Байыркы тамырын издеп келген мажарлар

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Венгрия өлкөсү активдүү катышты. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан дагы оюндардын салтанаттуу ачылышына келди.

Kөчмөндөр оюндарына Венгриядан келген Салу Ёджав Би-Би-Си редактору Гүлнара Касмамбетова менен интервьюсунда өзүн көчмөн элдин урпагы санап, байыркы бабалардын тамырын издеп келдик деп айтып берди.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Байыркы тамырын издеп келген мажарлар

Гүлнара Касмамбетова: Өзүңүздү тааныштырып койсоңуз.

Салу Ёджав: Менин атым Салу Ёджав. Венгриянын "Туран" коомунун өкүлү болом.

Гүлнара Касмамбетова: Делегацияңарда канча киши бар?

Салу Ёджав: 32 киши.

Гүлнара Касмамбетова: Кыргызстанга келип, байыркы көчмөн тамырыңарды сезип жатасыздарбы?

Салу Ёджав: Албетте. Биздин жүрөк Кыргызстандагы жана башка түрк мамлекеттериндеги көчмөн бир туугандарыбыз менен бирге согот.

Гүлнара Касмамбетова: Жүрөгүңүз бирге соккон жерде сизде кандай сезимдер пайда болду?

Салу Ёджав: Бир туугандарымды сүйүү сезими. Албетте, байыркы тамырыбызды сезип турабыз. Себеби венгриялыктар ушул чөлкөмдөн тарап, батышка чейин жеткен.

Гүлнара Касмамбетова: XXI кылымда венгриялыктар байыркы көчмөн мүнөзүн сактап калганбы?

Салу Ёджав: Венгриядагы "Туран" коомунун ар бир мүчөсү V-X кылымдардагы гундар - байыркы венгрлердин салттарын, жөрөлгөлөрүн, кийимдерин калыбына келтирип, ошол кездеги баалуулуктарды сактап жашоого аракет кылат. Биз бир тууган өлкөлөрдүн жарандарын ага-ини, эже-сиңди катары карап, курултай өткөрүп турабыз.

Гүлнара Касмамбетова: Байыркы венгр бир туугандарыбыз көчмөндөр оюндарында эмне өнөрүн көрсөткөнү келди?

Салу Ёджав: Венгрияда кастарлаган жаа атуу жана ат үстүндө жаа атуу өнөрүн көрсөтөбүз. Жеңебиз деген үмүттөбүз. Ошондой эле, эр эңишке жана күрөшкө да түшөбүз.

Гүлнара Касмамбетова: Венгрияда көчмөндөр оюндарын өткөрөсүңөрбү?

Салу Ёджев: Ар эки жыл сайын курултай өткөрүп турабыз. Аны Европанын көчмөндөр оюндары десек болот. Андан сырткары, ар аптада машыгып, чакан мелдештерди байма-бай өткөрүп турабыз. Курултайлардын аралыгында ата-бабаларды урматтап, эскерген салтыбыз бар.

Гүлнара Касмамбетова: Арча түтөтөсүңөрбү?

Салу Ёджев: Бизде арча өспөйт. Биз чоң от жагабыз.

Гүлнара Касмамбетова: Кыргызстанда жүргөн убактыңар көңүлдүү болдубу?

Салу Ёджев: Албетте, абдан көңүлдүү жүрүп, кыргыз бир туугандарыбыздын меймандостугуна куштар болдук.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар