Кандра Дэй: АКШ көк бөрүдөн мыкты команда болууга умтулат

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында АКШнын көк бөрү командасы жарым финалга өтпөгөнү менен мыкты оюн көрсөтүп, күйөрмандардын колдоосун алды. Би-Би-Си редактору Гүлнара Касмамбетова АКШнын көк бөрү командасынын машыктыруучусу Кандра Дэйди кепке тартып, эмнеге кыргыз көк бөрү оюнуна кызыгып калганын сурады.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
АКШ көк бөрүдөн мыкты команда болууга умтулат

Кандра Дэй: Биз "Вайоминг ковбой" менен Кыргызстандын ортосундагы маданий алмашуу программасына катышканбыз. Кыргызстанга келип фестивалга катышып, "родео" оюнун көрсөткөнбүз. Келгенде көк бөрү оюнун көрдүк. Бизге абдан жакты. Ошондой кийин көк бөрүнү өзүбүз дагы ойноп калдык.

Гүлнара Касмамбетовa: Америкалык ковбойлор көк бөрүүнү кантип үйрөндү?

Кандра Дэй: Биз көк бөрүнү өзүбүзчө эле ойноп турдук. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги бизди III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырды. Биз келгенден кийин гана көп эрежелерин билдик. Биз жаңыдан үйрөнүп жатабыз.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Көк бөрү тарткан ковбойлор

Гүлнара Касмамбетова: Демек, сиздер көк бөрүнү ушул дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келип, жаңыдан үйрөнүп жаткан турбайсыздарбы?

Кандра Дэй: Ооба, эрежелерди бул жерден үйрөнүп жатабыз. Биздин мыкты машыктыруучубуз бар. Акырындап үйрөнүп жатабыз. Беттешке чыгардын алдында эки күн машыктык.

Гүлнара Касмамбетова: Сиз экөөбүз сүйлөшөөр алдында, бир америкалык ковбой улакты тай казанга ыргытам деп, өзү кошо тай казанга кирип кетти го, ал ким?

Кандра Дэй: Анын аты Влад Хоуэлл. Ал АКШда родео боюнча чемпион. Ал бизондорду багат. Влад көк бөрүнү жаңыдан үйрөнүүдө. Бирок, ага карабастан улакты тай казанга таштады.

Image caption АКШнын көк бөрү командасы

Гүлнара Касмамбетова: Ооба, ал бир улак таштабадыбы.

Кандра Дэй: Ал экини таштады. Мыкты чеберчилигин көрсөтүп барып, улакты тай казанга таштады. Влад жаңыдан үйрөнүн жатат. Ал келечекте мыкты оюнчу болот.

Гүлнара Касмамбетова: Сиз Америкага кайтып барганда көк бөрү оюнун ковбойлорго үйрөтүп, аны жайылтайын деп көздөп жатасызбы?

Кандра Дэй: Ооба, сөзсүз. Кыргыз көк бөрү командасы жана Кыргызстандын көк бөрү федерациясы бизге жардамын сунушташты. Биз АКШда жаңыдан Көк бөрү федерациясын түздүк. Биз оюндун эрежелерин үйрөнүп, мыкты команда болууну көздөйбүз. Бизге бул оюн абдан жакты жана анын маанисин дагы аңдап турабыз.

Image caption Би-Би-Си редактору Гүлнара Касмамбетова менен АКШнын көк бөрү командасынын машыктыруучусу Кандра Дэй.

Тема боюнча башка макалалар