Руслан Казакбаев: Түрк саммити көп тараптуу кызматташууга үлгү болот

  • Венера Алымкул кызы
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун VI саммити

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун VI саммити

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун Чолпон-Атада болгон VI саммитинин жыйынтыктары жана анда көтөрүлгөн саясий маселелер жөнүндө Би-Би-Сиге Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри, Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев ой бөлүштү.

Би-Би-Си: Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити канчалык деңгээлде өз максатына жете алды?

Р.Казакбаев: Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюму түзүлгөн күндөн тартып эле, түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда саясий-экономикалык, илимий жана маданий байланыштарга түрткү болгон турганынан шек болгон эмес. Ал өз милдетин аткарып кете жатат. Бирок дүйнөдөгү бардык уюмдар сыяктуу эле иши бир жылдары жемиштүү болуп, бир жылдары ар кандай кырдаалдарга байланыштуу ишмердиги токтоп калган учурлар дагы болду.

Уюм негизделген соң Стамбулда катчылыгы түзүлдү. Азербайжанда парламенттер аралык кызматташуу уюмунун катчылыгы иштеп жатат. Астанада түрк тилдүү мамлекеттердин илимдер академиясы ачылды. Андан тышкары, Аксакалдар кеңеши сыяктуу уюмдар иш алып барууда.

Акыркы жылдары айрым мамлекеттердин президенттери саммитке катыша албай калып жатты. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы саясий чыңалуунун натыйжасында дагы саммит эки жылга кечигип өттү. Бирок бул жолу мүчө мамлекеттердин башчылары толук кандуу катышты. Чолпон-Ата саммити көп тараптуу кызматташууга үлгү болот деген ишенимим чоң.

Би-Би-Си: Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюму негизделгенден бери жогоруда сиз белгилеп кеткендей Астанада Түрк академиясы, Бакуда Түрк маданияты жана мурасы фонду түзүлдү. Ошондой эле уюмдун колдоосунда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлүп жатат. Бирок кызматташтык маданий келишимдер менен гана чектелип, экономикалык альянс катары өзүн көрсөтө албай жатканын айтып сынга алышууда.

Р.Казакбаев: Туура айттыңыз. Учурда кызматташууда көпчүлүгү маданий байланыштарга, тарыхый изилдөөлөргө, билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулуп келе жатат. Түрк тилдүү мамлекеттер байыртадан келе жаткан достук мамилени чыңдоого өзгөчө көңүл бурууда. Бирок дүйнө өзгөрүп, глобалдаштыруу, интеграция маселелери жүрүп жатпайбы.

Ал эми саясатты кармаган экономика болгондуктан, бул тармакка дагы көңүл бурулушу керек. Маселен, Түркия Кыргызстан үчүн негизги инвесторлордун бири. Казакстан менен коңшу болуп, экономикалык жактан тыгыз байланыштабыз. Өзбекстан менен болсо акыркы жылдары байланышыбыз жаңы деңгээлге чыга баштады. Мунун бардыгы туура багыттар.

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков жана Өзбекстан президенти Шавхат Мирзиёев

Би-Би-Си: Саммитке быйыл Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын ардактуу мейман катары катышканы уюмдун маанисин арттырганын белгилеп жатышат. Буга чейин Өзбекстан уюмга толук кандуу мүчө катары кошулушу мүмкүн экени айтылган эле. Бул эки өлкөнүн уюмдун отурумуна катышканы эмнеден кабар берет?

Р.Казакбаев: Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёевдин ардактуу конок катары келиши кыргыз-өзбек мамилесинин ар тараптуу өнүгүүсүнүн жакшы жышааны. Албетте, уюмга мүчө болобу же жокпу аны Өзбекстан өзү чечет. Ал эми уюмдун эшиги Өзбекстан, Түркмөнстан үчүн ачык. Жаңы түзүлгөндө аталган мамлекеттердин жетекчилери активдүү катышып дагы беришкен. Кийин өздөрүнүн саясий экономикалык кызыкчылыктарына байланыштуу көп активдүү катышпай калды. Эгер уюмга Өзбекстан менен Түркмөнстан толук кандуу мүчө болуп кирсе, анда бул уюм дагы башка деңгээлге көтөрүлөт.

Би-Би-Си: Саммиттин алкагында Азербайжандын президенти Илхам Алиев Тоолуу-Карабак маселесин көтөрүп чыкпадыбы. Ал эми Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Тоолуу-Карабак маселесинде Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн коргоого көмөк көрсөтүү керек экенин айтып, ФЕТО кыймылы боюнча уюмга мүчө өлкөлөрдү буга катуу турууга чакырды. Тактап айтканда, Алиев менен Эрдоган аймактык коопсуздук маселелерди, жаңы тобокелчиликтерди талкуулоону сунуштады. Бул багытта уюм кандай аракеттерге барышы мүмкүн?

Р.Казакбаев: Бул абдан туура маселелер. Биз боордош мамлекеттерденбиз. Ал эми дүйнөдө өзгөрүүлөр боло берет. Маселен, БУУга күнүнө бир нече суроого добуш берилип, бир нече суроо талкууланат. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызыкчылыктары бардык учурда тең эле дал келе бербейт. Ошондуктан андай маселелерге кылдаттык менен мамиле кылуу керек. Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр ушундайда бири-биринин колдой албай койсо, ага өзгөчө капачылык болбошу керек.

Өзүңүз билгендей, Кыргызстан көп уюмдарга мүчө болгондуктан Азербайжандын жана Түркиянын койгон маселелерине кылдаттык менен мамиле кылышы керек. Эгер жогоруда айтылган көйгөйлөр боюнча бир добуштан чечим чыгарылса, андай чечимдерди туруктуу колдош керек. Дүйнөдө ар бир эл аралык уюмда талаш-тартыштар боло берет. Бирок ал экономикалык, саясий, маданий байланыштарга жана достук мамилеге эч кандай таасирин тийгизбеши керек.