Бишкекте Алтай таануу шеринеси уланууда

Bishkek

Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынынын 61-отуруму Бишкекте уланууда. Кыргызстанда алгачкы жолу өткөрүлүп жаткан илимий конференцияга АКШ, Германия, Жапония, Орусия, Франция, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдөн 180дей илимпоз, окумуштуулар келишкен.

ПИАКтын жылдык отуруму ушуну менен үчүнчү жолу гана Борбордук Азияда өткөрүлүүдө. Анын чөлкөмдөгү буга чейинки отурумдары 1986-жылы Ташкентте, 1992-жылы Алматы шаарында өткөн. Тарыхчы-окумуштуу Кыяс Молдокасымов бул иш-чаранын өлкө үчүн мааниси чоң дейт:

"Кыргызстан алтай тектүү элдер граппасында негизги борборду ээлейт. Ошондуктан алтай темасында кыргыздарды кыя өтүү мүмкүн эмес. Өткөн жылы Алтай цивилизациясы боюнча эл аралык форум өткөргөнбүз. Быйыл ошонун уландысы катары өтүп, көчмөндөр цивилизациясы, анын тарыхтагы орду кандай экендиги бүгүн Бишкекте талкууланып жатат".

Сүрөттүн автордук укугу President.kg

Жыйындын ачылыш аземинде өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, Алтай цивилизациясы менен байланышы бар элдер үчүн гана эмес, башка элдер үчүн да өтө маанилүү болгон конференциянын максаттарын белгиледи:

"Бүгүнкү конференциянын ишине Батыш менен Чыгыштын көрүнүктүү жана абройлуу окумуштуулары катышып отурасыздар. Алтай цивилизациясынын байыркы тарыхын, каада-салттарын, бай маданиятын изилдөө — мамлекеттер аралык ынтымакты бекемдеп, элдердин ортосунда тынчтыктын көпүрөсү болот. Тил жана маданий мурастарыбыздын жалпылыгына таянып, биз аны Алтай тектеш элдеринин жаӊы өнүгүү ресурсуна айландырышыбыз керек", -деди президент Жээнбеков.

4-сентябрга чейин боло турган бул отурумдун чет өлкөлөрдөн келген катышуучулары III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын ачылыш аземине жана "Кырчын" жайлоосундагы этнографиялык-маданий иш-чараларга сый конок катары катышат. ПИАКтын Башкы катчысы, профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле бул тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

"Берлиндеги Кыргызстандын элчилиги мени менен байланышып, бул иш-чара Кыргызстанда өткөрүлүшү мүмкүнбү деген суроо жолдогондо, мен абдан кубандым. Менимче, бул өтө туура ой болгон. Анын үстүнө алтай таануу жыйыны III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулуп жатканы абдан жакшы идея болду. Окумуштуулар булак таануу, байыркы жазууларга кызыгат. Бирок алар дагы адам да. Алар саякаттоону, көңүл ачууну жактырат. Борбор Азияга кызыккан окумуштуу үчүн салттуу оюндардан артык кандай мыкты көңүл ачуу болсун. Мен өзүм дагы, окумуштуу кесиптештерим дагы көчмөндөр оюндарына катышкысы келип турат. Бул оюндарга бир гана эркектер эмес, аялдар дагы катышып жатканы мени абдан сүйүнттү".

Image caption ПИАКтын Башкы катчысы, профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле

Тарыхчылар Алтай цивилизациясынын адамзаттын тарыхына, маданиятына, экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын чоң деп айтып жүрүшөт. Алтай-Энесай өз мезгилинде кыргыз улуу империясынын мамлекети болуп турган.

ПИАКтын отурумдарында алтай тектүү элдердин орток жана өз ара айырмалуу тилдери, тарыхы, салттары, маданий мурастары жана башка кубулуштары ырааттуу иликтенип келет.

Быйылкы отурумда алтай тектүү дүйнөнүн элдик (спорттук жана башка) оюндары, аларга байланыштуу салттары жана үрп-адаттары тууралуу ар кыл темаларга арналган баяндамалардан тышкары соңку археологиялык, булак таануучулук жана башка жаңы табылгалар жөнүндө илимий баяндамалар да ортого салынмакчы.

ПИАК алтымыш жыл мурда, 1957-жылы Мюнхен шаарында болуп өткөн 24-эл аралык чыгыш таануучулар конгрессинин чечими менен түзүлгөн. Ошондон бери алтай таануучулардын эл аралык конференциясы жыл сайын өткөрүлүп келет. (AT)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар