Ж.Саматов: казак көк бөрүчүлөрү оюнга чыгат

World Nomad Games Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO/AFP/Getty Images

Казакстандын Көк бөрү командасы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарындагы алгачкы беттешине чыкпай калды. Бирок, расмий түшүндүрмө берилген жок.

Би-Би-Си Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматовго кайрылып, Көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү мелдештери тууралуу сурады:

Жыргалбек Саматов: III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 11 өлкөнүн улуттук көк бөрү командалары катышып жатат. Чүчүкулактын негизинде төрт тайпага бөлүндү. Кыргызстан, Алтай, Монголия, Москва (РФ), Ооганстан, АКШ, Красноярск (РФ), Өзбекстан, Башкыртыстан, Франция, албетте, Казакстан дагы бар.

Сүрөттүн автордук укугу Social Media
Image caption Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Жыргалбек Саматов

Би-Би-Си: Кечээ күнү казак командасы оюнуна чыкпай калганы белгилүү болду. Оюндарга катышпайт экен деген да маалыматтар айтылып жатат.

Жыргалбек Саматов: Казактар кудай буюрса, катышат. Команда азыр бул жерде. Көк бөрү федерациясы 1998-жылы расмий түрдө катталып, Эл аралык федерация катары 2002-жылы түзүлгөн. Ошондо азыркы Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында ойнолуп жаткан эреже кабыл алынган. Демек, ошол эреже менен өтүп жатат.

Би-Би-Си: Кытай командасы дагы чүчүкулак учурунда катышып, кийин оюндарга чыкпай калды.

Жыргалбек Саматов: Кытайлар башында катышууга арыз берип, өкүлдөрү чүчүкулакка катышкан. Бирок, виза маселесинен улам командасы толук болбой калды окшойт.

Би-Би-Си: Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү Монголияны 29:5 эсебинде жеңип, рекорд жаратты. АКШ, Франция командалары дагы катышып жатпайбы. Албетте, ошол эле француздарда ат үстүндө тээ илгертен ойноп келген оюндары бар. Көк бөрүгө келгенде деңгээлдери кандай?

Жыргалбек Саматов: Бул өлкөлөрдө ат оюндары жакшы эле өнүккөн. Ошондуктан бул оюнду тез өздөштүрүшөт. Чоң жаңылыгыбызды бөлүшө кетели. Өткөн Көчмөндөр оюндарында америкалык чабандестер келип катышып кеткен эле. Алар барып, АКШда Көк бөрү федерациясын түзгөнүн айтышты. Кечээ күнү элчилиги менен дагы жолугуштук. Федерация ачылганы тууралуу бизге маалымат беришти.

Сүрөттүн автордук укугу Socia Media
Image caption Көк бөрүчү Манас Ниязов менен Кошмо Штаттарынан келген көк бөрүчү

Алар 2017-жылы казактар Көкпар өткөргөндө дагы барышкан. Ал жерде жолукканбыз, ошондо эле биздин көк бөрүнүн эрежеси көбүрөөк аларга жакканын айтышкан эле. Ошон үчүн алар Көк бөрү федерациясын түздүк дешти.