Кырчындагы илбирстин териси боюнча текшерүү башталды

Сүрөттүн автордук укугу Akipress
Image caption Кырчындагы кымбат баалуу аң терилери илинген боз үй Чүй областынын тургундарына караштуу деп жатышат.

Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги Кырчын жайлоосундагы этно шаарчадагы илинген ак илбристин териси боюнча иликтөө иштерин баштаганын билдирүүдө. Бул факты боюнча Мамлекеттик экотехинспекция ак илбирстин терисин ким алып келгенин, анын качан сыйрылганын тактап чыгышы керек.

Ошондон кийин күнөөлүү адамдарга тийиштүү мыйзамдык жазалар берилмекчи. Кыргызстанда илбирсти атууга тыюу салынган, аны аткандарга бир жарым миллион сом айыппул каралган.

Ак илбирс кыргыздар ыйык туткан жырткыч жаныбар. Ошондуктан аны Дүйнөлүк үчүнчү көчмөндөр оюндарынын талисманы кылып жарыялашкан.

Ошол эле убакта Кырчын жайлоосундагы этно шаарчасында боз үйлөрдүн биринде ак илбирстин териси илинип турганы оркойгон көрүнүш болуп көп суроо жаратканы түшүнүктүү.

Азыр бул фактыны Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги менен Мамэкотехинспекция териштирүүгө киришти.

Кыргызстанда Кызыл китепке кирген жаныбарларга мыйзамсыз аңчылык кылуу фактылары мурдакыдай эле токтобой жатканы белгилүү.

Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин маалыматына караганда, 2017-жылы аңчылык кылуунун эрежеси бузулган 381 факты катталып, жаратылышка 3 млн 245 миң сом зыян болгон. Натыйжада браконьерлерге 472 миң сомго доо коюлган.

Мыйзамда ак илбирсти аткандарга бир жарым миллион сом, марал, архар, аюуну аткандарга миллион сом айып пул каралган.

Соңку жылдары Кыргызстан ак илбирсти коргоо боюнча чоң саясат жүргүзүп, эл аралык уюмдар менен бирге иш алып барып жатканы белгилүү. Илбирстердин тукумун көбөйтүү максатында Ысык-Көлдө "Хан-Теңир" мамлекеттик жаратылыш паркы түзүлгөн. Натыйжада ак илбирстин саны көбөйүү тенденциясы болуп жатат. Айлана чөйрөнү коргоо агенттиги азыркы учурда Кыргызстанда үч жүздөй илбирс бар деп жатат.

Өткөн жылы Кыргызстанда ак илбирстерди сактап калуу, алар байырлаган аймактарды чыңдоо максаты менен эл аралык форум өттү. ПРООНдун атайын долбоорунун алкагында Кыргызстандагы эки ири корук - "Алатай» жана «Кан-Ачуу" 2020-жылга чейин ак илбирстер байырлаганга ылайыкталышы керек.

Тектеш темалар