Робин Орд Смит: Британия эми көчмөндөр оюндарынын картасына кирди

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Британия эми көчмөндөр оюндарынын картасына кирди

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги Кырчын жайлоосунда өздөрү ак өргөө тигип, шотландиялык аскер музыканттарынын, шотландиялык балбандардын өнөрүн көрсөттү. Би-Би-Си редактору Гүлнара Касмамбетова Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд Смиттен көчмөндөр оюндарына Британиянын кандай кызыгуусу болгонун сурады.

Гүлнара Касмамбетова: Элчи мырза, Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында сизге кайрадан жолукканыма куштармын. Бул оюндарга карата сиздер атайын боз үй тиккен экенсиздер. Бул боз үйдө британ элчилиги элге эмне тартуулап жатат?

Робин Орд Смит: Тилекке каршы, биринчи жана экинчи көчмөндөр оюндарына катыша албай калдык. Бириккен королдук Кыргызстандын шериги болгондуктан, бул эң сонун окуя учурунда ага колдоо көрсөтүп турушу керек. Биз муну эки жол менен ишке ашырдык. Биринчиден, сиз айтып жаткан боз үйдү тигип, элди британ элчилигинин Кыргыз Республикасында жүргүзгөн иши менен тааныштырдык. Андан сырткары, Шотландиянын 19-аскер бөлүгүнүн үйлөмө аспап жана добулбас черткен музыканттарын, шотландиялык тоолуктардын оюндарын көрсөткөн атлеттерди алып келдик. Көчмөндөр оюндарына Британиянын өкүлдөрү катары лорддор палатасынан Баронесса Вивьен Стерн айымды жана анын жолдошу, Лондон университетинин эмгек сиңирген профессору Эндрю Койлду чакырдык. Албетте, мындан да көбүрөөк салым кошкубуз келди. Бирок, колдон келишинче аракет кылып, Британия эми көчмөндөр оюндарынын картасына кирип калды.

Гүлнара Касмамбетова: Бул жолу Британия алгылыктуу аракет жасап, жакшы даярдыктарды көрүп, баронесса да келген экен. Мурунку көчмөндөр оюндарында жолукканда, сизден ат чаптырып же комуз черткенди билесизби деп сураган элем. Үйрөндүңүзбү?

Робин Орд Смит: (Күлүп айтат) Аттиң, атты укмуш чаптырып калдым деп айткым келээр эле, бирок андай болгон жок.

Гүлнара Касмамбетова: Кыргызстандыктар ар дайым кара көз айнек тагынган Бонд жөнүндө тасмаларды жактырат. Сиз элчи болгондуктан, Бондко окшоп көз айнек тагынып, британдык брендди жайылтайын дедиңизби?

Робин Орд Смит: (Жылмайып) Атайын кылган жокмун. Күн абдан жарык тийип турат. Кыргызстан күнөстүү өлкө эмеспи.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Алыскы Шотландиядан келген тоолуктардын өнөрү

Гүлнара Касмамбетова: Устун менен таштан чегилген топту түрткөн шотландиялык балбандарды эмне себептен көчмөндөр оюндарына катыштыралы деп чечтиңиздер?

Робин Орд Смит: Британияны оюндарга кайсы өңүттөн катыштырсак деп ойлондук. Көчмөндөр оюндарында илгертеден бери кишинин жөндөмү, күчү сыналат эмеспи. Шотландияда дагы 7-8 кылымдан бери тоолуктардын оюндары өткөрүлүп келген. Кыргызстанда да, Шотландияда дагы эл урууларга бөлүнөт. Ушул окшоштуктардан улам, биз шотландиялык балбандарды жана үйлөмө аспап өнөрпоздорун жана шотландиялык баронесса менен профессорду чакырып келдик. Анын үстүнө, мен өзүм Бириккен королдуктун элчиси болгондуктан, мен Англиянын, Уэльстин, Түндүк Ирландиянын жана, албетте, Шотландиянын дагы өкүлү болом.

Гүлнара Касмамбетова: Элчи мырза, эки көчмөндөр оюндарынын ортосунда Кыргызстандын абалы кандай өзгөрдү?

Робин Орд Смит: Көптөгөн тармак өнүккөнүн көрсө болот. Жөнөкөй мисалды алсак, эки жыл мурун эсиңизде болсо керек, көл тарапка өтүү абдан кыйын эмес беле. Чолпон-Ата жолу курулуп бүтө элек болчу. Эми дээрлик бүтөйүн деп калыптыр. Кырчын жайлоосуна келчү жол да таатаал болчу. Эми келген-кеткен эки тарапка тең жол салыныптыр. Жалпы өлкө боюнча да жылыш болду. Саясий өңүттү алсак, былтыр элдин тандоосу ишке ашып, эркин, калыс шайлоо болуп өтүп, кеңири чөлкөмдө Кыргызстандын демократиялык өлкө катары аброю бекемделди. Биздин элчилик дагы мамилебизди кеңейтүү, тереңдетүү жаатында бир топ иш жасадык. Өткөн жылы бир катар спорттук, маданий, саясий иш чараларды өткөрүп, эки өлкөнүн дипломатиялык алакасынын 25 жылдыгын белгиледик.

Гүлнара Касмамбетова: Британия көчмөндөр оюндарына жаңыдан эле катыша баштаган чакта, Кыргызстан эмки оюндарды өткөрүү кезегин Түркияга өткөрүп берди. Ичиңиз ачышкан жокпу?

Робин Орд Смит: Эмки көчмөндөр оюндары Түркияда, андан кийинкиси кайсы өлкөдө болбосун, ага катышууга Британияга эми эч нерсе тоскоол болбойт. Мурунку эки оюнду, бул жолку оюндарды уюштурган Кыргызстандын эбегейсиз эмгегин баары көрүп турат. Кыргызстан көчмөндөр оюндарын келечекте дагы деле өткөрөт деген үмүттөмүн. Ошондо, мен өзүм ал кезде элчи болбосом да көчмөндөр оюндарына дагы келем го деген кыялым бар.

Гүлнара Касмамбетова: Балким, ошондо сиз ат чабышка же көкбөрүгө түшүп, же комуз черткенди үйрөнөөрсүз?

Робин Орд Смит: (Күлүп) Аябай аракеттенем.