Оштогу прокурордун орун басарынын сырдуу өлүмү иликтенүүдө

  • Нияз Таштанов
  • Би-Би-Си
Прокурордун орун басарынын жансыз денеси анын үйүнөн табылган.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Прокурордун орун басарынын жансыз денеси анын үйүнөн табылган.

Ош шаарында облустук прокурордун орун басары Төрө Кожошевдин өлүмү боюнча эки башка версия болуп жатат. Башкы прокуратура анын асынып өлгөнүн ырастаган менен жакын досу маркумдун жүрөгү кармап каза болгон дейт.

Төрө Кожошевдин өлүмү боюнча кабар Ош ОИИБге 10-сентябрда саат 9:30да түшкөн. Учурда Кара-Суу РИИБ менен Ош ОИИБден жөнөтүлгөн эки топ окуя болгон жерде иштеп жатышат. Милициядан кабардашкандай, аталган факты боюнча ишти облустук прокуратура өзү иликтөөгө алууда.

Башкы прокуратура областтык прокурордун орун басары өз өмүрүнө өзү кол салган деп жатат. Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Жаркынай Азиева учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын жана анын тыянагы чыккандан кийин гана толук маалымат берилерин билдирди:

"Биз болгону тастыктай алабыз. Бирок текшерүү жүрүп жатат. Азырынча толук айта албайбыз".

Төрө Кожошев асынып жанын кыйганын Медресе айылындагы Алиханов көчөсүнүн башчысы да тастыктады. Ал окуядан кийин маркумдун үйүнө барып, мойнундагы изди көргөнүн айтат.

"Ээгин милициялар келип чечип көрүштү. Мен да алар менен чогуу элем. Жип кыйган экен. Мени милиционерлер чакырышты. Саат ондон өтүп бардым. Милиция асынып алыптыр деп келди",-деди Алиханов көчөсүнүн башчысы Нурали Зулпукаров.

Ошол эле учурда облустук прокурордун өлүмүнүн башка себептери да айтылып жатат. Маркумдун жакын досу анын асынып алганына ишенбейт. Жүрөгү кармап каза болду, буга чейин да жүрөгү ооруп жүргөнүн айтып даттанган учурлар болгон,-дейт.

"Ээгин таңып койгон экен. Бетин ачып көрүп, өөп коштоштум. Мойнун караганым жок. Анткени жаап койгон экен. Анча-мынча табым айныйт деп калчу. Анан көпүрө жактан айдоочусуна кете бер деп, өзү прокуратурага чейин жөө барып, жөө келип турчу экен. Анан намаз үйрөт досум деп, жума намазга барып жаткан",-деди досу Калил Ташиев.

54 жаштагы Төрө Кожошев Кара-Суу районунун Медресе айылында жашап жаткан. Анын артында 5 баласы калды. Кошуналарынын айтымында, учурда анын жансыз денеси табылган үй жабык турат. Ал атасынын үйүндө - Кара-Суунун районунун Таш-Арык айылында 11-сентябрда акыркы сапарга узатылат.