А. Муратов: "Сапатка" Түркиянын мамлекеттик бюджетинен эчтеке корогон эмес

Би-Би-Си билим берүү тармагындагы кыргыз-түрк кызматташтыгын жакшы билген белгилүү педагог, профессор Абдыкерим Муратов

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын "Сапат" билим берүү мекемесинин мүлкүн "Маариф" фондуна өткөрүп алуу жөнүндө билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. Түркиянын элчиси "Сапат" билим берүү мекемелери Түркияда салык төлөгөн адамдар жана түрк мамлекетинин жардамы менен курулганын жүйөө келтирген.

Би-Би-Си билим берүү тармагындагы кыргыз-түрк кызматташтыгын жакшы билген белгилүү педагог, профессор Абдыкерим Муратовко кайрылып, "Сапат" билим берүү мекемелери Кыргызстанда кайсы каражатка кандай шартта түптөлгөн тарыхын сурады?

А. Муратов: 1992-жылы Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин биринчилерден болуп Түркия жардам колун сунуп, мына ошол кызматташтыктын алгачкы жемиши "Себат" билим берүү мекемелери болгон. Бирок, азыркы учурда Түркия тараптын айткандары түшүнүксүз. Түркия мамлекетинин бюджетинен каржыланган дегендей ойду айтып жатат. Түркия мамлекеттин эсебинен эч кандай каржылык жардам берген эмес. Биринчи кезекте бул билим берүү жайлары жеке менчик мектеп катары уюштурулган. Өздөрү айтып жатпайбы "Гүлендин мектептери" деп. Жеке менчик болгондон кийин биринчиден, Гүлендин тарапташтары, тагыраагы "Хизмет" деген кыймылга кирген адамдардын, бизнесмендердин каражатына курулган. Экинчиден, алар Кыргызстандын жерине курган. Имараттар эгемендүү Кыргызстандын мүлктөрү. Балдарын окуткандар кыргызстандык жарандар. Алар окуу акысын төлөйт. Азыркы учурда эки миң долларга чейин акы төлөп балдарын окутушат. Демек, бул жерде Түркиянын мамлекеттик бюджети эч нерсе короткон эмес. Азыр эми "Маариф" фондуна өткөрүп бер дегени акылга сыйгыс. Биздин Баш мыйзамда да башка өлкөлөрдүн мыйзамдарында дагы менчик корголот деп жазылган. Бул чоң чырдын башталышы болуп жатат.

Би-Би-Си: Бул мектептер азыркы учурда дагы бүтүндөй жеке менчикпи? Кыргыз өкмөтүнүн үлүшү канча?

А.Муратов: Кыргыз өкмөтүнүн үлүшү - имараттар. Имараттар кыргыз өкмөтүнө караштуу. Айталы, Нарындагы мектеп шаардык мэрияга же облустук администрацияга баш ийет. Ошолор кандайдыр бир деңгээлде имарат менен камсыздандырууга милдеттендирилген. Ал эми курулуштарды негизинен түрк ишкерлери курган. Окутуу каржылык маселелери: жатакана, тамак-ашы, окуу куралдарын окуган балдардын ата-энелери, демөөрчүлөр төлөп жатышат.

Би-Би-Си: Мындай окуу жайлар бир эле Кыргызстан эмес, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө иш жүргүзөт. Ал өлкөлөрдө бул маселе кандай болуп жатат? Түркия Кыргызстанга койгондой талаптарды койдубу?

А. Муратов: Түрк бийлиги кол жеткен жердин баарына ушундай талаптарды коюп жатат. Бирок, ошол эле Африканын Того деген өлкөсүндө же Украинада "Гүлендин мектептери" террордук ишмердүүлүк жүргүзүп жатабы? Далилденбей жатат, далилденген болсо жөнү башка эле. Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган эмнеден коркуп жатат? Дүйнөнүн кырктай жеринде ушундай түрк мектептери ачылып калган. Кыргыз-түрк дегендей эле мектептер. Ошол мектептерде түрк желеги илинип турат. Ошол желектер жерге түшүп калбасын деп, түрк идеологиясы ошол жерде калсын үчүн "Маариф" мектептери менен алмаштыргысы келип жатат деп ойлойм. Бирок, мунун чечилиши Кыргызстанда да, башка өлкөлөрдө дагы оор кырдаалда турат. Мына ушундан Монголияда чыр чыккан. Монголия өздөрүнүн лицейлеринде иштеп жүргөн түрк жарандарын берген эмес. Жөнөкөй эле айылда окуучулар окубай калган мектепти жаап салыш кандай кыйын. Анан бул жерде Кыргызстандагы чоң кадыр-барк алган мектептерди жаап салыш, жапканда дагы жөн эле жаап салбай башкага өткөрүп бериш, бул чоң проблеманы жаратышы мүмкүн. Менин түшүнүгүмдө ушундай кырдаалдын алдында турабыз.

Би-Би-Си: Түрк президентинин Бишкекке сапарынан кийин бул талаштуу маселенин соңу эмне менен бүтөт деген суроо жаралып турат. Түрк тараптын талаптарын аткаруудан баш тартууга кыргыз бийлигинин эрки жетеби? Сиздин пикир кандай?

А.Муратов: Азыркы кырдаалда кыргыз бийлиги да ортодо чайналып калды деп түшүнүп жатам. Макул дейли, "Сапаттын" мүлкүн "Маарифге" өткөрүп берели деди. Ошондо ата-энелер балдарынын ошол жакта окушуна макулдук береби. Экинчи маселе, эртең мүлк талаш болуп, бизди эл аралык сотторго берсе ортодогу чыгымдарды ким төлөйт? Ушул сыяктуу маселелер чыгышы мүмкүн. (AbA)