"Көмүскөдөгү кеңешчи" агынан жарылганда

Сүрөттүн автордук укугу Ulan Asanaliev
Image caption Максим Бакиевдин жакын шериги болуп жургөн ишкер Евгений Гуревич

Бакиевдердин өлкөдөн алып чыгып кеткен миллиондору боюнча айтылуу Максим Бакиевдин жакын шериги болуп жургөн ишкер Евгений Гуревичтин айткандары парламентте тийиштүү мекемелердин тикелей жетекчилери менен жыйында каралат.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети баш прокурор Өткүрбек Жамшитов өзү келбей, орун басарын жибергени үчүн бул маселени кароо кийинкиге калды.

"Бул абдан резонанстуу маселе. Евгений Гуревич айтып аткан 200-300 миллион доллар бул биздин бюджеттин дээрлик 10% болуп атат. Ал акчаларды алып чыгып кетүү схемаларын, булагын, ал каражаттар кайда жайгашкан баарын билет. Бул жалпы улуттук кызыкчылыктагы, мамлекеттик маселе болгондуктан бул маселеде баш прокурордун өзүн угушубуз керек, ага тапшырма беребиз",- деди "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев.

Маселе добуш берүүгө коюлуп, комитет мүчөлөрү сунушту колдоп, Бакиевдердин маселеси баш прокурор эле эмес, Тышкы иштер министрлигинин, Каржы полициясынын тикелей жетекчилери менен кийин каралмай болду. Бирок күнү так белгиленген жок.

Гуревич агынан жарылганда

Буга чейин экс-президенттин уулу Максим Бакиевдин кезинде анын ишенимдүү адамдарынын бири болуп жүргөн Евгений Гуревич «Азаттык» үналгысына интервью берип жатып, Кыргызстандан чыгарылып кеткен каражатты кайтарууга жардам берүүгө даяр экенин билдирген.

Кабарчы: Сиз Кыргызстандан акча чыгарылып кеткени талашсыз дедиңиз. Сиздин баамыңызда, болжол менен болсо да, Максим Бакиев тарабынан, же анын кишилери, же Бакиевдер кланы тарабынан канча каражат чыгарылган?

Евгений Гуревич: 200-300 миллион (доллар).

Кабарчы: Сизде мунун болжолдуу далилдери бар да?

Евгений Гуревич: Менде так далилдер бар.

Ошондой эле ал учурда Бакиевдер менен эч кандай байланышы жоктугун айтты.

Кыргызстандан чыгарылган акчалай каражаттардын изи сууп кетти деп жоромолдогон Евгений Гуревич аны кайруу үчүн кыргыз бийлиги буга чейин чара көрүшү керек болчу экенин белгилеген.

Сүрөттүн автордук укугу RFE-RL
Image caption Евгений Гуревич Максим Бакиевдин финансы боюнча кезинде башкы акылчысы болгон

Апрель ыңкылабынан бери сегиз жыл өтүп, өлкөдө бир эмес, үч президент алмашса дагы экс-президент Курманбек Бакиевдин өзү, санаалаштарын экстрадициялоо маселеси эмдигиче чечилбей, алар кымырып кетти делген акчалардын дайыны чыкпай келет.

Айрымдар буга кыргыз бийлигинин эрки жетпей жатат дешсе, айрымдар улам-улам өкмөт алмашып, ырааты жок иш алып баруу иштин өтөөсүнө чыгууну мүмкүн кылбай атат дешет.

Үч фактор

Япониядагы Кобе университетинин бүтүрүүчүсү, саясий илимдеринин магистри Даниэль Кадырбеков качкын кыргыз президенттерин жана алардын санаалаштарын экстрадициялап, уурдалган акчаларды кайтарууга мүмкүн болбой жатканына үч себепти белгилейт:

"Биринчиден, алар качкан мамлекеттер: Россия, Беларусь авторитардык өлкөлөр. Ал жакта мыйзам үстөмдүгү жок. Бир адамдын чечими менен иш бүтүп, мыйзам сакталбайт. Экинчи фактор - бул биздин сот системасынын чабалдыгында. Бизде да мыйзамдын үстөмдүгү жок болгондуктан жогоруда биз белгилеген эмес, башка мамлекеттерден болсун экстрадициялоо боюнча арыздансак бизге ишенбейт. Себеби биздин мамлекетте арбитралдык саясий оппоненттерди камап, өч алуу үчүн сот институтун колдонгон учурлар болгон.

Үчүнчү фактор- бул сот жана прокуратура системасындагы адамдардын компетенттүүлүгүнүн жоктугу. Жөнөкөй эле маселе, ошо экстрадициялоо тууралуу кайрылууну туура форма менен жолдоп, иликтөө жүргузүп, далил базасын топтоп, коллегаларына жөнөтүп жумушту алып барууга деңгээли жете турган адамдар жок деп айтсам болот", - деди саясий талдоочу Даниэль Кадырбеков.

"Көмүскөдөгү кеңешчи"

Максим Бакиевдин финансы боюнча кезинде башкы акылчысы болгон Евгений Гуревич Кыргызстандан алынып чыккан каражаттарды кайра кайтарууга көмөктөшүү ниетин биринчи жолу билдирип жаткан жери жок.

2016-жылы ал Bloomberg басылмасына интервью берип, анда дагы бул ниетин айтканы бар.

Ал интервьюда Гуревич Бакиевдердин айрым коррупциялык схемаларын ачыктаган да болчу. Ошондой эле ошол эле маекте Гуревич "Көмүскөдөгү кеңешчи" (Теневой консультант) аттуу китеп жазып атканы белгилүү болгон.

Эми Бакиевдер, коррупция, Кыргызстанга казынадан алынган каражатты кайтаруу темасынын ал тарабынан кайра көтөрүлүшү айрым жоромолдорго жем берүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Экс-президенттин уулу Максим Бакиев азыр Лондондо экени айтылат

"Гуревич бир китеп чыгарып жатпайбы. Балким, ошол үчүн ага publicity же пиар кампания керек болуп жаткандыр. Пиар үчүн мындай сот, коррупцияга байланыштуу иштерде first-hand experience деген нерсе, өзү кташып көргөн, ал тургай сот процесстери менен көрсөтмө берип жаткан болсо, бул коомдо чоң сөз болот да. Ал кишинин китептери сатылганына, аты чыкканына. Же болбосо Гуревич жөн эле сегиз жылдан кийин өзүнүн күнөөсүн сезип, Кыргызстанга жардам берейин дегендир. Бирок эми аны айтыш кыйын", - деди Даниэль Кадырбеков.

Быйыл Британияда "Криминалдык финансылар тууралуу" мыйзам күчүнө кирип, ага ылайык күч органдары 50 миң фунт стерлингден ашык акчага турган жана финансылык булагы шек жараткан кыймылсыз мүлктөрдү тартып алуу укугуна ээ болушту.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети бүгүнкү жыйында Максим Бакиевге тийиштүү делген Лондондогу кымбат баалуу хан-сарайын текшерүү боюнча ТИМ менен Каржы полициясына берилген тапшырма боюнча да жооп келе электигин белгиледи.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар