан бул мөңгүдөгү кырдаал өлкөдөгү жалпы абал боюнча дагы болжолдуу маалыматтарды бермек.

Кара-Баткак мөңгүсүнө сапар

Станцияга чейин унаа менен келип, андан ары ат менен дагы үч сааттык жол жүрдүк.
Image caption Станцияга чейин унаа менен келип, андан ары ат менен дагы үч сааттык жол жүрдүк.

Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылында жайгашкан илимий борбордо кызматкерлер жетекчиликтин көрсөтмөлөрүн алгандан кийин, Чоң-Кызыл-Суу капчыгайындагы станцияны көздөй бет алдык.

Бул жерде гидрометеорологиялык станция жайгашкан. Станцияга чейин унаа менен келип, андан ары ат менен дагы үч сааттык жол жүрдүк.

Биз бет алган Кара-Баткак мөңгүсү - Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында жайгашып, деңиз деңгээлинен 4800 метр бийиктикте. Биз болсо 3300 метр бийиктиктеги мөңгүнүнүн этек жагына жеткенибиз эле чоң олжо деп болжогонбуз.

Капчыгайдагы күрүлдөп кирип турган суунун башаты дал ошол мөңгүдөн башталат экен. Карагайлуу токойду аралап, улам өр тартып, таштак жол менен өйдө көтөрүлө жүрүп олтуруп Кара -Баткак мөңгүсүнө жетесиң, мөңгүнүн алдында изилдөөчүлөрдүн жол үйү бар.

Мөңгүнүн тили - илимпоздор ушундай аташат экен. Кара-Баткак мөңгүсүнүн этек жагына күн кечтей баштаган учурда жете келдик. Мөңгүнүн соңку жылдары тездик менен ээрип жатканын анын алдындагы көлдөн аңдаса болот. 200 миң метр кубду түзгөн көл кийин эле пайда болгон. Азыр бул көлдүн үстүндө дагы өзүнчө көлмө топтолуп жатканына күбө болдук.

Кара-Баткак мөңгүсү Сүрөттүн автордук укугу bakyt ermenbaev

"1960-жылдан бери мөңгү 500 метрге чейин артка чегинип, аянты кыскарып кеткен. Биз орточо эсептеп чыктык, жыл сайын 8-9 метрге чейин кыскарып жатыптыр. Буга чейин чоң көлдү көрбөдүкпү, ал эми бул көлмө болсо соңку 5 жыл ичинде эле пайда болду. Мөңгү ээрип, андан жарака пайда болуп, ошол аркылуу көлмө жаралды",-деди мөңгүгө байкоо салып жаткан УИАнын илимий кызматкери Бакыт Эрменбаев.

Мөңгү ээриген аймактагы карагай көчөттөрү

Тянь-Шань карагайы - деңиз деңгээлинен үч миң метрден бийик жерде өспөйт деген илимий тыянактар бар. Бирок, мөңгү ээрип кеткен аймактан Тянь-Шань карагайынын көчөтү өсө баштаганын көрдүк.
Image caption Тянь-Шань карагайы - деңиз деңгээлинен үч миң метрден бийик жерде өспөйт деген илимий тыянактар бар. Бирок, мөңгү ээрип кеткен аймактан Тянь-Шань карагайынын көчөтү өсө баштаганын көрдүк.

Мөңгүгө чейин капчыгай ичин карагайлуу токой каптап турат. Тянь-Шань карагайы - деңиз деңгээлинен үч миң метрден бийик жерде өспөйт деген илимий тыянактар бар. Бирок, мөңгү ээрип кеткен аймактан Тянь-Шань карагайынын көчөтү өсө баштаганын көрдүк. Изилдөөчүлөр муну климаттын өзгөрүшү, аймакка олуттуу таасири катары карап жатышат.

"Мындан 30 жыл мурун бул жерди мөңгү басып турган. Мөңгү артка чегингенден кийин мынтип карагай көчөттөрү пайда боло баштады. 3250 метр бийиктикке чейин ушундай көчөттөрдү тапсак болот. Муну биз былтыр көрүп калдык. Азырынча эки жерден көрдүк. Окумуштуулар бул карагайды деңиз деңгээлинен 3 миң метр бийиктикте эле өсөт, андан бийик жерде өспөйт деп айтып келишкен. Бул күндүн жылып баратканынан кабар берет ",-деп айтып берди УИАнын илимий кызматкери Бакыт Эрменбаев.

Жааган кар менен топтолгон кардын ортосундагы айырма

Дүйнөдөгү эң чоң мөңгү жана суу запастары Кыргызстандын аймагында.

Бизди коштоп жүргөн илимий кызматкерлер бир апта мурун мөңгүгө келип, атайын жабдыктарын коюп кетишкен экен. Өзгөрүүлөрдү дыкат кагазга түшүрүп алышты.

1947-жылы Кара-Баткак мөңгүсүнүн жалпы аянты 3,2 км2 болсо, 2016-жылдагы маалыматтар боюнча 2,5 км2 болуп азайган. Мөңгү 450-500 метрдей өйдө жылып кеткен. Жыл сайын жааган кардын көлөмү менен ээригенинде чоң айырма бар. Демек, акырындап аянтты кыскара берет деп айтса болот.

Бизди коштоп жүргөн илимий кызматкерлер бир апта мурун мөңгүгө келип, атайын жабдыктарын коюп кетишкен экен. Өзгөрүүлөрдү дыкат кагазга түшүрүп алышты.
Image caption Бизди коштоп жүргөн илимий кызматкерлер бир апта мурун мөңгүгө келип, атайын жабдыктарын коюп кетишкен экен. Өзгөрүүлөрдү дыкат кагазга түшүрүп алышты.

"Кар кышында канча жаап жатат ошону эсептейбиз. Анан жыл соңунда канча ээрип кетти, ортодогу айырманы эсептеп чыгабыз. Көп жылдан бери эле жааган кар менен топтолгон кардын ортосунда чоң айырма бар - минуска эле кетип жатат",-дейт мөңгүгө такай байкоо жүргүзүп жаткан илимий кызматкерлердин бири Данияр Саякбаев.

УИАнын илимий кызматкери Бакыт Эрменбаев.
Image caption УИАнын илимий кызматкери Бакыт Эрменбаев.

"Эгерде 1960-жылдары мөңгүнүн суусу 50 пайызды түзсө, биздин соңку маалымат боюнча 64 пайыз болду. Мөңгүнүн суусу 14 пайызга көбөйдү. Сууга болгон кардын салымы азайып жатат, мөңгүнүн суусу көбөйүүдө",-дейт УИАнын Тянь-Шань бийик тоо илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Графика: Кыргызстандагы ири мөңгүлөр

Мөңгүлөрдүн ээриши Борбор Азиядагы суу көйгөйүн жаратабы?

Мөңгүлөр бат ээрип жаткандыктан, суулардын деңгээли көбөйгөн. Бирок, бул белгилүү бир чекке барганда тескерисинче натыйжа берет дейт Рысбек Сатылканов:

"Мөңгүлөр катуу ээрип, аянты азайып жатат. Ошол эле учурда суунун деңгээли көтөрүлүүдө. Эгерде 1970-жылдары Кыргызстандагы жалпы суулардын көлөмү 47 км3 түзсө, бүгүнкү күндө 52 км3 чейин жетти. Суулар дагы көбөйүшү мүмкүн. Бирок, мөңгүлөр ээрип олтуруп, белгилүү бир чекке келгенде суу азайып баштайт. Биздин максат - ошол качан болоорун болжолдоп эсептеп чыгуу. Мунун кесепети кандай болот? Кандай кырдаал түзүлөт? Ошолорго алдын ала болжолдуу маалымат берүү. Суунун көбөйүп, азайышы боюнча биз туура маалымат берсек, Борбор Азия өлкөлөрү үчүн дагы өтө маанилүү. Суу азайса, чөлкөмдө кооптуу кырдаал түзүлүп калышы мүмкүн".

Дүйнөдөгү эң чоң мөңгү жана суу запастары Кыргызстандын аймагында.

Дүйнөдөгү эң чоң мөңгү жана суу запастары Кыргызстандын аймагында. Совет мезгилинде атайын каталог түзүлүп, Кыргызстандагы ири мөңгүлөрдүн санын 6771 деп көрсөтүшкөн. Бирок, соңку 50 жыл ичинде каталог жаңыланган эмес.

Кара-Баткак мөңгүсү Сүрөттүн автордук укугу Bakyt Ermenbaev

Окумуштуулардын ырастоосунда, мөңгүлөрдүн ээриши Тянь-Шань тоо-кыркаларында 10 метрге чейин жетет. Ал эми өндүрүш аймагына айланган Кумтөрдөгү мөңгүлөрдүн абалын окумуштуулар мында да оор деп белгилеп жүрүшөт.

"Мөңгүлөрдүн эрүү темпи абдан бат болуп жаткан - Ашуу-Төр, Чоң-Котур мөңгүсү. Бул жерде табигый жүрүп жатат. Анткени күнгөй бетте жайгашкан. Ал эми Кумтөр кенинине жакын жердеги Лысый мөңгүсүнө өндүрүштүн таасири бар. Кумтөрдөн чыккан чаң ушул мөңгүгө түшүп, үстү карайып турат. Давыдовдун үстүңкү бөлүгү гана калган. Ортоңку жана ылдыйкы бөлүгүндө карьер бар. Бул жердеги мөңгүнү көчүрүп, консервация кылышкан. Кумтөрдүн эң негизги таасири Лысый жана Сары-Төргө тийип жатат",-деп түшүндүрдү Рысбек Сатылканов.

Кара-Баткак мөңгүсү Сүрөттүн автордук укугу Bakyt ermenbaev

Бүтүндөй дүйнө өндүрүштөн чыккан зыяндуу газдарды азайтып, климаттын өзгөрүшүнө таасирин тийгизген кесепеттерди жоюуга каршы чараларды издеп түйшөлүп жатканда, Кыргызстандагы бул чакан илимий борбор - аз айлык, көп түйшүгүнө кайыл болуп дүйнөлүк чакырыктарга үн кошууда.

Кыргызстандын аймагындагы атмосферанын температурасы 0,8 градуска ысыган деп эсептелсе, биз барган Кара-Баткакта 1 градуска чейин көтөрүлгөн. Мөңгүнүн ээришине мына ушул күндүн жылышы катуу таасирин тийгизди дейт окумуштуулар. Өлкө аймагында соңку 50 жылдан бери мөңгүлөрдүн көбөйгөнү байкалган эмес. Мөңгүлөр кыскарып гана келүүдө.

.

Тектеш темалар