Көчмөндөр оюндарынын көркүн чыгарган күлүктөр

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарындагы эң кызыктуу мелдештердин бири - ат оюндары болууда. Чолпон-Ата шаарындагы көл жээгинде жайгашкан ат майданында ат чабыш, эр эңиш, көк бөрү оюндары өтүп жатат.

Көчмөндөр оюндарын көркүнө чыгарган күлүктөр тууралуу айтып беребиз.

Кунан чабыштан бир жарым чакырым кыска аралык боюнча биринчи орунду алган Данбай ысымдуу эки жаштагы күлүк.
Image caption Кунан чабыштан бир жарым чакырым кыска аралык боюнча биринчи орунду алган Данбай ысымдуу эки жаштагы күлүк.
Данбай ысымдуу эки жаштагы күлүк.

Кунан чабыштан бир жарым чакырым кыска аралык боюнча биринчи орунду алган Данбай ысымдуу эки жаштагы күлүк. Чолпон-Ата шаарындагы Бурганаковдордун бүлөсү таптаган күлүк. 1-орунда келип, 200 миң сом байге алды.

Данбай ысымдуу эки жаштагы күлүк. Чолпон-Ата шаарындагы Бурканаковдордун бүлөсү таптаган күлүк. 1-орунда келип, 200 миң сом байге алды.

"Ата-тегим ат таптап, бул өнөр муундан-муунга өтүп келе жатат. Данбай буга чейин көп эле мелдешке чыкты. Мыкты ат, ар дайым утуп келе жатат. Атты чапкан чабандес 14 жаштагы Назик бир тууган карындашым. Ат чабыштарга чабандес катары чыгып, өзү да ат таптаганды мыкты билет",-деди саяпкер Сагынбек Бурганаков.

Зара - эки жаштагы кунан байтал. Буга чейин үч жолу биринчи байгени алган.

Зара - эки жаштагы кунан байтал. Буга чейин үч жолу биринчи байгени алган.

"Көчмөндөр оюндарына эки жыл катуу даярдап, күлүктү таптадык. Буга чейин Зара күлүгүбүз Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган ат чабышта утуп алган. Абдан кубанып турабыз, эмгегибиз акталды",-деди саяпкер Керим Өмүралиев.

Победа - 6000 метрге жорго салыштан утуп чыккан күлүк.
Image caption Победа - 6000 метрге жорго салыштан утуп чыккан күлүк.

Победа - 6000 метрге жорго салыштан утуп чыккан күлүк.

Арго - мурда Кыргызстандын Көк бөрү командасында ойноп жүргөн ат. Азыр эр эңиштеги эң мыкты ат.

Арго - мурда Кыргызстандын Көк бөрү командасында ойноп жүргөн ат. Азыр эр эңиштеги эң мыкты ат.

"Сегиз асый ат, өзгөчөлүгү келишкен мүчөсү жана акылдуулугу. Эр эңиште чабандеске абдан жардам берип турат",-деди аттын ээси, Талас облусунун Эр эңиш федерациясынын жетекчиси Стамбек Осмонов.

Эки жаштагы кунан байтал -Үмүт. Тайынан баштап чабылып, бир нече байге уткан.

Эки жаштагы кунан байтал -Үмүт. Тайынан баштап чабылып, бир нече байге уткан.

"Мыкты күлүк байтал. Биз муну Көчмөндөр оюндарындагы 11 чакырым аралыкка ат чабышка салуу үчүн алып келдик",-деди саяпкери Самаган Шамурзаев.

Зидан - Көк бөрүдө "Алыкул" командасында ойноп жүргөн ат

Зидан - Көк бөрүдө "Алыкул" командасында ойноп жүргөн ат. Бул жолу бутунан бир аз жаракат алып калып, көк бөрүгө түшпөй калды.

Көк бөрүнүн мыкты жаш аттарынын бири.
Image caption Көк бөрүнүн мыкты жаш аттарынын бири.

"Жекеме-жеке ортого чыкканда абдан мыкты ат. Акылдуу, тай казанга улакты таштап жатканда абдан ыңгайлуу шарт түзүп берет",-деди чабандес Медет Отунчиев.

. (AbA)