Бүйүр кызыткан көк бөрү

Көк бөрү боюнча Кыргызстандын командасы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын чемпиону болду. Финалдык беттеште кыргызстандыктар Өзбекстандын көк бөрүчүлөрүн 32:9 эсебинде утушту. Коло медалды казакстандык көк бөрүчүлөр алды.

Чакан сүрөт баянды сунуштайбыз.

Image caption Көк бөрү күйөрмандары баш байге үчүн мелдешке агылып келе баштады
Image caption Камбар ата тукуму табында

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында АКШнын көк бөрү командасы жарым финалга өтпөгөнү менен мыкты оюн көрсөтүп, күйөрмандардын колдоосун алды. Алар ат оюндун бул түрун өнүктүрүү ниетинде. Бул көк бөрү сүйүүчүлөрдү кубанткан саамалык болду.

Image caption Дүрт чыгат, дүбүрт чыгат...

Адаттагыдай эле Кыргызстан-Казакстан курама командалары финалда беттешет деген болжол бул ирет такыр башкача болуп чыкты.

Image caption Оюн талаасы кызый баштаган чак

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Өзбекстандын көк бөрү командасы Казакстанды 5:4 эсеби менен утуп, финалга чыккан.

Image caption Тайказанга таамай түшкөн улак

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарындагы эң кызыктуу мелдештердин бири - ат оюндары экени талашсыз. Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү эле эмес, ат чабыш, эр эңиш да өттү.

Image caption Оюн кызыганда улакчы баарына кайыл

Кыргызстанда көк бөрү маараке же чоң салтанаттарда эле эмес, жөнөкөй күндөрү да байма-бай тартылып келет. Ал тургай ызгардуу кышта да токтобогон негизги ат оюну.

Image caption Көз ирмем...
Image caption Камчы бирде билекте, бирде ооздо...

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар