Абдырахманов: Бизде коррупцияга батпаган бир дагы мамлекеттик ишкана жок

gov Сүрөттүн автордук укугу Gov.kg

Мамэкотехинспекциянын жана "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жакында эле иштен кеткен эки кызматкери интернет аркылуу мамлекет башчыга жана тиешелүү органдарга кайрылып, бул мекемелер жемкорлукка батып калгандыгы тууралуу билдирүүлөрдү жасаганы коомдо кызуу талкуу жаратууда. Алар мамлекеттик мекемелердеги мыйзамсыз иштерди ачыктаганы үчүн өздөрүнүн жана жакындарынын коопсуздугуна коркунуч жаралганын айтып чыгышкан.

Би-Би-Си мамлекеттик кызматтагы коррупциялык схемалар жана жемкорлукту жок кылуу тууралуу өлкө тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча мурдагы депутат Өмүрбек Абдрахманов менен маектешип, алгач жогорда аты аталган кызматтар канчалык коррупцияга баткан болушу мүмкүн, деген суроону узатты.

Өмүрбек Абдырахманов: Бизде коррупцияга батпаган бир дагы мамлекеттик ишкана жок. Бул алардын башкаруу системасы авторитардык болуп жатканында. Мындай системада коррупциясыз чиновниктер болушу мүмкүн эмес. Учурда президенттин коррупцияга каршы баштаган күрөшүнө эл ишенип, үмүт артып турат. Мүмкүн ошол кызматкерлердин айтканы такталып, бир топ чиновниктер иштен кетиши ыктымал. Ал эми жемкорлукту азайтуу үчүн бүтүндөй башкаруу системасын алмаштыруу керек. Балтика өлкөлөрү же Грузиядай кылып башкаруу системасын алмаштырмайынча, эч качан коррупция азайбайт.

Сүрөттүн автордук укугу Social media

Би-Би-Си: Бул кайрылуулар чындап эле ошол тармактагы коррупцияны жок кылуу үчүн жасалган аракеттерби? Мүмкүн жетекчилик менен болгон жеке түшүнбөстүк мамилелерден улам чыгып жаткан жокпу?

Абдырахманов: Албетте, бардык нерсе жеке мамиледен чыгат. Киши өзү коррупцияга аралашып жеп жүрсө, ал маселени көтөрбөйт. Бул жерде кырдаал ар кандай болушу мүмкүн. Балким алар чындап эле таза жана ак иштеген кызматкерлер. Мүмкүн коррупцияга барганга аларга мүмкүндүк түзүлбөй калгандыр. Же болбосо иштен айдалган үчүн ушундай жолго баргандыр. Бирок кандай күндө да кайсы бир мекеменин былыктарын ачык айтып жаткан кишилерди баалашыбыз керек. Анан тыкыр иликтеп, кимиси күнөөлүү экенин аныктап чыксак туура болот.

Би-Би-Си: Ушул эки кызматкер дал ушул жемкорлук менен күрөшкөн үчүн иштен алындык деп айтууда. Кандай ойлойсуз, бул келечекте жакшы бир тренд болуп бере алабы? Мындан кийин дагы жумуштан айдалган кызматкерлер коркпой, үркпөй ошол мекеменин былыктарын ачык айтып чыга алабы?

Image caption Өмүрбек Абдырахманов

Абдырахманов: Илгери мен Стрельникова совхозунда парторг болуп иштеп калгам. Ошол учурда кайра куруу башталып калды. Кайра куруу десе чыгып алып, жалындуу сөздөрдү сүйлөп, райкомдун бюросунда, жыйналыштарында бийликтин кемчиликтерин айта баштадым. Бирок алар комиссия жиберип, мени бир айдан кийин иштен айдашты, аялымды дагы кетиришти. Ошентип менин демилгем жок болду. Муну айтайын дегеним, кыздардын бир нерсени айтып чыкканы жакшы. Бардыгы ачык-айкын болушу керек. Мамлекетке канчалык көп сын айтылса, ошончолук тазаланат. Бирок, тилекке каршы мамлекеттик кызматтагылардын көбү коррупцияга аралашкан. Антпесе мамлекет берген айлыкка жашаш мүмкүн эмес. Маселен, жол кайгуул кызматкерлерин алалы. Алар тогуз миң, ашып кетсе он миң сом маяна алышат. Ал каражат үй-бүлөсүн бакканга жетпейт. Ошондуктан аларды канчалык тыйба, канчалык кайтарба, баары бир жең ичинен акча алышат.

Би-Би-Си: Жемкорлук менен күрөшүүдө бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын кандай баалайсыз?

Абдырахманов: Жаңы келген бийлик коррупцияны жок кылам деп убада берди. Аракет кылып жатат. Бирок башкаруу системасын алмаштырмайынча, коррупция жоголбой турган нерсе. Мына, карап көргүлө, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, ошондой эле бардык авторитардык система менен жашап жаткан мамлекеттер коррупция боюнча рейтингдин эң акыркы орундарын ээлешет. Ал эми демократиялык система курган өлкөлөр коррупциянын төмөндөшү боюнча эң алдыңкы элүү орунда турушат.