“Чириген бай азиаттар” жана Азиядагы күчөгөн теңсиздик

Констанс Ву Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Актриса Констанс Ву Калифорниядагы "Чириген бай азиаттар" фильминин бет ачаарында.

Августта чыккан «Чириген бай азиаттар» фильми АКШнын прокатында үч апта катары менен лидер болуп жатат. Жеңил романтикалык комедия көрөрмандардын көңүлүн Азия өлкөлөрүндө супербайлар көбөйгөн көрүнүшкө бурууда.

Эгер сиз фильмдеги окуялар болуп жаткан Сингапурдун жайнаган соода борборлорунун бирөөнө барып калсаңыз, Prada, Gucci жана Louis Vuitton сыяктуу бутиктерден акыркы дизайнердик коллекциядагы кийимдер шыкалган чоң пакеттерди көтөрүп чыгып жаткан менменсинген адамдарды көрөсүз.

Буга окшогон көрүнүштү Азиянын башка көп шаарларынан көрүүгө болот.

Экономикалык теңчилик орногон жакшы мисал катары каралып келген региондо азыркы убакта коомдун социалдык катмарлануусу өсүп жатканы байкалат.

Oxfam эл аралык уюмунун маалыматы боюнча Азия-Тынч Океан регионунда чириген байлар саны жагынан Түндүк Америка менен Европанын байларын басып өттү.

Азыркы күнү дүйнөнүн башка регионуна караганда эң көп миллиардерлер Азияда жашайт. Ошол эле убакта бул региондун калкынын үчтөн экиси планетанын эң жакыр калкына кирет.

"Социалдык теңсиздик бул региондун бир катар өлкөлөрүндө коркунучтуу масштабга жетти», -дейт Oxfam уюмунун социалдык теңчилик маселеси боюнча бөлүмдүн башчысы Мустафа Талпур.

Forbes журналынын маалыматы боюнча, АКШ мурдакыдай эле доллар миллиардерлердин саны жагынан биринчи турат. Бул өлкөдө алардын саны 585. Бирок 373 миллиардери бар Кытай андан анчалык эле артта эмес.

Ошол эле убакта Oxfam уюму Credit Suisse - Global Wealth Databook жылдык докладынын негизинде эсептеп, Азия -Тынч океан регионун бүтүндөй алганда миллиардерлердин саны 600гө чыгып, АКШны ашып түшөт деп жатат.

Аталган региондо ошондой эле бир миллион доллардан көп актив кармаган ири ишкерлер эң көп жашайт экен.

Capgemini консалтинг компаниясынын 2018-жылдагы маалыматына караганда, Азия-Тынч океан регионунда азыркы убакта дүйнөдөгү эң карылуу ишкерлердин 34,1% жашайт, ал эми Түндүк Америкада - 31,3%.

Азиядагы ишкерлер дүйнөдөгү супер байлардын байлыгынын 30,8% ээлик кылат, ал эми Түндүк Америкадагы ишкерлердин үлүшүнө анын 28,2% туура келет.

Бул жерден 2008-2012-жылдары АКШ менен Европа өлкөлөрү масштабдуу дүйнөлүк финансылык кризистен кыйналып турганда, Кытайдын экономикасы жыл сайын 8-11% өсүп турганын айта кетүү орундуу.

Азиядагы супербайлар - алар кимдер?

Кытай ишкери Ма Хуатэн, ал ошондой эле Пони Ма деген ат менен таанымал, - Азиядагы эң бай адам. Ал Forbes журналынын рейтингинде 17-орунда турат, анын байлыгы 45,3 млрд долларга бааланган.

Телекоммуникациялык гигант Tencent Holdings компаниясынын директорлор кеңешин башкарат, Азиядагы эң популярдуу мессенджер WeChat ушул компаниянын колунда.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Пони Ма - Азиядагы эң бай ишкер

Эң бай жыйырма адамдын тизмесине ошондой эле Alibaba компаниясынын директорлор кеңешинин башчысы Джек Ма кирет.

Alibaba - дүйнөдөгү эң кымбат компаниялардын бири, анын акцияларынын наркы өткөн жылы эки эсе өстү.

Ошондой эле планетанын эң бай отуз ишкеринин катарына гонконгдук ишкер Ли Кашин жана кытайлык ишкер Ван Цзяньлинь кирет, биринчисинин байлыгы 34,9 млрд доллар, экинчисиники 30 млрд доллар.

90 жашка келген Ли Кашин ушул жылы компанияны башкаруу тизгинин улуу баласына берди. Ли Кашинге караштуу көп тармактуу конгломераттар - CK Hutchison Holdings жана CK Asset Holdings-телекоммуникация жана энергетика тармактарында иштейт.

Ван Цзяньлинь кытай конгломераты Dalian Wanda Group компаниясын башкарат, ал дүйнөдөгү кыймылсыз мүлк бизнесин кармаган девелоперлердин бири.

Dalian Wanda Group ошондой эле АКШдагы AMC кинотеатрлар тармагына жана Legendary Entertainment киностудиясына ээлик кылат.

Өткөн жылы аталган конгломерат карызын төлөш үчүн айрым активдерин, анын ичинде Кытайдагы үч тематикалык паркын сатууга аргасыз болгон.

Тектеш темалар