Насвай чегүү тукумсуздукка алпарат
- Нияз Ташматов
- Би-Би-Си кыргыз кызматынын кабарчысы

Насвай чегүү эркектердин арасындагы тукумсуздуктун негизги себеби болууда. Бул тууралуу дарыгерлер коңгуроо кагышууда. Күнүнө 10-15 жолу насвай чеккен адамдын уругу 60-70 пайызга чейин бузулат. Анын айынан көптөгөн үй-бүлөлөр балалуу боло албай келишет.
Кара-Суу районунун тургуну Кыялбек жубайы менен Ош облустук адам репродукциясы борборуна дарыланууга келишкен. Айтымында, бир жылдан бери балалуу боло алышпай, акыры тааныштары ушул борборду сунуш кылыптыр.
"Үйлөнгөнүмө бир жыл болду. Балалуу болбодум. Анан бул жакка келдим. Борборго тааныштарыбыз аркылуу келдим. Анткени алар да ушул жерге келип балалуу болушуптур. Ошого биз да келинчегим экөөбүз дарыланууга келдик", -дейт Кыялбек.
Каарманыбыз борборго келип кайрылганга чейин күнүнө дээрлик 10 жолу насвай чегип жүргөн. Анын зыянын дарыгерден уккан соң таштоону чечти.
Тукумсуздуктан дарылануу үчүн келген жаш эркектер көбөйүүдө
Аталган борбордун директорунун орун басары Абдырашит Акынбековдун айтымында, насвай чеккен эркектердин уругун аялдардын клеткалары кабыл албайт. Анын айынан 5-10 жылдап балалуу боло алышпай, аягында борборго келип кайрылган үй-бүлөлөр бар.
"Насвай мода болуп кетти. Анын канчалык деңгээлде эркектин жыныстык органдарына зыяндуулугун алар түшүнбөй чегип жатышат. Жадагалса анын эмнеден жасаларын да билишпей чегип жатканы өкүнүчтүү. Насвай - гозопайанын күлүнөн, акиташтын суусунан жана тамекинин эң начар сортунан жасалат", - деп билдирет, Ош облустук адам репродукциясы борборунун директорунун орун басары Абдырашит Акынбеков.
Насвайдын курамында ден соолукка зыяндуу 100дөн ашуун химиялык зат бар. Ошол уулуу заттар оозго салынган насвайдан канга сиңип, 5-10 секундада мээге жетет да, мээнин 95 пайыз клеткаларын жана жыныс органдарындагы уруктуктардын дээрлик 97 пайызын жараксыз кылат. Өзгөчө мындай белгилер жаштардын арасында көбүрөөк кездешип жатканын дарыгер белгилейт.
"Мектеп жашынан чеккен, өзгөчө Баткен облусунун Кадамжай районунан келип жатат. 6-7-класстан баштап насвай чеккендер келип жатат. Алардын уруктугу нөлгө түшүп жатат. Активдүүлүгү болсо жок. 100 урук болсо баары тең өлүк, же тирүүлөрү 10-15 пайызга чейин", - дейт Абдырашит Акынбеков.
"Нике жана үй-бүлө" борборунун бөлүм башчысы Ыкыбал Таштанованын айтымында, эркектер ооруп калган учурда же балалуу боло алышпаганда гана дарыгерлерге кайрылышат. Бала күтүүдө экөөнүн тең: күйөөсүнүн жана аялынын бирдей келип текшерүүдөн өтүшү маанилүү:
"Биз көп жылдан бери иштеп жатабыз. Эркектер келип кайрылып турат. Көбүнчө сезгенүү оорулары менен, простатит сыяктуу оорулары менен кайрылчу. Бирок ооруп калган учурда гана келишчү. Алдын алуу максатында эркектер бизге келип эч качан кайрылган эмес. Мына акыркы 5-6 жылдан бери эркектер да түшүнүп калды окшойт. Азыр күйөөсү менен аялы чогуу келип, чогуу дарылана башташты."
2017-жылдын алты айына карата Ош облустук адам репродукциясы борборуна биринчи жолу кайрылган 833 эркек болсо, 2018-жылдын алты айында эле 924кө жеткен. Башкача айтканда, былтыркыга караганда 91 учурга көп. Дарыгерлер тукумсуздуктун алдын алуу үчүн насвай, тамеки сыяктуу зыяндуу заттардан алыс болуу керек деп кеңеш беришет.