Көчмөндөр оюндары кыргызга жарашып, кыргыздын духун даңазалады

Бириккен Королдуктун лорддор палатасынын көз карандысыз мүчөсү Баронесса Вивьен Стерн Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандагы Улуу Британия элчилигинин чакыруусу менен келип, конок катары катышып кетти.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Баронесса Вивьен Стерн: Кыргызстан - Борбор Азиянын бермети

Гүлнара Касмамбетова: Баронесса, Кыргызстанга биринчи жолу келдиңизби?

Баронесса Вивьен Стерн: Жок, биринчи жолу келишим эмес. Багым бар экен, бул кооз өлкөдө кеминде 12 жолу болгом. Адеп бул жерге 25 жыл илгери, өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн үч жылдыгына келгем. Мен бул көрктүү өлкөгө такай саякаттап жүрдүм.

Гүлнара Касмамбетова: Баронесса, Кыргызстанга ушунча суктанып, келип жүргөнүңүзгө абдан кубанычтамын. Сизди бул өлкөдө эмне кызыктырат?

Баронесса Вивьен Стерн: Себептеринин тизмеси узун. Кыргыз эли эң меймандос, кызыктуу баарлашкан, үй бүлөө баалуулуктарын бекем туткан, сүйкүмдүү эл. Анан дагы албетте, өлкөнүн кооздугу. Көчмөндөр оюндары кандай кооз жерде өтүп жатат! Дүйнө элдери бул жер канчалык кооз, жагымдуу экенин көрүп кетиши керек.

Гүлнара Касмамбетова: Ушунча жылдан бери Кыргызстанда көптөгөн дос күтсөңүз керек?

Баронесса Вивьен Стерн: Бир топ кишилер менен дос болгонума сыймыктанам. Алардын баары, жылуу маанайдагы, сүйкүмдүү адамдар.

Гүлнара Касмамбетова: Кыргызстанда ишкер пландарыңыз дагы барбы?

Баронесса Вивьен Стерн: Көп жагынан алганда, Кыргызстан - Борбор Азиянын бермети. Коомчулугу, саясаты, жарандык коомго жасаган мамилеси ар тараптуу. Балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берген уюмдары жакшы иш жүргүзүп келет. Ушул иштердин баары кыргыз элинин мүнөзүнө төп келет. Коомун жакшырткысы келген мындай өлкөгө келүү абдан жагымдуу.

Гүлнара Касмамбетова: Сиз Кыргызстанга байма-бай келип турат экенсиз, ушул убакытта Кыргызстан кандай өзгөрдү?

Баронесса Вивьен Стерн: Советтер союзунун бир бөлүгү болуп келген Кыргызстанда чоң өзгөрүүлөр болду. Ал өз алдынча болуп, өз багытына түштү. Айрым жерлерде көздүн жоосун алган кооз жерлерде имараттарды куруп салганы менен, өлкө кооз табиятын сактап калууга умтулат. Кыргызстан экономикасын көтөрүүгө аракет кылып, ошол эле учурда табиятты коргоп, тең салмактуулукту сактоого умтулган өлкө деп түшүнөм. Бул оңой иш эмес.

Гүлнара Касмамбетова: Кыргыздар социалисттик түзүмдөн түз эле капитализмге өтүп кетти. Бул кыргыз элинин мүнөзүнө кандай таасир этти деп ойлойсуз?

Баронесса Вивьен Стерн: Советтик түзүмдөн капитализмге өткөн элдер өзгөрүүгө дуушар болгонунда шек жок. Айрым учурларда өзгөрүүлөрдүн пайдасы элге эмес, жогору жактагыларга тийсе керек. Мындай нерсе коомду акыйкатсыздыкка алып барат, андан кутулуу да оңой эмес. Демек, капитализмдин пайдасы бир ууч кишиге эле эмес, жалпы элге да тийиши зарыл.

Гүлнара Касмамбетова: Сиздин оюңузча, өлкөнүн аброюн көтөрүп, миллиондогон турист алып келген көчмөндөр оюндарын Кыргызстан өзүндө эле калтырганы жакшы беле же башка өлкөгө өткөрүп бергени дурус болдубу?

Баронесса Вивьен Стерн: Бул абдан татаал суроо. Бир жагынан, көчмөндөр оюндары кыргызга жарашып, кыргыздын духун даңазалап турат. Бирок, биз кеңири дүйнөнүн алкагында жашайбыз. Демек, башка мамлекеттерди дагы көчмөндөр оюндарына тартуу зарыл. Ачылыш аземинде бул укмуштуудай айкын болбодубу. 52 өлкө, мамлекет башчылары келди. Бул тек гана кыргыз окуясы болбостон, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, дүйнө өлкөлөрү дагы келип катышып, элдер ынтымак жана достук маанайына бөлөндү. Демек, оюндарды башка өлкөдө өткөрүү идеясы жаман болбосо керек.

Тема боюнча башка макалалар