Бир жарым кылым жол баскан Нарындын бүгүнкүсү

Нарын калаасынын учкай тарыхын чагылдырган жаңы китеп да жарыкка чыкты
Image caption Нарын калаасынын учкай тарыхын чагылдырган жаңы китеп да жарыкка чыкты

Кыргызстандагы эң тоолуу аймактын административдик борбору саналган Нарын шаары 150 жылдык мааракесин белгилөөдө.

Кыргызстан орус империясынын курамына киргенден кийин 1868-жылы Нарында алгач аскер горнизону жайгашкан. Акырындап бул жайга турак-үйлөр курулуп олтуруп, шаарга айланды. Эгемендик жылдардан кийин Нарын шаары дагы өлкөнүн башка аймактары сыяктуу эле оор жылдарды жашап өттү. Азыркы абалы кандай? Инфраструктурасын жакшыртуу чаралары көрүлүп жатабы? Шаар дегидей талапка жооп береби? Бул суроо менен Нарын шаарынын мэри Эмил Алымкуловго кайрылдык.

Э. Алымкулов: Шаардын 150 жылдыгын карата ишке ашыра турган иш пландарды түзүп алганбыз. Тургундар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында 17 долбоор иштеп чыкканбыз. Бир жыл убакытта аны тогузу ишке ашып, калганы уланууда. Эң негизгиси буга дейре шаарыбыздын башкы планы болгон эмес. Атайын келишм түзүп, каражаты бөлүнүп, топонимикалык сүрөткө түшүрүү аяктап калды. Бул жалпысынан 9 млн сомдук иш болуп жатат. Буга улай эле шаардагы башкы көйгөй болгон таза суу жана канализация тутумун жаңыртып калыбына келитрүү зарыл эле. Өкмөттүн колдоосу менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) аркылуу 5.2 млн еврого реконструкция иштери жүрүп жатат. Ушул эле долбоордун экинчи траншына канализация тутумдарын тазалоочу жай курууга кийинки транш келет. Долбоордун жалпы баасы 25 млн еврону түзөт.

Image caption Э. Алымкулов: Нарын областы боюнча бир эле шаар бар. Эң чоң байлыгы - кеменгер эли

Жашылдандыруу жаатында баардык шарты менен интернетин кошо орнотуп 2 паркты ачып 150 жылдык мааракеде ачканы жатабыз. Бул жергиликтүү казынадан каржыланып, 2.8 млн сом сарптадык. Андан сырткары 1.7 млн сомго шаарыбыздын кире беришине "Менин Нарыным" деген жазуусу менен Пудовкин атындагы сейил багын толук оңдоп чыгып муну да ачабыз. Муну менен чектелбей дагы эки сквер курулду. Ошондой эле негизи көчөлөргө 850дөн ашык түнкү шамдарды орноттук. Шаар боюнча баардык аялдамалар заманбап типте жасалып бүттү.

Image caption Э. Алымкулов: Бир келген турист кайра кайрылып келген учурлар абдан көп. Анткени анын кол тийбеген керемет табияты көргөн кишини суктандырып, жипсиз байлап алат.

Би-Би-Си: Нарын географиялык абалы, климаты же дагы ушул сыяктуу өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат эмеспи. Шаардын башкы артыкчылыгы деп чет элдик меймандарга эмнесин айта аласыз?

Э. Алымкулов: Нарын областы боюнча бир эле шаар бар. Эң чоң байлыгы - кеменгер эли. Бир тарабы Кытай Эл республикасы менен экинчи тарабы ажайып көл менен чектешкен тамшангыдай кооз жерлери менен дароо айырмаланат. Бир келген турист кайра кайрылып келген учурлар абдан көп. Анткени анын кол тийбеген керемет табияты көргөн кишини суктандырып, жипсиз байлап алат. Мындан сырткары тоо коюнундагы шаар эми мындан ары билимдин да борборуна айланганы турат. Буга дейре Нарым мамлектик университети иштеп келген болсо учурда Ага-Хан өнүктүрүү борбору тарабынан заманбап, мыкты университет курулуп иштеп жатат. Анда жергиликтүү эле эмес, чет жердик студенттер да билим алып жатканы кубандырат.

Би-Би-Си: Эл аралык алакка абдан маанилүү эмеспи, шаар бул жагына канчалык көңүл буруп жатат.

Э. Алымкулов: Бул жагынан да айтаарлык жылыштар болду. Түркиянын эки шаары менен достук алака түздүк. Бири Кастомону шаары болсо, экинчиси Анкара шаарынын дагы бир району. Алар азыр бизге келип, биргелешип эки долбоорду жүзөгө ашырганы турабыз. Анкара шаарынын дагы биз айтып жаткан районунун шаар жетекчилиги депутаттары менен келип кетишти. Алар шаарыбызга зарыл болгон 250 орундук бала бакча куруп берели деп жатышат. Долбоору даяр болуп, азыр жери такталып атат. Кастомону шаары болсо эки элдин достугун даңазалап, "Алма бак" деп аталган сейил багыбызды толук реконструкциядан өткөргөнү турушат. Буюрса жаз алды менен бул иш башталат.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Оңдо Нарын шаарынын мэри Эмил Алымкулов

Ушундай эле байланышты Орусиянын Челябинск шаары менен да түздүк. Ал жактан былтыр хоккей командасы келип, оюн көрсөтүп жергиликтүү спортчуларды шыктандырып кеткен. Учурда эки машыктыруучусу келип, балдарды хоккей ойноого, муз үчтүндө көркөм бийлөөгө үйрөтүп, тарбиялап жатат. Айтмакчы, шаарыбыздын мааракесине арнап Нарын калаасынын учкай тарыхын чагылдырган жаңы китеп да жарыкка чыкты.