"Көчмөндөрдүн Алтын доору" сүрөттөрдө

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда миңден ашуун боз үй тигилип, этношаарчада маданий иш чаралар өтүүдө.

Nomad Games

Кырчында "Көчмөндөрдүн Алтын доору" аталышындагы театрлаштырылган оюн зоок, фестиваль өттү. Ага 1200 өнөрпоз жана 200гө чукул каскадер катышты.

Nomad Games
Nomad Games

Кырчындагы фестивалга Венгриянын премьер-министри дагы катышты. Буга чейин Венгриянын башчысы мамлекет өз тилин жана маданиятын сактап калууга аракеттенип жатканын, түрк тилдүү мамлекеттер менен жакын болгонуна сыймыктанаарын белгилеген.

Nomad Games

Этношаарчад чет өлкөлүк коноктор кыргыздын каада-салттары менен таанышууда.

Nomad Games

Этнофестивалдын жүрүшүндө Кыргызстандын бүт облустарынан келген кол өнөрчүлөр башка конокторго атайын мастер-класстарды өткөрүп жатат.

Nomad Games

Бул жолку Көчмөндөр оюндарына 80ге жакын өлкөдөн келген өкүлдөр катышып жатат. Бир катар өлкөлөрдүн улуттук спорт түрлөрү дагы кирип, мелдештер 37 этноспорттун түрү боюнча өтүүдө.

Nomad Games

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын талисманы - Ак илбирс болду. Ал эми урааны: "Күч биримдиги-рух биримдиги"! Жалпысы болуп 600гө жакын медалдар ойнотулат.

Nomad Games

.

Тектеш темалар