Мигрант качан пенсияга жетет?

  • Элеонора Сагындык кызы
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
ЕАЭБге мүчө беш өлкө мигранттардын пенсиясы тууралуу келишимге 2019-жылы кол коеру күтүлүүдө

Сүрөттүн булагы, Federation of Migrants of Russia

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

ЕАЭБге мүчө беш өлкө мигранттардын пенсиясы тууралуу келишимге 2019-жылы кол коеру күтүлүүдө

Мигранттардын пенсия маселеси Евразия экономикалык биримдигинин алкагында түзүлүп жаткан келишим менен чечилет делип, бирок ал документ үч жылдан бери ишке аша элек.

Ал арада 90-жылдардын башында Россияга жоон топ болуп кеткен орто муундагы мигранттардын алды пенсия курагына чыгып, маселе кабыргасынан коюлчудай болуп турат.

ЕАЭБдеги пенсия экспорту

Россиядагы кыргыз мигранттары өлкө ЕАЭБге мүчө болуп киргени, 2015-жылдан тарта пенсия маселеси чечилет деп күтүп келишет. Бирок андан бери үч жыл өтсө дагы келишим ЕАЭБге мүчө мамлекеттер ичинде ички макулдашуудан толук өтүп бүтө элек.

Документтеги негизги нерсе - бул мигранттардын пенсиясын экспорттоо маселеси болууда.

Келишим боюнча мигранттарды пенсияга чыгаруу жана акы төлөп берүү пропорционалдык принцип боюнча жүрөт, башкача айтканда ЕАЭБге мүчө ар бир өлкө анын аймагында алынган стажына жараша жаранга пенсия төлөйт.

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

20-февралда ЕАЭБ өлкөлөрү мигранттарга социалдык төлөм боюнча жыйын курган

"Мисалы Кыргызстандын бир мигрант жаранын алалы дейли. Ал мекенинде 10 жыл иштеп, анан кийин Россияга барып 10 жыл иштеп, кийин Арменияда беш жылдык эмгек стаж чогултса, биз ошол иш жылдарынын баарын эске алып, ага толук базалык пенсияны чегеребиз. Мигранттарга пенсия жашаган жери боюнча берилет, бирок анын пенсияны ал кайсы өлкөлөрдө иштеп, пенсиялык фондго акча төлөгөн болсо, ошол өлкөлөрдөн экспорттолот", -деп түшүндүрдү Кыргызстандын Социалдык фондунун адиси Светлана Ли.

Адис бул келишим алкагында пенсия ЕАЭБ ичинде мыйзамдуу иш алып барган мигранттар үчүн гана чегерилерин кошумчалады.

Мигрант картайганда

Быйыл 20-февралда ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн социалдык төлөмдөргө тийиштүү өкүлдөрү келишим боюнча жыйын куруп, мигранттарга пенсия чегерүү маселесинде талкуу жыйынтыкталып калганын билдиришкен.

Мигранттарды кабыл алуучу өлкө катары Россия ал келишимдин айрым жагдайларына макул болбой жатканы да айтылган эле.

Ошентип өкмөт аралык сүйлөшүүлөрдүн учугу узарып жаткан чакта, 90-жылдары Россияга кеткен орто муундагы жоон топ мигранттарды алды пенсия курагына келип калды.

Сүрөттүн булагы, Center.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Массалап пенсияга чыга турган мигранттар маселесин эртелей чечип берүү эскертилди

Москвада иш алып барган кыргыз мигранттарынын бири Толкунбай Кулматов жакында кыргызстандык мигранттар массалык түрдө пенсияга чыгарын кыргыз өкмөтүнө эскертти.

"Азыр бул көйгөй анча билинбеген менен анын башы башталып калды. Россияга башында барган мигранттардын алды пенсияга чыга башташты. Кыргыз мигранттары Россиянын социалдык фондуна төлөмдөр төлөп жатат. Пенсия маселеси эми көйгөй жаратышы мүмкүн да. Мигранттардын пенсиялык камсыздандыруу маселесин ойлоого мезгил келди. Эртең мигранттар пенсияга чыгып бул жерге келгенде, аларга кайсыл жактын пенсиялык фондду акча төлөйт?", - деп суроо койду мигрант.

ИДПнын үчтөн бири - мигранттардын которуулары

Миграция кызматынын маалыматы боюнча Кыргызстандан сыртка иш издеп кеткен жарандар саны 800 миңден ашат.

Бирок, чынында, Россияда жүргөн эле мигранттардын саны эчак миллиондон ашып, керек болсо 1,5 миллионго жетип калгандыгы айтылып жатат.

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Мухаммед Абылгазиев кезинде Социалдык фондду жетектеген

"Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов мигранттар тууралуу өткөн тегерек стол үстүндөгү талкууда Улуттук банкка шилтеме берип мигранттардын өлкөгө болгон салымын сандар менен айтып берген эле:

"2017-жылы өлкөнүн ИДПсы 7 миллиард 237 миллион доллар болсо, ошонун 2 миллиард 482 миллиону доллар кирешеси бул эмгек мигранттарынан келген. ИДПнын 34,3% түзөт экен. Ал акчанын 90% Россиядагы эмгек мигрантарынан келип жатат. Бул Улуттук банкктын расмий билдирүүсү".

Жеңиш Молдокмактов мигранттардын акчасына үмүт артып, бирок аларга кадырлуу карылык камсыздап берүүгө өкмөттүн чамасы келеби деген суроону койгон болчу.

Түркиядагы мигранттардын үмүтү

Мигранттардын көбү Россия жана Казакстан иш алып барганы менен, Түркияда да 14 миндей кыргызстандык бар.

Президент Сооронбай Жээнбековдун быйыл апрелде болгон Түркиядагы расмий сапарынын алкагында эки өлкө ортосунда мигранттарды социалдык камсыздандыруу жөнүндө келишимге кол коюлган эле.

Келишимде Түркияда эмгек визасы менен иштеген кыргызстандыктар Түркиядан да, Кыргызстандан да пенсия ала ала турганы жазылган.

Бирок Түркиядагы эмгек мигранттарынын он гана пайызы эмгек визасы менен иштери айтылат.

Анын үстүнө ал келишимди ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгуу көпкө созулуп кетиши мүмкүн деген чочулоо бар.

Макулдук бар, механизм жок

Кыргызстанда иш алып барган жападан жалгыз мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун генералдык директору Кадырбек Нурмамбетов ЕАЭБ, Түркия менен жүруп жаткан өкмөт аралык сүйлөшүүлөрдөн майнап чыгарына көп ишеңкиребейт.

"Макулдук болду, бирок ошонун механизмдери али иштелип чыга элек. Иштелип чыгышы да күмөн жаратат. Себеби башка мамлекет Кыргызстандын жарандары үчүн өзүнчө эсеп жүргүзгөнгө кызыкдар эмес. Бардык мамлекеттерде эле ошо да. Кыргызстандын жараны Россияда иштеп туруп ал жактын пенсиялык фондуна акча төлөсө, ал ошол жерден алышы керек. Аны өзүнчө эсеп кылып туруп, Кыргызстанга которуп бериш аябай оор да, мүмкүн болобу же жокпу айта албайм",- деди Кадырбек Нурмамбетов.

ЕАЭБге мүчө беш өлкө: Армения, Беларусь, Россия, Казакстан жана Кыргызстан мигранттардын пенсиясы тууралуу келишимге 2019-жылы кол коеру күтүлүүдө.