BSC англис тил үйрөтүү борбору Бишкекте ачылды

BSC

Бишкекте жаңы окуу жылында англис тилин үйрөткөн британиялык мектеп ачылды. Бул Улуу Британиядагы англис тилин үйрөткөн атактуу British study Centres компаниясынын Кыргызстанда биринчи ачылган окутуу борбору болуп калды.

Бул борбордо англис тилинин сүйлөшүү курсу, ишкерлер үчүн курсу жана сынактарга даярдоо курсу иштейт. Андан сырткары балдарга англис тилин үйрөтүү жана мугалимдерди даярдоо программалары да бар.

"Бул Кыргызстандагы биздин биринчи мектеп. Мунун өзү биздин окутуучулар жана мектебибиз үчүн өтө чоң жоопкерчилик. Биз мугалимдердин кесиптик деңгээлин дайыма жогорулатып турабыз. Улуу Британиядан да мугалимдер келет. Биздин максат - мугалимдерди Британиядан эле алып келүү эмес, жергиликтүү мугалимдердин дагы квалификациясын көтөрүп бир деңгээлге алып келүү",-деди борбордун маркетинг боюнча менеджери Жанна Саркисова.

Image caption BSC компаниясынын менеджерлери Жанна Саркизова (ортодо) жана Стиф Филипс (оңдо) Бишкектеги мектептин ачылышына катышты.

Ошол эле убакта борбордо алдыңкы окуучуларды кышкы, жазгы жана жайкы каникул учурунда Британияга ар кандай мөөнөткө жиберип окутуу мүмкүнчүлүктөрү да колго алынмакчы. Ошону менен катар ар кандай конкурстар, сынактар жарыяланып, жеңүүчүлөргө Британияга барып окуганга жеңилдиктер жана сыйлыктар каралмачы.

Биринчи эле күнү борбордун ачылышынын урматына Британиядан окууга эки орун акысыз бериле турганы жарыяланды.

Британиялык англис тилин үйрөтүү борбору British study Centres деген аталыштагы өзүнчө бир чоң эл аралык компанияга караштуу болуп саналат.

Аталган компаниянын жети мыкты мектеби Лондондо жана Манчестер, Оксфорд, Эдинбург, Брайтон, Йорк жана Манчестер шаарларында жайгашкан. Анын эл аралык мектеби Бишкектен мурда Алжирде, Украинада ачылган.