А. Акибаев: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын идеясынын автору менмин

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
Image caption III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда негизделген эң ири долбоорлордун бири болуп калды. Оюндун популярдуулугу жогорулаган сайын Көчмөндөр оюндарын өткөрүү жөнүндө алгачкы идея кимге таандык деген суроонун айланасында коомдук сайттарда талаш талкуулар дүрт этти. Би-Би-Си алгачкы көчмөндөр оюндарын уюштурган демилгелүү топтун башчыларынын бири, Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Асхат Акибаевди кепке тартып, талаштуу суроону тактап, башын ачып берүүнү суранды.

А. Акибаев: Бул идеянын автору менмин. Максат Чакиевди долбоорго маркетолог катары чакыргам. Ал эми Адахан Мадумаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары болуп турганда өз колдоосун көрсөттү. Долбоор Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мамлекет тарабынан сунушталган.

Көчмөндөр оюндарын чоң деңгээлге чыгаруу үчүн Кыргызстандын бүт күчтөрү биригиши керек болчу. Эгер мамлекет башчы саммитте маселени сунуштабаса, өкмөт, коомчулук олуттуу иш алып барбаса Көчмөндөр оюндарын азыркыдай деңгээлге алып чыгуу мүмкүн эмес болчу. Бул бир гана кишинин эмгеги эмес. Долбоор ийгиликтүү ишке ашкандан кийин коңшу мамлекеттер дагы кызыкчылык артаарын билгенбиз. Учурда идеянын автору менмин дегендер чыгып жатат. Эгер чындап мен авторумун дегендер болсо, мыйзамдуу түрдө каттаткан документин алып келсин. Анда ал кишиге "Кыргыз эл баатыры" деген наам ыйгарыш керек.

Би-Би-Си: Кийин талаш-тартыш маселеси жаралбашы үчүн Көчмөндөр оюндары Кыргызстандын атынан эл аралык деңгээлде каттоодон өттү беле?

А. Акибаев: Көчмөндөрдүн атрибуттары жана башка символикалык белгилери, аны бардыгы катталган. Авторлукту Кыргызстандан эч ким талаша албайт. Патентти 2011-жылы алганбыз. Анда Көчмөндөр оюндары долбоор катары сунушталып жатканы тууралуу көптөрдүн маалыматы жок эле.

Би-Би-Си: Дагы бир тактап кетчү маселе, оюндардын эрежелери так аныкталды беле? Маселен, ошол эле көк бөрү Кыргызстанда башка эреже менен ойнолсо, коңшу Казакстан мамлекети өзүнүн эрежеси менен ойноп жатат. Оюн башка мамлекетке өткөндө алар эрежелерди өздөрүнө ылайыктуу кылып өзгөртүп албайбы деген маселе жаралат да.

А. Акибаев: Оюндардын эрежелери, жоболору бардыгы такталган. Мына ушул форматты бузуп албайлы деп бул жолу өткөн оюндарда спорттук, маданий иш- чаралардын түрлөрүн киргизип, кийинки оюн өтчү мамлекетке өткөрүп берип жатабыз. Ошондой эле долбоорду жөн эле өткөрүп берип койбостон, уюштуруу иштерине өзүбүз жардам берип, катышабыз.

Image caption АКШнын көк бөрү командасы

Би-Би-Си: IV Көчмөндөр оюндары Түркия мамлекетинде өтө турган болбодубу. Андан соң эстафета болуп башка өлкөлөргө дагы өтө баштайт да. Мына ушунун негизинде Кыргызстан өзүнүн брендин жоготуп албайбы? Маселен, ошол эле Олимпиада оюндары Грецияда башталып, көп жылдар бою өзү гана өткөрүп келбедиби.

А. Акибаев: Эгер туризм жагынан алып карасак, бизге чоң масштабдагы мындай иш-чара керек. Бирок учурда эл аралык кызыкчылык дагы чоң болуп жатат. Түркия эле эмес, кийинки оюндарды өткөрүү үчүн башка мамлекеттер дагы өз каалоосун билдирип жатат.

Image caption Көчмөндөрдүн кол өнөрчүлүгү

Би-Би-Си: Оюн Кыргызстанда үч жолу өттү, үч оюнда тең катышуучу мамлекеттердин өкүлдөрү ар кандай кийинип чыгышты. Маселен, ошол эле Олимпиада оюндарында ар бир мамлекет атайын өздөрүнүн окшош формаларын кийип чыгат го. Көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө экипировка жагы каралган эмеспи?

А. Акибаев: Сунушубуз боюнча ар бир өлкө өздөрүнүн улуттук кийимдери менен катышышы керек болчу. Буйруса кийинки оюндарда форма маселесине дагы көбүрөөк басым жасалат.

Тектеш темалар