Өзбекстандык көк бөрүчүлөр финалга чыкты

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Өзбекстандын көк бөрү командасы Казакстанды 5:4 эсеби менен утуп, финалга чыкты.

Жарым финалдык беттеш курч мүнөздө өтүп, өзбек көк бөрүчүлөрү күтүүсүз жерден турнирдин эң күчтүү командасы Казакстанды утуп кетти. Эми финалда Кыргызстандык көк бөрүчүлөр менен ойнойт. Мунун алдында эле Кыргызстан Орусиядан келген көк бөрү командасын 24:5 эсеби менен утуп финалга чыккан эле.

"Өзбекстанда мындан ары көк бөрүгө маани берип, өсүш болот деп ойлоп жатам. Биз үчүн эң күчтүү команда Кыргызстан менен Казакстан. Өзбекстанда аламан улак чабат элек. Президентибизге ыракмат айтабыз, бизге ушундай шарт түзүп бергенине",-деди өзбекстандык көк бөрүчү Букабаев Захыт.

Image caption Өзбекстан өз тайпасында Башкортостанды 19:1 эсебинде уткан.
Image caption Өзбекстан- Франция 19:6

Өзбекстан бул оюндарга биринчи жолу активдүү катышып жатат. Жалпысы болуп 100дөн ашуун спортчусу келди. (AbA)