Континенттин эки жагында турса дагы усталарды бириктирген өнөр

Би-Би-Си редактору Гүлнара Касмамбетованын "Көчмөндөр ордосунан" баяндамасы.

Видеонун түшүндүрмөсү,

Жон Уорик: кыргыздардын кайыш менен иштегени кызыктырды

Көчмөндөр оюндары тек гана күч сынашуу спорттук мелдештер эмес, Кырчын жайлоосунда республиканын бардык облус, райондорунан кол өнөрчүлөр чогулуп келип, кылымдар бою сактап келген өнөрүн көрсөтүүдө.

Биз камчы өрүп, конкурска катышып жаткан усталардын бири Мирбек Улакеевди кепке тарттык: Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылынан келдик. Ысык-Көл облусунун атынан чыгып жатабыз. Ата-бабадан калган өнөр. Илгеркилер ушуларды жанына салып жүрүп, алыс жолго кетип баратканда бир нерсе болсо өзүлөрү жасап алып жүрчү".

Гүлнара Касмамбетова: Жакшы камчы кандай болуш керек?

Мирбек Улакеев: Жакшы камчы болуш үчүн атайын чен-өлчөмү бар, ошону жакшылап чыгарып, кайышты мыктылап көктөш керек. Камчынын өрүмдөрү майда болуш зарыл.

Гүлнара Касмамбетова: Кайыштын сапаты кандай болушу керек?

Мирбек Улакеев: Кайыштын сапаты көккө жараша болот. Көктү жакшы жасаса, жакшы болот.

Кырчын жайлоосунда кыргыздын байыртан келе жаткан каада-салты, өнөрү, маданияты менен таанышып жүргөн Англиядан келген тери иштеткен кол өнөрчү Жон Уорикти жолуктурдук.

Жон Уорик: Мен дагы Англияда өз колум менен кайыштан буюм жасайм. Кыргыздардын кайыш менен иштегенин кызыгып карап турдум. Ыкмабыз окшош болгону менен, кыргыздар эң жөнөкөй иш куралдарын колдонот экен. Континенттин эки башка жагында турсак да, усталар окшош болот экенбиз.

Гүлнара Касмамбетова: Сиздер дагы көчмөндөрдөн тарагансыздарбы?

Жон Уорик: Балким, менин ДНК анализимди текшерип көрбөйсүзбү. Канымда бар болуш керек. Ооба.