К. Алмакүчүков: Музейдеги мрамор таштарды ким жүктөп кеткенин билем

Тарых музейи
Image caption Музейдин 3D форматында жасалган реконструкциядан кийинки көрүнүшү тартылган видео You Tube каналына коюлду.

Мамлекеттик тарых музейинин оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш аземи белгисиз мөөнөткө кечигип жатат. Буга чейин жетекчилик музейди 31-августта ачылат деп жарыялаган болчу. Би-Би-Си тарых музейдин директору Кеңешбек Алмакүчүковдон музейдин ачылышы эмне себептен кечигип жатканын сурады.

К. Алмакүчүков: Музей ачылаардан мурун жаңылануу иштери аяктады. Эми мамлекеттик буйрутма мекемеси кабыл алды деген акт түзүлүшү керек. Ал акт дагы деле түзүлө элек. Ошол документтин негизинде Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өзүнүн буйругун чыгарат. Азырынча акт жок болгондуктан буйрук чыга элек.

Би-Би-Си: Демек, акт түзүлө элек болсо,оңдоп-түзөө иштери толук кандуу аягына чыга элек экен да?

К. Алмакүчүков: Акт негизинен реконструкция кылган мекемелер тарабынан түзүлөт. Учурда ремонт иштери аягына чыгып калды. Бирок ачылышы качан боло турганын толук айта албайм. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги буйрук чыгарып, качан ачкыла десе, ошондо ачабыз. Азыр буйрукту күтүп жатабыз.

Би-Би-Си: Коомчулук музейдин ачылышын абдан чоң кызыгуу менен күтүүдө. Кандай уникалдуу жаңылануулар болду?

Image caption Тарых музейинде "Барсбек" деп аталган бул мамылардын бир даанасы 600 долларга алынганы коомчулукта чоң нааразылык туудурган эле

К. Алмакүчүков: Музей оңдоодон кийин кандай боло турганы тууралуу көп эле маалымат бергенбиз. Бирок музей толук кандуу даяр болуп, ачылыш аземи болмоюнча көп нерселерди айта албайбыз. Кандай баалуу экспонаттар коюлат, алар кандай өзгөчөлүктөргө ээ - мунун баардыгы маалымат таратуу саясаты бекитилгенден кийин айтылат. Тактап айтканда, учурда PR программабыз бекий элек.

Би-Би-Си: Музейден чыгарылып кеткен эң уникалдуу экспонат мумияны кайтаруу жагы дагы айтылып жатты эле. Эгер мумия кайра музейге алынып келине турган болсо, анын сакталышына тиешелүү шарттар каралганбы?

К. Алмакүчүков: Мен мумия тууралуу эч нерсе айта албайм. Бул суроого бизге чейинки жетекчилик жооп бериши керек. Мумия жөнөкөй экспонат эмес. Ал Улуттук тарых музейинде канча жылдан бери сакталып келген баалуу экспонаттардын бири болчу. Эгерде ал кайра музейге алынып келинсе, сөзсүз анын сакталышына тиешелүү шарттар каралат.

Би-Би-Си: Музейди оңдоо учурунда сыйрылып алынган кымбат баалуу мрамор жана гранит плиталар кайда, аны ким алып кетти деген суроо коюп жатат коомчулук.

К. Алмакүчүков: Мрамор жана гранит плиталар кайда жумшалганы тууралуу бардык тиешелүү органдардын маалыматы бар. Аны ошол органдардан сурап алгыла.

Менде кимдер кайсыл унаага жүктөп кетти деген гана маалымат бар. Аны кимге жана кайсыл жакка алып кетти, ал тууралуу билбейм.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар