Кубатбек Боронов: Тиш чукугучка чейин баарын чечтик

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын баштоого болгон даярдыктын деңгээли жөнүндө Би-Би-Синин суроолоруна жооп берди.

Би-Би-Си: Буга чейин болгон көчмөндөр оюндарынан кандай сабак алынды? Мурдакы оюндарда дааратканалар коюлганы менен эшиктерин жаап коюшкан эле. Корумдуга чейинки жол салынып бүтпөй турду эле.

К. Боронов: Бардык маселени тиш чукугучка чейин чечтик десек болот. Себеби сиз айткандай, даараткана маселеси, санитардык контролдун начардыгы, ошол мурдакы оюндарда мал союуну уюшпагандык түрдө болгону жөнүндө келген коноктордон ар кандай сөздөрдү укканбыз. Кырчын жайлоосуна журналисттер үчүн боз үй тигилип, жогорку ылдамдыктагы интернет коюлду.

Жол да курулуп бүттү. Белгиленген 106-кмге чейин атайын чоң жол асфальтталып бүттү. Андан сырткары Кырчын жайлоосуна бурулган жерден баштап, тыгындар болуп жете албай калгандар болду эле. Азыр анын баары эске алынды дагы, эки тилке менен бир багытта жүрө турган болуп жолдор оңдолду. Буюрса андай тыгын болбойт.

Сүрөттүн автордук укугу Olivia Harris/Getty Images

Би-Би-Си: Көптөгөн маданий иш чаралар өткөн жатат. Чет өлкөдөн эле беш жүздөн ашык журналист келет экен. Жергиликтүү эле журналисттерден 700 катышат экен. Жалпы жонунан көчмөндөр оюндарына канча каражат чыгымдалды?

К. Боронов: Бюджеттен жалпы 303 миллион сом бөлүнүп берилди. Конкурс жүргүзүү маселелери болуп жатат. Ал бүткөндөн кийин жалпы жыйынтыгын чыгарабыз. Каржылоо маселесинде үнөм болот. Ошондо биз болжол менен 270 млн сомдун деңгээлине чыгабыз. Көп маселелер демөөрчүлөрдүн жардамы менен чечилип атат.

Би-Би-Си: Көчмөндөр оюндарынын кезеги башка өлкөгө берилеби же Кыргызстанда эле өтө береби?

К. Боронов: Эртең түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммити өтөт. Ошол жерде бул маселе каралган жатат. Бул оюндун жабылышында биз кезекти башка мамлекетке өткөрүп беребиз.