Башкырлар кыргыздарга окшош жактарын көчмөндөр оюндарында көрдү

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Башкыртыстан спортчуларын гана катыштырбастан, кол өнөрчүлүгүн, маданиятын, каада-салтын көргөздү.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Башкырлар кыргыздарга окшош жактарын көчмөндөр оюндарында көрдү

Башкыртыстандын улуттук музейинин директору Марат Зулкарнаев Кырчын жайлоосунда тигилген боз үйүндө Би-Би-Си редактору Гүлнара Касмамбетовага башкырлардын кол өнөрчүлүгү, каада-салты тууралуу айтып берди.

Марат Зулкарнаев: Башкыртыстандын улуттук музейинин директорумун. Биз көчмөндөр оюндарына катышып, ушул боз үйдү тиктик. Кош келиңиздер. Башкыртыстан Республикасынын улуттук музейи Кырчынга башкыр боз үйүн тигип, көргөзмө уюштурду. Анда башкыр элинин тарыхы, каада-салты, маданияты, этнографиясы жөнүндө маалымат бар. Мисалы, башкыр аялдарынын улуттук кийими, мончок-шурусу, жасалгасы чагылдырган сүрөттөр бар. Мына бул сүрөттө - бай, бардар аялды көрүп турабыз. Ал коомдо мартабалуу, кадыр-барктуу болуп, өзгөчө орун ээлеген. Анын үстүндөгү буюм-тайымдар, жасалгасы жети килограммга чейин таза күмүштөн жасалган.

Башка түрк элдериндей эле, башкырлар да жылкы кармап, жарым көчмөн жашоо образын алып жүргөн. Атка жакын болуп, үйүр-үйүр жылкы кармап, кымыз ичкен. Чоң аймакка ээлик кылып, мүлкүн укум-тукумга мураска калтырган. Башкырлар 19-кылымда эле токой чарбасы менен алектенип, жер иштеткен. Бал - биздин элдин бренди десек болот. Азыркы күнгө чейин башкырлар бак-даракта бал челек кармайт.

Биз дагы кыргызстардай эле аң уулап, бүркүт салып келгенбиз. Кыргыз жигиттеринин ат үстүндө бүркүт салганын көрүп, абдан кубандык. Мындан улам, бир-бирибизге жакын эл экенибизди аңдасак болот.

Бул биздин эки түрдүү боз үйүбүз. Булар монгол жана түрк боз үйлөрү. Тилекке каршы мындай боз үйлөрдү азыр музейден гана көрүүгө болот. Анткени башкырлар 18-кылымдан тартып жыгач үйлөрдө жашай баштаган.

Бул башкыр элинин 17-18-кылымдагы улуттук кийими. Биздин адистер аны реконструкциялап, тигип чыккан. Мындай кийим-кече тарыхый тасма тартууда колдонулат.

Түрк элдериндей эле башкыр калкынын боз үйү да үчкө бөлүнөт. Солдо - эркектер, оң тарапта - аялдар олтурат. Төргө - буюм-тайымдар коюлат.

Эми, башкыр аялынын кийимин көрсөтө кетейин. Бул макеттеги жасалганы - так өзүндөй кылып 3D принтери менен чыгардык. Кийим - маржан, бермет, таза күмүш менен кооздолгон.

Бул көргөзмөгө кол өнөрчүлөрүбүз токуган килем, туш кийиз да коюлду.

Жалпысынан айтканда, башкырлардын чарбачылыгы, маданияты, ишеними жалпы түрк элдерине окшош.

Тектеш темалар