III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: "Күч биримдиги-рух биримдиги"
- Айбек Абдылдаев
- Би-Би-Си Кыргыз кызматы
Ысык-Көл жээгиндеги Чолпон-Ата шаарында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи чоң салтанат менен өттү.
Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, РФнын Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана Фуджейра Эмиратынын канзаадасы Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки катышты.
Сүрөттүн булагы, official
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ачылыш салтанатта сүйлөгөн сөзүндө:
"Бүгүн дүйнөдөгү саясий, экономикалык, экологиялык жана маданий процесстердин темпи тездеди. Технологиялар ыкчамдык менен өзгөрүүдө. Бул көрүнүштөр адамзаттын алдында жетишкендиктер менен катар жаңы көйгөйлөрдү жаратты. Ушундай шартта көчмөн элдердин дөөлөтүн, мурасын, каада-салтын жандандыруу — зор мааниге ээ. Ал дүйнө элдеринин ынтымагын бекемдеп, гуманизмдин идеалдарын жайылтууга, табиятка, адам коомуна болгон мамилени өзгөртүүгө негиз боло алат. Көчмөндөр цивилизациясы — дээрлик миңдеген жылдык тарыхты камтыйт. Тынч океандан тартып Европага чейинки аймакты, Борбордук жана Чыгыш Азияны, Кичи Азияны жана Жакынкы Чыгышты бириктирген улуу мурас. Мындай мейкиндикти көчмөндөр гана өздөштүрө алган. Көчмөн дүйнөсү жүздөгөн элдерди бириктирет. Алардын маданияты, дүйнө таанымы кайталангыс өзгөчөлүккө ээ. Көчмөндөр цивилизациясы — дүйнөлүк өнүгүү процессинде чоң вазийпа аткарган. Батыш менен Чыгыш маданиятын ширетип, адамзаттык тарыхта дүйнөнү өзгөрткөн, жаңылануу нугуна бурган.Көчмөн маданияты — адам менен табияттын жуурулуп жашоосун өзгөчө баалуулукка айланткан. Көчмөндөрдүн башкы философиясы — материалдык жана руханий тең салмактуулукта болуунун маңызын көрсөтөт",-деп айтты.
Бул жолку Көчмөндөр оюндарына 80ге жакын өлкөдөн келген өкүлдөр катышып жатат. Бир катар өлкөлөрдүн улуттук спорт түрлөрү дагы кирип, мелдештер 37 этноспорттун түрү боюнча өтүүдө. Маселен, жапониялык, тажик, корей, монгол этноспортунун түрлөрү кирген.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын талисманы - Ак илбирс болду. Ал эми урааны: "Күч биримдиги-рух биримдиги"! Жалпысы болуп 600гө жакын медалдар ойнотулат.
.