Аденов: Бүткүл дүйнөлүк төртүнчү көчмөндөр оюндары башка өлкөдө өтөт

  • Венера Алымкул кызы
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары.

Сүрөттүн булагы, OLIVIA HARRIS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары.

Бүткүл дүйнөлүк үчүнчү көчмөндөр оюндарынын башталышына саналуу күндөр калды. Ага биринчи жолу төрт мамлекеттин президенттеринин катышуусу күтүлүп жатат. Алар Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Азербайжан мамлекеттеринин башчылары. Бийлик оюндарга төрт президенттин келүүсүн өлкөнүн башка мамлекеттер менен болгон карым-катнашынын мурдагыдан дагы жогорулап бара жатканы менен байланыштырууда. Ал эми эл арасында дүйнөлүк чоң-чоң спорттук оюндар төрт жылда бир өтүп жатса, Кыргызстанда көчмөндөр оюндары эмненин негизинде эки жылда бир уюштурулуп жатат деген бүдөмүк суроо жаралууда.

Коомдо көчмөндөрдүн ат тезегин кургатпай бат-баттан өтүп жатышын сынга алгандар арбын. Бишкектин көпчүлүк тургундары оюндун эки жылда бир өтүүсү өлкөнүн финансылык абалына оорчулук алып келет деген ойдо.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда көчмөндөр оюндарын эки жылда бир өткөрүү чечими кабыл алынган. Анын негизинде Кыргызстан быйыл үчүнчү жолу өткөрүп жатат. Уюштуруу катчылыгынан маалымдашкандай, Кыргызстан быйыл эстафетаны башка мамлекеттерге өткөрүп берүүнү пландоодо.

"Эки жылда бир өткөнү мамлекетке дагы кыйын болуп калат экен. Ошондуктан Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын мындан ары төрт жылда бир өткөрүү жагы каралууда",- деди Көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыктан башчысы Нурсулдан Аденов.

Сүрөттүн булагы, OLIVIA HARRIS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Быйыл спорттун 37 түрү боюнча сынактар уюштурулууда.

Аденовдун айтымында, көчмөндөр оюндары бир гана спорттук иш чара эмес. Ал маданий жана илимий багытты дагы камтыйт. Көчмөндөр оюндары дүйнөлүк деңгээлде өткөн башка иш-чаралардан дал ушул үч багытты бирдей алып кеткени менен айырмаланат.

"Биз бир дагы багытка артыкчылык бербей, үч багытты тең бирдей алып кетели дедик. Эгер спортко артыкчылык берип койсок, анда башка чет өлкө долбоорлоруна окшошуп, алардын арасында көрүнбөй деле калмак. Бул оюндардын өзгөчөлүгү ошондо болуп жатат. Дүйнөдө спортту, маданиятты жана илимий иштерди жуурулуштуруп өткөргөн чоң долбоорлор жок",- деди Аденов.

Көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыктан буга чейин иш-чарага Анджелина Жоли, Жеки Чан жана Леонардо Ди Каприо сыяктуу дүйнөнүн белгилүү жылдыздары дагы чакырылганын маалымдаган эле. Учурда катчылык алардан дале жооп күтүп жатат. Голливуд жылдыздары өз чыгымдарын өздөрү көтөрөт. Конок катары чакырылгандыктан келе турган болсо, аларга гонорар төлөнүп берилбейт.

Спорттук маданий иш чарага дүйнөнүн 49 мамлекетинин өкүлдөрү келет. Иш-чарага жети миңдин тегерегинде билеттер даярдалып, учурда баары сатылып бүткөн. Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга мамлекет тарабынан 307 миллион сом каралган. Андан тышкары демөөрчүлөр кошумча 200 миллиондон ашык сом бөлгөн.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым маалымдоо каражаттары Евразия өнүктүрүү банкынын ай сайын чыгаруучу микроэкономикалык иликтөөлөрүнө шилтеме берүү менен көчмөндөр оюндарын өткөрүү мамлекеттин бюджетине ири чыгым алып келе турагынын жазып чыгышкан.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2012-жылы Түрк Кеңешинин саммитинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарабынан көтөрүлүп, 2014-жылы биринчи ирет өткөрүлгөн. Көчмөндөр оюндары Кыргызстан эгемендикти алгандан кийин өлкөнү дүйнөгө тааныткан масштабдуу долбоор катары айтылып келет.

2018-жылы көчмөндөр оюнун Түркия мамлекети өткөрүүгө кызыктар экенин билдирген. Бирок оюн кайрадан эле Кыргызстанда өтүп жатат. Аны уюштуруучулар оюндун өзгөрүлбөй турган жаңы форматын бекитүү максатында Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынганы менен түшүндүрүп келишет. Көчмөндөр оюндары 2-сентябрда башталып, 8-сентябрда жыйынтыкталат.