"Белизгейт": Жашыруун сырдын пардасы ачыларына аз калдыбы?

Жолдубаева Белиз мамлекети кайтарган жоопту ачыктаган эмес Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Жолдубаева Белиз мамлекети кайтарган жоопту айтпай жашырып койгону эми ачыкка чыгууда

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте түзүлгөн комиссия "Белизгейт" документтеринен жашыруун сыр деген грифти алып салуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бүл жөнүндө УКМКнын басма сөз кызматы Би-Би-Сиге билдирди.

Басма сөз кызматы берген маалыматка караганда, комиссиянын ишинин жыйынтыгы Башкы прокуратурага жиберилет.

"Ата Мекен" фракциясы "Белизейт маселесин жабык жыйында карап, андан кийин фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов УКМК эки аптанын ичинде аталган документтерден жашыруун деген грифти алат деп билдирген.

Кеп «Ата Мекен» фракциясындагы үч депутаттын «Мегаком» компаниясынын акцияларын сатуу максатында тымызын коррупцияга аралашканы жөнүндө Белиз өлкөсүнөн келди деп 2016-жылы УКМК жарыялаган документтер жөнүндө болуп жатат.

Белиз өлкөсүнөн эч кандай документ келген жок деген УКМКнын билдирүүсүнөн кийин «Белизгейт» жаңжалы жаңы өңүттө жанданды. Бул жолу бутага УКМКнын мурдакы төрагасы Абдил Сегизбаевдин өзү алынчудай болуп турат.

«Жыйынтыктап алганда ошол кездеги УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев президентке жана парламентке жасалма документти көрсөткөн. Сөздүн ток этер жери ушундайда, туурабы? Эгер ыкчам документ болсо силердин каттоодо болушу керек эле да. Демек, Сегизбаев элдин башын айланткан»,- деди «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов фракция жыйынында.

Келмек-кезек

Абдил Сегизбаев өз кезегинде «Азаттык» үналгысына дайыны жок делип жаткан Белизден келген документтер тууралуу түшүндүрмө берген. Ал баарын төгүндөп, ошол учурдагы жасалган иштерде кынтык болгон эмес деп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Абдил Сегизбаев 2018-жылдын 7-апрелинде өз каалоосу менен УКМКнын жетекчилигинен кеткен

««Мегаком» боюнча коррупциялык схемалар 2010-жылдан бери болгону ачыкка чыккан. Бул документтер коррупциялык схемалар орун алганын тастыктаган элемент катары кабыл алынган. Ал тууралуу мурдагы президентке кирип, ыкчам текшерүү жүргүзүүнү сунуштагам. УКМКда кат бар. Текшерип бергиле деп расмий түрдө биз аны Башкы прокуратурага жөнөткөнбүз. Документтерде айтылган маалыматтарды тактоого бир нече жолу аракет жасадык. Бирок тилекке каршы Белизден так жооп алыш кыйын экен. Жооп ала алган жокпуз. Ошол эле учурда кыйыр тастыктама деп коебуз, ошону алганга аракет кылдык. Биз Белизден түздөн-түз жооп ала алган жокпуз», - деген Сегизбаев.

«Белизгейт» жаңжалы 2016-жылы башталган эле. Ошол кездеги УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев «Ата Мекен» фракциясынын үч депутаты Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова «Альфа Телекомдун» 50 пайыз акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын билдирген.

«Ата Мекен» фракциясы «Белизгейт» жаңжалы атайын уюштурулган саясий чагым болгонун айтып, ага тиешеси барларды жоопко тартууну жана Белизге расмий түрдө кайрылуу жөнөтүүнү талап кылып келүүдө.

Кезинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы Белиз өлкөсүнөн келген документтер жасалма болуп чыкса, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев жооп берерин эскерткен эле.

Өмүрбек Абдрахманов Белиздеги офшордук компаниядан келди деп УКМК тараткан документтер жасалма экендигин буга чейин эле айтып чыккан саясатчылардын бири. Ал «Ата Мекен» партиясынын лидери, мурдагы партиялашы Өмүрбек Текебаев менен мамилеси начар болсо дагы, «Белизгейт» маселесинде аны колдой тургандыгын айтат.

«Мен азыр дагы ошондой эле пикирдемин. «Белизгейт» маселеси биздин атайын кызматтардын ойлоп тапкан оюну. Башкаруу системасында реформа болмоюнча укук коргоо, күч органдары улам жаңы келген бийликтин сөзүн сүйлөй берет. «Белизгейт» чатагы ошондой маселелердин бири»,- деди мурдагы депутат.

«Белизгейт» жаңжалы Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин ортосун кара мышык аралаган учурда жаралган. Саясий талдоочу Алишер Мамасалиев бул чырдын күнөөкөрлөрү жоопко тартылмайынча, УКМК жана Башкы прокуратура бийликтин саясий чокмору болуп кызмат кылганын токтотпойт дейт.

«Белизден келди делген документтер, соттошуулар Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин карам-каршылыгынан улам жаралган. УКМК жана Башкы прокуратура мурдагы бийлик учурунда саясий инстурмент катары пайдаланылган. Аталган маселеге күнөөлүү жактарга юридикалык баа берилип, жоопко тартылышы керек» -деди Алишер Мамасалиев.

Бул жерде мурдакы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын дагы жоопкерчилиги каралчудай болууда. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен Жолдубаева баш прокурор кезинде Белизге өтүнүч кат жөнөткөн. Бирок кандай жооп келгени бүгүнкү күнгө чейин белгисиз. Жолдубаева Белиз мамлекети кайтарган жоопту ачыктаган эмес. «Ата Мекен» фракциясы Белиздин расмий жообунун жоголуп кетиши иштин таза эмес экенинин далили деп жатат.

Тектеш темалар