Казак көк бөрүчүлөрү кыргыз аттары менен оюнга чыгат
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Казак көк бөрүчүлөрү кыргыз аттары менен оюнга чыгат

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы күйөрмандардын бүйүрүн кызыткан мелдештердин бири - көк бөрү боюнча алгачкы беттеш өттү.

Көчмөндөр оюнун өткөрүп жаткан Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү Монголияны 29:5 эсебинде жеңип, рекорд жаратты. Көк бөрү мелдешине 12 өлкөнүн командасы катышат деп айтылган. Бирок, бүгүн түштөн кийин кытайлык көк бөрүчүлөр учурунда каттоодон өтпөй калгандыктан мелдешке кирбей калганы белгилүү болду.

Көк бөрү командалары төрт тайпага бөлүндү:

“A” тайпасы: Кыргызстан, Алтай, Монголия.

“B” тайпасы: Кытай, Москва (РФ), Ооганстан.

“С” тайпасы: Казакстан, АКШ, Красноярск (РФ).

D: Өзбекстан, Башкыртыстан, Франция.