Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келет

Шавкат Мирзиёев Өзбекстанда 2016-жылы өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Шавкат Мирзиёев Өзбекстанда 2016-жылы өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан

Кыргызстандагы өзбек элчиси Комил Рашидов Кыргызстан жана Өзбекстандын кош келген Эгемендик күнү майрамдарына карата маалымат жыйынын өткөрүп, эки өлкө ортосундагы учурдагы кызматташтыктын урунттуу учурларына токтолду.

Элчи өзбек президенти Шавкат Мирзиёев 3-сентябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын Саммитине катышуу үчүн Бишкекке келерин билдирди.

Мирзеев 2-сентябрга белгиленген III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышабы же жокпу азырынча белгисиз.

Чечилбеген чек ара көйгөйү

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет аралык кызматташтыгы түзүлгөнүнө быйыл 25 жыл толот.

Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовдун башкаруу жылдарынын соңунда өлкө аралык мамиле чек ара маселесинде кескин сууп кеткен. Ал түгүл коңшу өлкө аскерлери талаштуу аймакка кирип, кыргыз жарандарын барымтага алып кеткен окуялар да катталган.

Байкоочулар Өзбекстанда бийлик алмашып, Шавкат Мирзиёев президент болгону, анын коңшу мамлекеттер менен алаканы жакшыртуу саясатынын алкагында эки мамлекет ымаласы кыйла жакшырганын белгилеп жатышат.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Кыргызстандагы өзбек элчиси Комил Рашидов.

Кыргызстандагы өзбек элчиси Комил Рашидов 2016-жылдан бери чек ара маселесинде эле өкмөт аралык 28 жолугушуу болгонун бүгүнкү жыйында белгилеп өттү.

"Өкмөт аралык ушундай үзүрлүү иштин жыйынтыгында талаштуу аймактардын такталбаганын 15% калды. Азыр да интерсивдүү жана конструктивдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", -деди элчи.

Рашидов бирок кыргыз экславы Барак үчүн өзбек тарап эмне берет, алыш-бериш эмненин эсебинен жүрөт тактаган жок.

Кыргыз картошкасына таңсык эмес Өзбекстан

Августта Өзбекстан Кыргызстандан өз аймагына картошка ташып кирүүгө тыюу салган. Кыргыз өкмөтү коңшу өлкө буга карата расмий түшүндүрмө бербегенин, Кыргызстандын Экономика министри Олег Панкратов маселенин чоо-жайын билүү үчүн Ташкентке барарын буга чейин кабарлаган.

Элчи бул окуя боюнча төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди:

"Ооба, биз буга чейин Кыргызстандан картошканы импорттоп келгенбиз. Оор мезгилдер болуп Кыргызстан эле эмес башка өлкөлөрдөн да картошка алчубуз. Бирок бүгүнкү күнү биздин айыл чарбачылар картошканы импорттобой, эми экспорттоп калды", - деди Комил Рашидов.

Бирок элчи эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык өсөт деген ишенимде.

Былтыр Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы товар алмашуунун деңгээли 1 миллиард 500 миллион долларга чамалаган.

Алыскы туугандан жакын коңшу артык

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев кызматка киришкени сырткы саяатта ириде коңшу мамлекеттерге басым жасап, активдүү регионалдык саясат жүргүзүп келет.

Кыска мөөнөт ичинде өзбек президенти Кыргызстан эле эмес, Тажикстан, Казакстан мамлекеттери менен мурунку авторитардык бийлик тушунда салкындап келген алаканы кызыта алды.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Өзбек президентинин Кыргызстанга болгон соңку сапарынан сүрөт

Айрым талдоочулар Мирзиёев Борбор Азия лидерлери ичинен негизги оюнчуга айланганын да айтып жатышат.

"Мирзиёев жүргүзүп жаткан азыркы саясатка баа берсем, ал Кыргызстан 1990-жылдары жүргүзгөн саясатты эми баштап аткандай. Бирок биз бул жагынан алда канча алдыга кеттик. Өзбекстан Кыргызстан жасаган реформалардын 20% да жасай элек, сөздүн ачыгы. Мисалы, Өзбекстанда эми гана валютаны эркин конвертация кылуу мүмкүн болуп калды. Эми-эми менчик фирмаларды өлкөгө киргизе башташты. Либерализмдин элементардык эрежелерин эми киргизип жатышат. Бирок биз сыяктуу болуп радикалдуу, жерди сатып алганга болот деген өңдүү, виза маселесинде реформаларга али бара элек", -деди саясат талдоочу Сейтек Качкынбай.

Соңку жолу Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мындан туура бир жыл мурун, былтыр сентябрда мурунку кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин тушунда келип кеткен.

Тема боюнча башка макалалар