Ош: эмдөөдөн баш тарткандар көбөйдү

Ош

Ош облусунун Араван районунда диний көз караштан улам эмдөөдөн баш тарткандар көбөйгөнү айтылууда. 2017-жылы Ош облустук санитария-эпидемиологиялык станциясынын райондор боюнча көрсөткүчүнө таянсак, эмдөөдөн баш тарткандардын 58 пайызы Араванга туура келет.

Өткөн жылы аймакта 374 адам эмдөөдөн баш тартса, 2018-жылдын биринчи кварталында эле ушундай 217 учур катталды.

Араван санэпидемкөзөмөл борборунун башкы дарыгери Чолпонбай Мурзубраимовдин айтымында, мындай үй-бүлөлөргө кызматкерлер такай түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө:

"Мечит, медреселерге чейин барабыз. Имамдар да түшүндүрүп, жумуш аткаргандай болот. Бирок муну толук бойдон жоё албай жатабыз".

Бул багытта райондогу санитардык- эпидемиологиялык кызмат жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору түшүндүрүү иштерин алып барууда. Башкы дарыгердин айтымында, бала төрөлгөндөн баштап эле ымыркайдын ата-энеси эмдөөдөн баш тартып, бул боюнча кат да жазып калтырып кетишет:

"Ар кандай диний көз караштардан же түшүнбөстүктөрдүн улам эмдөөдөн баш тарткандар бар. Баланын ата-энеси, туугандары баш тартуу боюнча кат жазып беришет. Бул Кыргызстандын иммунопрофилактика боюнча мыйзамынын 5-беренесинде көрсөтүлгөн".

Кыргызстанда план боюнча эмдөө тогуз оор илдеттин алдын алат. Дарыгерлердин билдиришинче, вакцина болбосо оору миңдеген адамды өлүмгө же майыптыкка алып келиши мүмкүн. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсебинде, эмдөө бул инфекциялык оорулардан жылына экиден үч миллионго чейин адам өмүрүн сактап калат.

Анткен менен эмдөөдөн баш тарткандардын айрымдары интернеттеги видеолордон же башка адамдардын бул тууралуу айткан терс пикирлеринен таасирленсе, кээлери вакцинанын курамы начар, сапатсыз деген күмөн ойдо жүргөнүн кеп салышат:

"Биздикилердин текшерүүгө аппараты да жок экен. Вакцинанын эмнеден даярдалганын да айтышпайт. Анан кантип балдарды аларга алып барабыз? Терс таасири болбосун деп неберелеримди, балдарымды эмдөөгө алып барган жокмун",-деди атын атагысы келбеген Араван районунун тургуну .

Дилбар Хашимжан кызы мектепте медайым болуп эмгектенет. Анын милдети окуучуларды эмдөөгө алып келүү. Дилбар адамдардын көбү диний көз карашынан улам балдарын эмдетишпейт.

"Он бир, он алты жаштагы окуучуларды эмдөөгө алып келем. Бир, эки күн мурун окуучуларга эмдөөгө келесиңер деп эскертүү берем. Эмнеге экенин түшүндүрүп, ата-энеңерден сурап келгиле дейм. Көбүнчө жоолук салынып, оронуп жүргөн кыздар эмдөөгө барбайбыз дешет".

Эмдөө бир гана илдеттен адам өмүрүн сактап калбастан, өмүрдүн узундугуна, жалпы иммунитетке жакшы таасир этээри излдөөлөрдө далилденгени айтылат.

Адистер туура тамактануу, экологиясы жакшы жерде жашоо жана денени чыңоонун маанисин да жокко чыгарбайт. Бирок айрыкча эл, унаа, өндүрүш көп шаар жеринде эмдөөнүн зарылдыгы ого бетер артат. (NT)